17/05/2026
2 ЖУМА АР БИР КҮНҮ ЖАҢЫ МААЛЫМАТ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНА ТОЛГОН СТИЛИСТ КАТАРЫ ӨТКӨРГӨН ЭҢ СОНУН КӨЗ ИРМЕМДЕР🫶
school ыраазычылык билдирем.
Эми алдыда алган инсайттарымды, кызыктуу моменттерди рилс түрүндө киргизем. Ага чейин сиздерге эми мен “ПЕРСОНАЛЬНЫЙ И FASHION СТИЛИСТ” кесибине официалдуу ээ болгонумду сүйүнчүлөгүм келет.
‼️куттуктоолорду кабыл алам🥰
01/05/2026
А сизде кандай пландар?
Аллахым өзү жар болсун🤲🏻 биздин пландан, Аллахтын планы жогору. Аракетибизди кыла берели😊
22/04/2026
Жүзүңүзгө эмне сүйкөп жатканыңызды билесизби? ✨
Тамак-ашта адалды карайбыз, а косметикадачы?
Составы коопсуз, халал сертификаты бар NUR HALAL косметикасы — сулуулук менен ишенимди бириктирет 💚
Териңизге кам көрүп, аң-сезимдүү тандоо жасаңыз.
06/03/2026
Мамам жакында туура 5 күндөн кийин 55ке чыгат 🎂💐
Жыл өткөн сайын жашы өйдөлөп, а мен эненин кадырын жакшы түшүнө баштагандаймын… 🤍
Азыр кызыма кандай жакшылыктарды кааласам, энем мага да ошол жакшылыктарды каалап, Кудайдан тилеп жүргөнүн жүрөгүм сезет 🤲✨
Мен мүмкүн жаман курбу, кесиптеш, кошуна, келин, аял, энедирмин… бирок энем үчүн мен алтынмын, менден жакшысы жок 🥹💛
Азыр мен кандай адам болсом, жакшы мүнөз, жакшы сапаттарымдын баарынын себепкери — энем. Жамандары болсо өзүмкү, дээримден… 🌿
Мен көп курска баргам, көп конкурска катышкам, башымды салып көрбөгөн тармак аз болсо керек. Анын баарына энем жетелеген, шарт түзгөн, издендирген 📚✨
Акыры өзүм тажабай, ырахаттанып жасай турган, ал эле эмес менин каалоолорума жете турган киреше алып келген маркетингден өз ордумду таптым 💻🚀
Эне боло электе белек берүү жөнүндө анчейин ойлобосом, эми өзүм эне болгондо кадырыңды билип, сага дүйнөнүн баарын деле бергим келип жатат, мамоу… 🫂💞
Бул сизге бере турганымдын ээээң кичинекейи болсун 🎁
Сизди абдан жакшы көрөм! Сиз жалаң жакшылыктарга татыктуусуз! 🤍🌷🤲
09/01/2026
🖤🤍🕊️
…убакыттын өткөнүн кара…
-Форма таптыңарбы?
-Менде бар, эрке балада жок болуп жатат.
-Аа, жардам керек болсо айт…
деген байкенин анда жолдошум болуп каларын билбесем керек… 🥰
08/11/2025
ТРЕНДДЕН КАЛБАЙ ЧЫГАРАЙЫН, КЕЧИКПЕДИМБИ? 😁
07/11/2025
Азыр студент болгонуң—акча таппайсың дегенди билдирбейт.❌
Кайсы бир кезде: “студент болгону окуш керек” деген нерсе бар эле...📌
Азыр студенттер:
📎 Окуудан кийин заказ боюнча иштеп;
📎Официант болуп иштеп же сатуучу болуп иштеп;
📎 Же телефондон видео тартып, акча табат.
йына 15—20 миң сом тапса, кээ бири 50 миң, 100 миңге чейин жеткиргендер бар.🔥
Ошол айына чоң киреше алып келе турган тармактын бири—СММ / таргет / мобилаграфия;
Мен эмне сунуштайм?
Теориядан сырткары —жүзүң менен практика, заказ алууга чейин жеткирем.
Болгону 10 студентке 20% арзандатуу берем😍🥳
Бул арзандатуу м-н катталууну кааласаң номериңди калтыр ⤵️
02/11/2025
Жугуштуу болсун! 🥰 Постто сакталып калуусун кааладым. Бул “мактанология” эмес. Ыраазычылык -> от души🥰
📍Азыр артыкчылыктарын айтайын э👇
Phone 17 — азыркы учурда инфлюенсерлер үчүн эң сапаттуу мобилдик камералардын бири.
🪄 Лайфхак: тартуу учурунда экрандын үстүнөн “–/– Exposure lock” койсоңуз, жарык өзгөрбөйт, Reels видеолоруңузда түс бирдей чыгат.
📱Соцтармак жана маркетинг үчүн
• Instagram Boost Mode – видеолорду экспорттогондо сапатты жоготпой чыгарат.
• Apple Notes + Audio – идея келгенде үн менен жазсаңыз, текстке айланат.
💡Бизнес жана өндүрүмдүүлүк үчүн
• Apple Intelligence (Жаңы AI-ассистент) – пост текстин жазып берет, грамматиканы оңдойт, кыска контентке айлантат.
Ошоо… азырынча байкаганым ушул.