16/03/2022
🔻 Парз намаздардын сапатын жогорулатуу.
Орозо айынын ортосунда кээде парз намаздардын сапатын унутуп, бүт көңүлүбүздү кошумча ибадаттарга буруп алабыз. Намазга көбүрөөк көлөмдүү сүрөөлөрдү окууга аракет кылыңыз, таң намазын окуу үчүн эрте турууга аракет кылыңыз, намаз үчүн эң кооз кийимдерди кийиңиз.
🔻 Кошумча орозо тутуу.
Нафил орозонун артыкчылыгы – бул адат калыптанып, организм белгилүү бир убакыт чегине оңой туруштук бере алат.
🔻 Тамак-ашта ченемдүүлүк.
Бул жерде белгилей турган бир нече негизги пункттар бар. Биринчиден, Рамазандын кириши менен тамактануу убактысы өзгөрөт: сухур (б.а. таңкы тамак) күн чыга электе бүтөт, ал эми орозо (ифтар) күн баткандан кийин болот.
Экинчиден, ар бир организмдин өз муктаждыктары бар экенин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан күнүмдүк ичип жаткан тамак аштан, бир аз акырындын азайтып, көндүрүү керек.
🔻 Уйку режими.
Тамактануу графигинен тышкары уйку режими да өзгөрөт. Организмге эс алуу жана энергия балансын толуктоо үчүн, кечинде таравих намазын окуу үчүн, күндүз уктап, кичине тыныгууга аракет кылыңыз.
🔻 Ниет жана Рамазандын чыныгы максаты.
Жашоодо, жетишүүнү каалаган бардык нерсе, белгилүү бир деңгээлде көңүл бурууну жана ниетти талап кылат, жана Рамазан бул жагынан айырмаланбайт.
Андыктан алдын ала ойлонуп, орозодо эмне кыла турганыңызды, канжай амалдар менен алектенгениңизди, эмнени каалап жатканыңызды жазыңыз. Оюңузду мүмкүн болушунча так түзүңүз, Рамазан айында орозо кармоого туура ниет кылыңыз.
Бул пост сизге пайдалуу болгон болсо + калтырыңыз❤️
#ислам #чубакажы #намаз #насаат #баян #ыйман #акыйкат #ислам #чубакажы #намаз #насаат #баян #ыйман #акыйкат #хадисы #хиджаб #хадисыпророкамухаммадаﷺ #куран #аят #сура #ийман #религия #дуа #зикир #ибаадат #максатажы #максатажытоктомушев #садыбакасажыдоолов #абдышукуражынарматов #рамадан