30/04/2026
🔹КТМУда Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган коомдук тилектештикти чыңдаган кайрымдуулук жарманкеси
🔹KTMÜ Yabancı Diller Yüksekokulundan Toplumsal Dayanışmayı Güçlendiren Kermes Etkinliği
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) чет тилдер жогорку мектеби тарабынан кайрымдуулук максатында азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.Бул иш-чара социалдык иш-чаралар комиссиясынын координациясы менен өткөрүлүп, академиялык чөйрөдө тилектештикти чыңдоого багытталган үлгүлүү демилге катары белгиленди.
Университеттин башкы кампусунда өткөрүлгөн жарманкеге Сомали Республикасынын Түркия жана Бишкектеги элчиси Фатхудин Али Мохамед жана анын делегациясы катышты.
Жарманкеде түрк жана кыргыз ашканасына таандык салттуу даамдар академиялык жана административдик кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрүнүн ыктыярдуу салымы аркылуу даярдалып тартууланды.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi (KTMÜ) Yabancı Diller Yüksekokulu tarafından yardım amaçlı gıda kermesi düzenlendi. Sosyal Faaliyetler Komisyonu’nun koordinasyonunda hayata geçirilen etkinlik, akademik topluluk içinde dayanışma kültürünü güçlendirmeyi hedefleyen örnek bir girişim olarak öne çıktı.
Üniversitenin merkez yerleşkesinde düzenlenen etkinliğe, Somali Cumhuriyeti’nin Ankara ve Bişkek Büyükelçisi Fathudin Ali Mohamed ve beraberindeki heyeti de katıldı.
Kermeste, Türk ve Kırgız mutfaklarına ait geleneksel ç lezzetler, akademik ve idari personel ile ailelerinin gönüllü katkılarıyla hazırlanarak sunuldu.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
30/04/2026
🔹 КТМУнун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов менен жолугушту
🔹KTMÜ Yönetimi Kırgızistan Sağlık Bakanını Ziyaret Etti
Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, доктор Дамирбек Осмонов менен жолугушту.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Alpaslan Ceylan ve Rektör Vekili Prof. Dr. Almaz İbrayev, Kırgızistan Sağlık Bakanı Dr. Damirbek Osmonov’u ziyaret etti.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
29/04/2026
🔹”Манас” университети түрк университеттери билим берүү жарманкесине жана Кыргызстан–Түркия университеттери кызматташтык жыйынына катышты
🔹Manas Üniversitesi, Türk Üniversiteleri Eğitim Fuarı ve Kırgızistan–Türkiye Üniversiteler İş Birliği Toplantısı’nda Yer Aldı
Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркия Маариф Фонду уюштурган Бишкектеги түрк университеттери билим берүү жарманкесине жана Кыргызстан–Түркия университеттери кызматташтык жыйынына катышты.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү максат кылган “Кыргызстан–Түркия университеттери кызматташтык жыйыны” Бишкектеги Sheraton Hotel мейманканасында экинчи күндөгү панелдик жыйын менен уланды.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, Türkiye Maarif Vakfı ev sahipliğinde Bişkek’te düzenlenen Türk Üniversiteleri Eğitim Fuarı ile Kırgızistan–Türkiye Üniversiteler İş Birliği Toplantısı’na katılım sağladı.
Kırgızistan ile Türkiye arasındaki yükseköğretim alanındaki iş birliklerini güçlendirmeyi amaçlayan “Kırgızistan–Türkiye Üniversiteler İş Birliği Toplantısı”, Bişkek’te Sheraton Hotel’de ikinci gün panel oturumuyla devam etti.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
29/04/2026
Кутүл Амаре жеңиши кут болсун!
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
28/04/2026
🔹КТМУда “Карьера күндөрү 2026” башталды: Студенттер глобалдык эмгек чөйрөсү менен жолугушту
🔹KTMÜ’de Kariyer Günleri 2026 Başladı, Öğrenciler Küresel İş Dünyasıyla Aynı Platformda Buluştu
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттердин окууну аяктагандан кийинки жашоосун колдоого багытталган стратегиялык иш-чараларынын бири болгон “Карьера күндөрү 2026” программасы уюштурулду. Академия менен тармактар ортосунда туруктуу көпүрөлөрдү түзүүнү максат кылган бул иш-чара студенттерди ар түрдүү тармактардагы алдыңкы мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуштуруп, карьералык пландоону кампус жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айландырды.
Студенттер иш-чара аймагында уюштурулган стенддер жана зал программалары аркылуу мекеме өкүлдөрү менен таанышып, ар түрдүү тармактар тууралуу түз маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
***
Kırgızistan Türkiye Manas Üniversitesi, öğrencilerin mezuniyet sonrası yaşamlarını destekleyen stratejik etkinliklerinden biri olan Kariyer Günleri 2026 programını düzenledi. Akademi ile sektör arasında sürdürülebilir köprüler kurmayı hedefleyen organizasyon, öğrencileri farklı alanlardan önde gelen kurum ve kuruluş temsilcileriyle bir araya getirerek kariyer planlamasını kampüs yaşamının merkezine taşıdı.
Öğrenciler, etkinlik alanında kurulan stantlar ve salon programları sayesinde hem kurumsal temsilcilerle tanışma hem de farklı sektörlere ilişkin doğrudan bilgi edinme imkânı buldu.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
27/04/2026
🔹 КТМУ жаңы академиялык кызматташтык келишимдери менен Түрк дүйнөсүндө аймактык кызматташтыкты кеңейтүүдө
🔹 KTMÜ Yeni Akademik İş Birliği Anlaşmalarıyla Türk Dünyasında Bölgesel İş Birliğini Genişletiyor
Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түрк дүйнөсү боюнча жогорку билим берүү өнөктөштүктөрүн бекемдөө максатында жаңы кадам таштап, Адыяман университети, Гиресун университети, Йозгат Бозок университети жана Стамбул Айдын университети менен академиялык кызматташтык келишимдерине кол койду.
«Студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат»
Студенттердин бүтүргөндөн кийинки кеңири жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолгон профессор доктор Жейлан мындай эл аралык кызматташтыктар студенттерге эл аралык тажрыйба алып келерин, алардын карьералык өнүгүүсүн колдой турганын жана бүтүргөндөн кийинки жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатарын белгиледи.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, Türk Dünyası genelinde yükseköğretim ortaklıklarını güçlendirme hedefi doğrultusunda yeni bir adım atarak Adıyaman Üniversitesi, Giresun Üniversitesi, Yozgat Bozok Üniversitesi ve İstanbul Aydın Üniversitesi ile akademik iş birliği anlaşmaları imzaladı.
“Öğrenciler için yeni imkânlar doğacak”
Öğrencilerin mezuniyet sonrasında sahip oldukları geniş istihdam olanaklarına da değinen Prof. Dr. Ceylan, bu tür uluslararası iş birliklerinin öğrencilere uluslararası deneyim kazandıracağını, kariyer gelişimlerini destekleyeceğini ve mezuniyet sonrası istihdam olanaklarını artıracağını da ifade etti.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
27/04/2026
🔹 "Манас" университети эл аралык байланыштарын чыңдоодо: Сомалинин элчиси КТМУда
🔹 Manas Üniversitesi Uluslararası Temaslarını Güçlendiriyor: Somali Büyükelçisi
KTMÜ'de
Сомали Республикасынын Анкара жана Бишкек шаарларындагы элчиси Фатхудин Али Мохамед коштоосундагы делегациясы менен бирге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен жолугушту.
Программанын алкагында элчи Мохамед университеттин практикалык медиа окутуу борборлорунун бири болгон Манас ТВ студияларын көрүп чыкты.
Жолугушуунун дагы бир багыты КТМУнун Чет тилдер жогорку мектеби болду. Бул жерде жүргүзүлүп жаткан тил окутуу иштери, эл аралык студенттерге сунушталган академиялык программалар жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсү тууралуу маалымат берилди.
***
Somali Cumhuriyeti Ankara ve Bişkek Büyükelçisi Fathudin Ali Mohamed, beraberindeki
heyet ile birlikte Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi’ni ziyaret ederek Rektör Alpaslan
Ceylan ve Rektör Vekili Prof. Dr. Almaz İbrayev ile bir araya geldi.
Program kapsamında Büyükelçi Mohamed, üniversitenin uygulamalı medya eğitim
merkezlerinden biri olan Manas TV stüdyolarını da ziyaret etti.
Ziyaretin bir diğer durağı KTMÜ Yabancı Diller Yüksekokulu oldu. Burada yürütülen dil
eğitimi faaliyetleri, uluslararası öğrencilere sunulan akademik programlar ve çok kültürlü
öğrenme ortamı hakkında bilgi verildi.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
26/04/2026
🔹КТМУ, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Тыйын эңмей боюнча тандоо чемпионатын өткөрдү
🔹 KTMÜ, 6. Dünya Göçebe Oyunları Kapsamında Tıyın Enmey Eleme Şampiyonasına Ev Sahipliği Yaptı
Салттуу спорт түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында илимий иштерди жана долбоорлорду жүргүзүп келген Кыргыз-Түрк “Манас” университети, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Кыргызстан тыйын эңмей боюнча чемпионатын өткөрдү .
Программада спортчулар кыргыздын салттуу ат оюндарынын бири болгон тыйын эңмей дисциплинасында өткөн тандоо мелдешинде таймашты. Мелдештер аяктагандан кийин жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
***
Geleneksel sporların korunması, geliştirilmesi ve gelecek kuşaklara aktarılması amacıyla bilimsel çalışmalar ve projeler yürüten Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, 6. Dünya Göçebe Oyunları kapsamında düzenlenen Kırgızistan Tıyın Enmey Eleme Şampiyonasına ev sahipliği yaptı.
Program kapsamında sporcular, Kırgız geleneksel binicilik sporlarından biri olan Tıyın Enmey disiplininde düzenlenen eleme müsabakalarında kıyasıya mücadele etti. Müsabakaların tamamlanmasının ardından dereceye giren sporculara ödülleri takdim edildi.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
26/04/2026
🔹Бүткүл дүйнөлүк учкучтар күнү куттуу болсун.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
25/04/2026
🔹”Манас” университетинде жаш муундар салттуу сөз өнөрү менен таанышты
🔹KTMÜ’de Geleneksel Söz Sanatı Genç Kuşaklarla Buluştu
“Манас” университети менен Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматташтыгында уюштурулган «Манастын жансын оттугу, окуу жай-театр достугу» аттуу акындар айтышы жаш муундарды салттуу оозеки маданият менен тааныштырды.
Маданий мурастарды сактоо жана жаш таланттарды колдоо максатында өткөрүлгөн программада 12 жаш акын өз өнөрүн сынашты.
Профессор Алпаслан Жейлан университеттер маданий эс тутумду келечекке жеткирген маанилүү түзүмдөр экенин баса белгилеп, студенттердин сапаттуу инсан болуп калыптанышы менен катар өз маданий баалуулуктарын сактап, өнүктүрүүсү да өтө маанилүү экенин айтты.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi ile Kırgız Cumhuriyeti Ulusal Manas Devlet Tiyatrosu iş birliğinde düzenlenen “Manas’ın Ruhu, İlhamın Ateşi: Üniversite ile Tiyatronun Dostluğu” temalı ozan atışması etkinliği, geleneksel sözlü kültürü genç kuşaklarla buluşturdu.
Kültürel mirasın yaşatılması ve genç yeteneklerin desteklenmesi amacıyla düzenlenen programda 12 genç ozan yarıştı.
Prof. Dr. Alpaslan Ceylan, üniversitelerin kültürel hafızayı geleceğe taşıyan yapılar olduğunu vurgulayarak, öğrencilerin nitelikli bireyler olarak yetişmelerinin yanında kendi kültürel değerlerini yaşatmalarının da büyük önem taşıdığını belirtti.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
24/04/2026
🔹 KТМУ III Эл аралык биология конгресси менен дүйнөлүк биология илимин Бишкекте чогултту
🔹 KTMÜ, III. Uluslararası Biyoloji Kongresi ile Dünya Biyoloji Bilimini Bişkek’te Buluşturdu
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) III Эл аралык биология конгресси аркылуу эл аралык илимий коомчулукту бириктирген маанилүү академиялык иш-чараны өткөрүлдү.
Конгресстин биринчи күнү Кыргызстан, Түркия жана Америка Кошмо Штаттарынан келген өз тармагында алдыңкы академиктер биология илиминдеги акыркы жылдардагы негизги изилдөө багыттары, жаңы технологиялар жана келечекке багытталган илимий көз караштар менен бөлүшүштү.
Конгресске магистратура жана аспирантура студенттери, ошондой эле жаш окумуштуулар активдүү катышып, өз изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде сунуштоо, ар кайсы өлкөлөрдөн келген адистер менен таанышуу жана жаңы биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
***
Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi (KTMÜ), III. Uluslararası Biyoloji Kongresi’yle uluslararası bilim dünyasını bir araya getiren önemli bir akademik organizasyona ev sahipliği yaptı.
Kongrenin ilk günü, Kırgızistan, Türkiye ve Amerika Birleşik Devletleri’nden alanında öne çıkan akademisyenler, biyoloji bilimlerinde son yıllarda öne çıkan araştırma eğilimlerini, yeni teknolojileri ve geleceğe yönelik bilimsel perspektifleri paylaştı.
Lisansüstü öğrenciler ve genç bilim insanlarının yoğun olarak katıldığı kongrede katılımcılar, araştırmalarını uluslararası bir platformda sunma, farklı ülkelerden uzmanlarla tanışma ve yeni ortak projeler geliştirme imkânı buldu.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык
24/04/2026
🔹Кастамону университетинин ректору, профессор Ахмет Хамди Топал жетектеген делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
🔹Kastamonu Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Topal’dan KTMÜ Rektörü Prof. Dr. Ceylan’a Nezaket Ziyareti
Жолугушуунун алкагында ректор Алпаслан Жейлан Кастамону университетинин ректору Ахмет Хамди Топал жана анын делегациясы менен бирге КТМУнун социалдык имаратындагы көп функционалдуу залда “Манас” университетинде билим алып жаткан эл аралык студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
***
Kastamonu Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Ahmet Hamdi Topal ve beraberindeki heyet, Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Alpaslan Ceylan’ı makamında ziyaret etti.
Görüşmenin ardından KTMÜ Rektörü Prof. Dr. Alpaslan Ceylan, Kastamonu Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Ahmet Hamdi Topal ve beraberlerindeki heyetle KTMÜ Sosyal Tesisler Binası Çok Fonksiyonlu Salonu’nda, Manas Üniversitesi’nde eğitim gören uluslararası öğrencilerle bir araya geldi.
🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷
#университеттендаартык