«Сейтек» башталгыч мектеби - Тунгуч

«Сейтек» башталгыч мектеби - Тунгуч "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектеби

- Мектепте 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар билим алат.
- Негизги сабактар (09:00-14:00)
- Кошумча сабактар (14:00-16:30)
- Үч маал тамактануу
- Негизги окуу тили - кыргыз тили
- Кошумча тилдер - орус тили, англис тили, түрк тили
- Мектептин компоненти катары киргизилген сабактар - компьютер, ритмика, сөз өстүрүү, логика, этюд
- Жетишпеген окуучулар менен кошумча иш алып баруу
- Сабактардан кийин 15 ийрим иштейт (таэквондо, карате, шахмат, теннис, стол тенниси, гитара, комуз, бий, хор, кол өнөрчүлүк, көркөм өнөр, оригами, волейбол, футбол)
- Ар бир окуучу 2 ийримге катыша алат.

Урматтуу ата-энелер!13 жылдан бери “Сейтек” алтын уябыз миңдеген окуучулар үчүн экинчи үй болуп, билимдин, тарбиянын жан...
19/03/2025

Урматтуу ата-энелер!

13 жылдан бери “Сейтек” алтын уябыз миңдеген окуучулар үчүн экинчи үй болуп, билимдин, тарбиянын жана асыл баалуулуктардын очогуна айланды. Бул жылдар аралыгында канчалаган уул-кыздарыбызды уядан учурдук. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайларды аяктап ар кайсы тармакта эмгектенип, коомго өз салымын кошуп жатышат. Ал эми лицейлерде окуп жаткан окуучуларыбыз жетишкен ийгиликтери менен бизди кубандырып келишет.

Бул жетишкендиктер сиздердин колдооңуздар, ишенимиңиздер жана биргелешкен эмгегиңиздер болбосо, мүмкүн эмес эле. Биз ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздердин балдарыңыздар биздин сыймыгыбыз болуп, аларга берген тарбиябыз жана билимибиз келечекте да өз жемишин берет деп ишенебиз.

Мектеп Маариф фондуна өткөндүгүнө байланыштуу инстаграмда ишин улантат.

Ийримдеги ийгилик. Бий ийримине катышкан кыздарыбыз Dance.kg бий конкурсуна Испан бийи менен катышып II орунга ээ болушт...
16/03/2025

Ийримдеги ийгилик. Бий ийримине катышкан кыздарыбыз Dance.kg бий конкурсуна Испан бийи менен катышып II орунга ээ болушту.👏🏻Куттууктайбыз. 👏🏻Даярдаган эжесине ыраазычылык билдиребиз✨

Ийримдеги ийгилик. Бий ийримине катышкан кыздарыбыз ._kg бий конкурсуна катышып I орунга ээ болушту. ✨Чоң сахнада биринч...
16/03/2025

Ийримдеги ийгилик. Бий ийримине катышкан кыздарыбыз ._kg бий конкурсуна катышып I орунга ээ болушту. ✨Чоң сахнада биринчиликти багындырыш бул кыздарыбыз жана биз үчүн да ийгилик. Куттууктайбыз. 👏🏻Даярдаган эжесине ыраазычылык билдиребиз✨

Окуучуларыбыз эл аралык Iwise олимпиадасына катышып, АКШда өтө турчу глобалдык туруна жолдомо ала алышты. ✨Окуучуларыбыз...
14/03/2025

Окуучуларыбыз эл аралык Iwise олимпиадасына катышып, АКШда өтө турчу глобалдык туруна жолдомо ала алышты. ✨
Окуучуларыбызга ийгилик каалайбыз✨

🌙 Рамазан айыңыздар куттуу болсун!Кечиримдүүлүк, боорукердик жана таза жүрөктөн тиленген дубалардын айы кирип келди. Бул...
01/03/2025

🌙 Рамазан айыңыздар куттуу болсун!

Кечиримдүүлүк, боорукердик жана таза жүрөктөн тиленген дубалардын айы кирип келди. Бул ыйык ай үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга тынчтык, береке жана жакшылык алып келсин. 🙏✨

Сабырдуулук менен жакшылыкты арттырып, бири-бирибизге мээрим төгөлү! 💛

#РамазанАйы #БерекелүүАй #
Сейтек мектеби

📢 Кубанычтуу жаңылык! 🎉Биздин окуучулар Эл аралык АМО олимпиадасына катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү! 🏆📚 Алар тат...
27/02/2025

📢 Кубанычтуу жаңылык! 🎉

Биздин окуучулар Эл аралык АМО олимпиадасына катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү! 🏆📚 Алар татыктуу эмгеги жана билими менен дипломдорго ээ болушту.

Бул чоң жетишкендик – окуучуларыбыздын тынымсыз эмгегинин, мугалимдерибиздин колдоосунун жана ата-энелердин дем берүүсүнүн жемиши. Биз алар менен сыймыктанабыз! 👏

Келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырууга тилектешпиз! 🚀✨

#Ийгилик #АМООлимпиадасы #Сыймыктанабыз

Кубанычтуу кабар. 💫Окуучубуз Абакирова Айлин Алма Ата шаарында өткөн эл аралык бий конкурсуна катышып 2- орунга  ээ болу...
24/02/2025

Кубанычтуу кабар. 💫
Окуучубуз Абакирова Айлин Алма Ата шаарында өткөн эл аралык бий конкурсуна катышып 2- орунга ээ болуп келди. Айлинге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.👏🏻✨

📢 “СЕЙТЕК” МЕКТЕБИНДЕ АТАЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР! 👨‍👧‍👦✨ Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 22-февраль күнү 4-5-6-класстарды...
20/02/2025

📢 “СЕЙТЕК” МЕКТЕБИНДЕ АТАЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР! 👨‍👧‍👦

✨ Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата
22-февраль күнү 4-5-6-класстардын аталары үчүн өзгөчө жолугушуу өтөт!

🗣 Спикер: Нурбек Богачиев
📌 Тема: “Баланы тарбиялоодо атанын ролу”

📅 Программа:
🍽 15:45 – Фуршет
🎤 16:30 – Семинар

23-февраль – бул Ата Мекенди коргоочулар күнү гана эмес, үй-бүлөдө, коомдо жана балдардын жашоосунда аталардын маанилүү ордун эске салган күн! Бул иш-чарада аталардын тарбиядагы таасири, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана аталык жоопкерчилик тууралуу пайдалуу ойлор айтылат.

✨ Урматтуу аталар, силерди семинарга чакырабыз! Балдарыбыздын бактылуу келечеги – биздин колубузда! 💙

#СейтекМектеби #АталарКүнү #АтаМекендиКоргоочуларКүнү #БалдардыТарбиялоо #ҮйБүлөБаалуулуктары

Англис тил жумалыгы✨English week✨Spelling bee🐝
18/02/2025

Англис тил жумалыгы✨
English week✨
Spelling bee🐝

“Seitek Stars” – таланты менен таң калтырган жылдыздар! 🌟🎤🎨💃Биздин мектепте өнөрлүү, шыктуу окуучулар көп! 🎶🖌️ Сүрөтчүлө...
11/02/2025

“Seitek Stars” – таланты менен таң калтырган жылдыздар! 🌟🎤🎨💃

Биздин мектепте өнөрлүү, шыктуу окуучулар көп! 🎶🖌️ Сүрөтчүлөр, ырчылар, бийчилер жана ар кандай таланттуу окуучулар катышкан “Seitek stars “ долбоору түзүлгөн 📹💫

📌 Ар чейрек сайын ийгиликтүү окуучуларды диплом жана белектер менен сыйлап, алардын өнүгүүсүнө дем-күч беребиз. 🎖️📜

Биздин жылдыздарыбызды бирге колдойлу! 🌟✨

🎉 Сүйүнчү! Биздин “Сейтек “ мектеби  чоң ийгиликке жетишти! 🎉  Инсандык баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу жаатында ...
05/02/2025

🎉 Сүйүнчү! Биздин “Сейтек “ мектеби чоң ийгиликке жетишти! 🎉

Инсандык баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу жаатында жүргүзгөн үзүрлүү эмгегибиздин аркасында, дүйнөлүк **Character.org** уюмуна иштерибизди жөнөтүп, жогорку баага ээ болдук. Жыйынтыгында, мектебибиз **”Bishkek School of Character”** наамын алуу сыймыгына татыды!

Бул жеңиш – биздин жалпы жамаатыбыздын, мугалимдерибиздин жана окуучуларыбыздын биргеликте жасаган эмгегинин жемиши! 💙💛 Биз мындан ары да инсандын мыкты сапаттарын тарбиялоо үчүн талыкпай эмгектене беребиз.

Бардыгыбызды ушул чоң жетишкендик менен куттуктайбыз! 👏🎊

Мектеп ичинде өтүлгөн кышкы шахмат турниринде алдыңкы орун алган окуучуларды куттуктайбыз.👏🏻Азаматсыңар!!✨
22/01/2025

Мектеп ичинде өтүлгөн кышкы шахмат турниринде алдыңкы орун алган окуучуларды куттуктайбыз.👏🏻Азаматсыңар!!✨

Address

Анкара 15
Bishkek
720048

Opening Hours

Monday 08:00 - 16:30
Tuesday 08:00 - 16:30
Wednesday 08:00 - 16:30
Thursday 08:00 - 16:30
Friday 08:00 - 16:30
Saturday 09:00 - 14:00

Telephone

+996708005151

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when «Сейтек» башталгыч мектеби - Тунгуч posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The School

Send a message to «Сейтек» башталгыч мектеби - Тунгуч:

Shortcuts

Share