20/09/2024
BiOL
На этом посте детально расскажем о курсе BiOL
BiOL8
Составлен для всех начинающих биологов. Этот курс берет основу изучению книги Campbell Biology Concepts & Connections, лучшая книга для понимания основ биологии и связи концептов с жизнью.
BiOL9
Курс назначен олимпиадникам по биологии и составлен на основе книги Campbell Biology. Это книга считается лучшей для подготовки на Международные Олимпиады и все олимпиадники обязательно проходят как основную программу.
На курсах BiOL8 & BiOL9 учебный год запланирован пройти все темы книги. По каждой теме имеются лекции, конспекты, пробные тесты и видеоуроки на русском или английском. В конце месяца все участники курса сдают экзамены OLE (Olympiad League Exam). На платформе курсов имеется доступ на учебную платформу Channels от издательского дома Pearson где можно всем участникам пройти все курсы многих книг по биологии, химии, математики и физики.
BiOL10
Курс назначен на подготовку на Международные Олимпиады. Тематика расставлен смотря на IBO 2025. На каждый месяц определена тема и открыт доступ к теоретическим и практическим сборникам задач Международных Олимпиад (IBO, BBO, Всеросс, USABO, Toronto NBC) с ответами разделенный на 56 глав книги Campbell Biology. Эти сборники уникальные и были разработаны в течении 6-7 лет.
Все эти курсы открыты всем желающим школьникам. Назначенные взносы на курсы на целый учебный год (3400сом) очень низкие по сравнению с нынешними ценами и инфляцией в мире. Основная часть собранной сумы уйдет на призы участникам и лишь малая часть на содержание платформы и оплаты тренеров. Надеемся проект должен хотя бы закрыть свои расходы и развиваться.
Детали: https://www.olympiadleague.org/ol/biol
Регистрация: https://www.olympiadleague.org/ol/biol/registrations
Telegram канал: https://t.me/olympiadleague
Telegram группа: https://t.me/biolcourse
19/09/2024
4. IBO 2024 жыйынтыгы
Бул жылы Астана шаарында өткөн 35-чи IBO’до Кыргызстан курамасы 3 коло жана 1 ардак грамотага ээ болду. Медал саны боюнча 1996 жылы 4 медал андан кийин 2-чи иретте 2024 жыл 3 медал мнн келет. Биздин акыркы жылдары негизги максатыбыз курманын баардык катышуучуларын ийгиликке жеткирүү, буйрса аз калды.
Бул жылкы жыйынтыкты карап чыксак, катышкан 75 делегация арасында биз Олимпиадалык медал рейтинги боюнча 36 ал эми жалпы топтолгон упай системасында 37-чи орунда экенбиз. Акыркы жылдарга салыштырсак кыйла чоң жетишкендик.
https://docs.google.com/spreadsheets/d/1ytq0kGu0iEYonlNztelueR-9wLnFiSzsYC_CFlfC1Y8/edit?usp=sharing
Кызык болгону биздин курама Белгия, Хорватия, Эстония, Финляндия, Норвегия и Швеция сыңар курамаларды озуп кеткен. Албетте бизди билим берүү системасы алардан жакшы деген нерсе эмес бул. Бирок билим берүүдө туура кадамдар мнн ошол жакты карай бассак болотурганы анык. Убагында Фин ушул сымал өлкөлөрдүн билим берүү системасын адаптациялоо аракеттери болгон, мен айтаар элем, биз өзүбүздүн системаны иштеп чыгышыбыз керек, оюмча бизде талантуу жаштар көп жана алар мнн жөн гана атаандаша алат. Биз болгону ал жаштарыбызга туура багыт берүүнү өнүктүрүшүбүз керек.
Баары сөз мнн эле калабербеши үчүн тренерлер командабыз мнн 7-8 класстан баштап 11-ге чейин Дүйнөлүк Олимпиадага даярдаган курс жана платформа иштеп чыктык. Кызык болсо кийинки посттордо маалымат алсаңыздар болот.
02/09/2024
Друзья, запускаем курсы BiOL (Biology Olympiad League) на подготовку ко всем олимпиадам начиная от Националньной (НО) до Международной (МО). Курсы были специально разработаны чтобы постепенно готовить вас начинаю с 7-кл до 11-кл. Для этого имеются 3 уровня курса: BiOL8 для 7-8кл, BiOL9 для 9-кл и BiOL10 для 10-11кл. Курсы проводятся дистанционно поэтому там могут участвовать все желающие. Курс BiOL8 начинается из основ биологии и подойдет даже тем кто просто хочет расширить свои знания в биологии. Язык материалов и тестов Русский и Английский.
Различительной чертой курса является Лига где участники не только обучаются но и соревнуются между собою по обученным темам. План составлен так чтобы участник в своем пути (7-8кл) получал основу науки биологии и постепенно рос до уровня медалиста IBO (9-11кл).
Стоимость составляет $24 (2000сом, 12000тенге) на 1 семестр или же сразу на 2 семестра $40 (3400сом, 20000тенге).
В конце курса даются сертификаты об успешном завершении курса и сертификаты медали. Есть денежные призы по рейтингу и различные номинации участникам и учителям.
Период регистрации: 1.09.24 - 27.09.24
Friends, we are launching BiOL (Biology Olympiad League) courses to get trained for all Olympiads, starting from the National (NBO) to the International (IO). The courses have been specially designed to gradually prepare you starting from 7th grade to 11th grade. There are 3 levels of courses: BiOL8 for grades 7-8, BiOL9 for grade 9 and BiOL10 for grade 10-11. The courses are conducted remotely, so everyone can participate. The BiOL8 course starts from the basics of biology and is suitable even for those who just want to expand their knowledge in biology. The language of the materials and tests is Russian and English.
A distinctive feature of the course is the League where participants not only study but also compete with each other on the topics they have learned. The plan is designed so that the participant on his way (grade 7-8) receives the foundation of the science of biology and gradually grows to the level of an IBO medalist (grade 9-11).
The cost is $24 (2000som, 12000tenge) for 1 semester or for 2 semesters $40 (3400som, 20000tenge).
At the end of the course, certificates of successful completion of the course and certificates of medals are given. There are cash prizes by rating and various nominations for participants and teachers.
Registration period: 1.09.24 - 27.09.24
More on website: https://www.olympiadleague.org/ol/biol
Registration: https://www.olympiadleague.org/ol/biol/registrations
Telegram channel: https://t.me/olympiadleague
Telegram group: https://t.me/biolcourse
For further questions chat Telegram:
30/08/2024
IBO 2024’тө болгон cheating жана аларга берилген жазалар
1. Сингапур, эң эле күтүлбөгөн делегация, алар которбойт деле негизи бирок негизги версияда “bold” болбогон сөздөрдү булар кылып коюшуптур. Буну “cheating” деп санаш кыйын бирок делегациялар окуучулардын жалпы упайынан 10% төмөндөтмөй жана баардык тренерлерди 1 жылга четтетүү карары алышты.
2. Дагы бир өлкө (атын атабайм) көп жылдан бери күмөндүү жыйынтыктар көрсөтүп келген. 2022 жылдан баштап аларды казак баурлар мнн бирге кылдат текшерип баштаганбыз жана бул жылга дери далил таба албай келгенбиз. Бул жылы туура жооптордун акырына чекит каталарды бош калтырышкан. 2-3 күн түнү мнн текшерип байкадык, катышуучулары да ошол кодировканы кылган соң далил такталды. Балким бул аздык кылат деп бир мурунку жылды да текшерүүгө кириштик. Мурунку жылы да жасалган кодировкасын тастыктап рапорт жасап чыктык. Албетте аларга мурунку жыл жөнүндө айтпай туруп бул жыл жөнүндө түшүндүрмө сурашты. Алар бул жылы жаңы бир мугалим өз акчасын төлөп кошулуп келип өз окуучусуна жардам берип коюптур башкаларынын кабары жок деп актанышты. Баардык делегацияларга 2023 жыл боюнча рапортту биз сунган соң баары түшүнүктүү болду жана аларга мындай жазалоолордун карары чыкты: 1) катышуучулардын баары четтетилет; 2) тренерлердин баары өмүр бою IBO’дон четтетилет; 3) өлкө IBO мүчөөлүгүнөн чыгарылат. Мындай окуя бул делегация үчүн 2’нчи ирет экен жана жакын арада аларды кайра мүчөөлүккө алышы абдан кыйын оюмча.
3. 3’нчү өлкө бул жылы эч кандай маселе жаратпады бирок алардын 2023 жылында далилдер таптык бирок дагы терең изилдениши үчүн IBO комитети убакыт сурады жана азырынча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Негизи, кааласан “cheating” кылуунун жолдорун тапсан болот албетте бирок бул туура эмес жана бир күнү барибир суу үстүнө чыгат. Биздин делегациянын тарыхы таза болгондуктан бул изилдөөлөрдү коркпой жүргүзө алдык. Албетте негизги себеп биздин алардан жабыркаганыбыз, биз эле эмес көп катышуучу алардын айынан медалга жетпей калган. Кыргызстандын наамы да ошол жерде жаңырып, булар өнөрлүү балдар экен деп даңазалашты. Бир лисан бир инсан дегендей, ал өлкөлөрдүн тилин билген бизге аябай жардам берди. Бул “cheater” делегацияларды башка сабактарда да текшерүүнү баштадык, ал жактада баары таза эмес тилекке каршы. Дагы баары алдыда…
13/08/2024
IBO’до тренерлер эмне жумуш кылат
1. Суроолорду текшерип оңдошот.
2. Суроолорду которот.
3. Тапшырмаларды принтерден чыгарып окуучунун конвертин даярдап берет.
4. Апелляцияга кирет.
5. Жыйнтыктардан кийин дем күч берүү.
1. Суроолорду текшерип оңдоп чыгышат. Бул учурда тапшырмаларды өздөрү иштеп чыгып маңызын түшүнүп чыгыш керек. Бунун баары апелляция учурунда жардамы тиет. Биз сыяктуу англис тилдүү болбогон өлкөлөргө которууга абдан көп убакыт талап кылганат жана дароо эле которууга киришебиз. Учур учур жаны оңдолгон версиялар чыккан сайын ошол жерлерин баштан которуп кетеберебиз.
2. Суроолорду балдарга ынгайлуу тилге которуп берет. Суроолорду катышуучуга ынгайлуу тилде которобуз. Тагыраагы, биз балдарды кайсы китептер жана терминология менен даярдаган болсок ошол тилге, бул кобунчо орусча-англисче бирок кыргыз менталитети менен 😁. Бул маанилүү процесс эмнеге дегенде тапшырмаларды жылда ар кайсы өлкө жана менталитеттеги адамдар түзөт жана англис тилида айырмаланат. Англис тилдүү өлкөлөр да өздөрүнө ылайык кылып которуп чыгышат.
3. Эң акыркы версиясын принтерден чыгартып, туура басылганын текшерип ар катышуучусунун индивидуалдык конвертине салып, жабып жана кол койот (seal and sign). Жоопкерчилик делегацияда келген team leader’ге жүктөлөт. Ал конвертке эмне салса балага сынак башталганда ошол чыгат. Жылда бир делегациядан кем барак салынып калгат же окуучулардан жооп баракчасын жазбагандар чыгат. Албетте алардыкы эсепке алынбайт.
4. Адам текшергени үчүн апелляцияга жылда эле киребиз. Тренердин денгээли жана тажрыйбасы абдан маанилүү, ал окуучунун ой жүгүртүүсүн түшүнүп аягына чыкпай калсада туура жол менен барганын текшергендерге жеткирип бере алышы зарыл. Биз жылда эле жаңжалдашып келебиз😁. БАЭ’де текшерген индустар мнн бул жылы бир казак мнн «по мужски» сүйлөшө кете жаздадык. Конок катары жөн койдук. Эмики жылы Филиппинге ошол барып калса нейтральный жерде сүйлөшөбүз🤭.
5. Жыйнтыктар чыккан соң ага карата катышуучулардын маанайы ар кандай болот, машыктыруучунун ошол учурда анын жанында туруп колдоп турушу зарыл. Психологубуз өз эсебинен барган жана балдардын жанында болду. Курамабыз жөнүндө дагы алдыда кандай иш алып бараарыбызды талкууладык.
Бул жылкы IBO’до булардын катарында биздин тренерлердин жумушу көп болду:
1. IBO’ну 6 адамдан турган комитет башкарат (Steering Committee), 3’нүн орду бошоп ал жерге бул жылы шайлоо жүрдү жана мен ал жака кандидатурамды койдум. Тилекке каршы шайланган жокмун, балким кийинки жолу оомат ачылаар.
2. 2027 жылга IBO’ну өткөрүүчү өлкө издеп жатышкан, биз ал жерге талапкердигибизди койгонбуз. Тилекке каршы Польшага беришти, бирок биз 2’нчи иреттебиз эгер алар кыла албай калышса дароо бизге кайрылышат. Бул 2028, 2029 жылдарга да тиешелүү. Эч болбоду дегенде 2030’ду көзгө салып турабыз.
3. 2019 жылдан бери “cheating” (таза ойнобоо) кылган экенин сезген бирок далилдей албай жүргөн бир нече өлкө бар болчу, алардын которууларын жылда текшерчик бул жылы да ошол менен алек болдук. Силерге башка өлкөлөрдөн эмне, өзүнөрдүн жумушуңарды кылбайсыңарбы десенер керек албетте. Себеби алар бизге түзмө түз атаандаш өлкөлөр болчу жана алардын айынан биздин катышуучулар медалга илешпей калган учурлар болгон. Бул нерсени казак баурларгада тиешеси болгону үчүн алар мнн чогу байкап турчук. IBO 2024’ тө казак баурлар мнн бирге далилдей алдык жана бир делегация катышуудан четтетилди. Бул жөнүндө толук маалымат кийин постто болот.
08/08/2024
1. IBO 2024’кө кантип бардык
Негизи даярдык процесси жыл бою жүрөт бирок бул жерде команданы түзүп баштагандан баштап айтып берели. �Негизги курама 2 машыктыруучу 4 катышуучудан түзүлөт. Апрел айынын башында катышуучулардын курамын түзүп алдык ал эми машыктыруучулардыкын түзүү кыйын болду. Себеби биз жалпысынан 6 машыктыруучу алып бармай болгонбуз. Эмнеге 2’ден көп керек экенин кийинки посттордо өзүңүздөр түшүнөсүздөр. Негизги кураманын төлөмү 2500$ түзөт ал эми ар бир кошумча машыктыруучуга 2000$ төлөш керек болот. Бизге 4 кошумчага 8000$ табуу зарыл болчу. Башта чоң компанияларга жана демөөрчүлөргө кайрылдык бирок табылбады.
Июнь айында Бухара шаарында Абу Али ибн Сина атындагы биринчи ирет олимпиада өттү, ал жерде мен эл аралык scientific committee (академикалык тарабын уюштурган) катары катыштым. Ал жерде уюштурган өлкө чын өткөзбөй өздөрүнүн катышуучулуранына жардам берип коюшту. Буга биз эл аралык 5 комитет каршы чыктык бирок алар мойнуна албай актанып кетишти. Олимпиада бүткөн соң бизге ~ 850$ төлөштү бирок бул акчаны өзүбүзгө алыш туура эмес деп андан көрө IBO’го издеп жатат элек ошого коротмой болдум. Дал ошол замат Орусиядан келген комитет мүчөсү да келип кеп салды, акчамы алдым бирок кайрымдуулукка колдоном деп калды. Бизге керек экенин IBO командасына колдоноорубузду айтсам дароо чыгарып 1000$ берип салды. Таң калып ойлоно түштүм, мындай болсо сен биздин курамада IBO’го барасын дедим. Сага да калган 1000$ табып алып барабыз деп айтсам бир жума кийин бошобой калдым деп жообун айтты. Бул окуя мага абдан таасир берди, себеби буга дери 3 эле машыктыруучу барат окшойбуз калганына акча таба албадык деп айткам. Кийин дароо калган жетпегенин тапканы кириштим. Акыркы күнгө чейин издеп негизги бөлүгүн өз чөнтөктөрүбүздөн чыгарып төлөмдү жүргүздүк бирок буга бир жаңы таанышкан орус IBO катышуучусу чоң салымын кошту десек болот. Учак билеттерин да калган 4 машыктыруучу өз чөнтөктөрүнөн алды.
06/08/2024
Достор, көбүнүн кабары болбогон эл аралык биология олимпиадасы (IBO) жөнүндө кеп кылгыбыз келди.
IBO (International Biology Olympiad) 1990 жылдан баштап уюштурулуп келет. Кыргызстан алгачкы жолу 1994 жылдан баштап катышкан, 2006 & 2007 жылдары катыша алган эмес. Катышуу тарыхын карап чыксак 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медал жана 9 ардак грамотага (honorable mention) ээ болгон.
Шилтемеде көрсөңүздөр болот: https://t.ly/qqZRM
Башка орто азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу жакшы жыйынтык эмес. Биз акыркылардан болуп саналабыз. Терең изилдеп караганда негизги секириктер аз эле:
1. 1996 жылы 2 күмүш 2 коло медал
2. 2000 & 2001 1 күмүш 1 алтын бир катышуучу тарабынан жасалган секирик
3. 2016 & 2017 жалдары 2 коло 1 күмүш. Бул жерде Мырзабек Алибаевтин эмгеги абдан чоң (2011 коло медалисти)
Бул секириктердин себеби же этузиаст балдар же машыктыруучулар деп ойлоймун. Себеби бир канча жылда бир болгон жана 1 же 2 окуучуда болгон. Систематикалык даярдыктан улам деп айтыш кыйын.
Менин жеке оюмча биздин жакшы жыйытык көрсөтө албаганыбызга көп эле себеп бар бирок эң негизгилеринден бири бул тандап алууну (отборду) эн туура откөрүү. Даярдык жана башкалары кийинки иретте турушу мүмкүн. 2020 жылдан баштап Улуттук Олимпиада киргизилип систематикалык түрдө туура тандоо жүрүп баштагандан кийин регулярдуу түрдө медал келгенин байкасак болот. Негизи эле жеке ишеничим, бизде туура балдар тандалса жылда коло алабыз. Ал балдар өздөрү эле ошол денгээлде даярданышат. Ал эми туура жана квалификациялуу даярдансак анда күмүш жана алтынга алдынкы жылдарда мүмкүнчүлүк туулат деген ишеничтемин. Буга чейин балким жалпы бассейнден(pool) шыктуу балдарды таап чыгуу анча деле болгон эмес. Мисалы, мурунку жылы мамлекеттик мектепте окуган бир 8-кл баланы байкап аны башка Сапаттын даярданган балдарына кошуп койгонбуз. Бул жылы 9 класста IBO’го өттү жана барып коло медал жеңип келди. Курамада эң жогорку натыйжаны көрсөттү. Биз ага жөн гана жолдорун көрсөттүк, калганын өзү жасады.
Кийинкиде силер менен дагы 5 баштыкта посттор менен бөлүшөбүз деген үмүттөбүз.
1. IBO 2024’кө кантип бардык
2. Ал жерде тренерлер эмне жумуш кылат
3. IBO 2024’тө болгон cheating жана аларга берилген жазалар
4. Бул жылкы 3 коло жана 1 ардак грамотага кантип жеттик
5. Эмнеге дароо алтынга секире албайбыз жана ал үчүн эмне кылышыбыз керек
01/12/2023
Mendel’s Biology International Olympiad 2023
Международная онлайн олимпиада по биологии которая полностью проводится дистанционно. https://www.olympiadleague.org/mbio
Дата: 30-декабря
Срок регистрации: 28-декабря, 23:59
Регистрационный взнос: $20 / 2000сом / 10000тенге
Результаты: 3-января
Язык: русский & английский
Почему участвовать?
1) Сертификат. 60% участников занимают места (распределение: 10% золото, 20% серебро, 30% бронза).
2) Мотивация. Две номинации, The Best Participant и The Best Trainer. Вознаграждение - 150$ для каждой номинации.
3) Наличие заданий прошлых лет Хорошая возможность попрактиковаться и проверить себя перед олимпиадами
4) Темы и уровень заданий основываются на IBO 2024 и большой шанс испытать себя до.
Кто может участвовать?
Все желающие от 8-кл до 12-кл
Коротко о регистрации:
1) Способы оплаты: переводом на карту, эл.кошельки и снятие с карты.
2) Заполняете Google forms и прикрепляете чек. https://forms.gle/d9WHHn5ad9Nw8FmeA
3) Ждёте приглашения на вашу почту.
Сайт регистрации: https://www.olympiadleague.org/mbio/mbio-2023
Контакты
Telegram:
Тел: +996 704 771063 - WhatsApp & Telegram 📲
Эл. почта: [email protected] 📩
05/09/2023
Olympiad League Academy — онлайн школа, где знания и амбиции объединяются для подготовки учеников к достижениям в мире биологии.
На учебный год 2023-2024 Olympiad League Academy набирает команду из учеников в онлайн школу. Программа называется "team24" и это управляемая программа самостоятельного изучения для олимпиад по биологии. На учебный год пока могут подать все желающие ученики 9-10-11 классов Кыргызской Республики, со следующего года планируем для всех стран. Максимальное количество учеников на нынешний год 15.
Календарь
Есть два семестра
Осенний семестр с 18 сентября по 30 декабря.
Весенний семестр с 15 января по 25 мая.
Оплата
Оплата составляет 11000 сомов за семестр. Каждый учебный год проводится два семестра. Если хотите оплатить разом на два семестра то оплата будет 20000 сомов.
Оплата должна быть произведена до 17 сентября и 14 января.
Финансовая помощь
1-категория
Для участников занявшие дипломы 1-2-3 степени на Национальной Олимпиаде по биологии 2023 (NBO-4 2023) года и участники занявшие сертификаты Gold на дивизионе BiOL Middle 2023 года оплата составит 2000 сомов за семестр или 3000 сомов за два семестра при оплате разом.
2-категория
Для участников принявшие участие на Национальной Олимпиаде по биологии 2023 (NBO-4 2023) года и участники занявшие сертификаты Silver на дивизионе BiOL Middle 2023 года оплата составит 6000 сомов за семестр или 10000 сомов за два семестра при оплате разом.
Процесс обучения программы team24
Команда тренеров Olympiad League Academy будет дистанционно тренировать и сопровождать всех членов индивидуально и в группе. В планы входят тренировка на все запланированные олимпиады на учебный год 2023-2024 (детальный план смотрите выше). Основной упор будет на Республиканскую Олимпиаду, Национальную Олимпиаду (NBO), MBIO, USABO, BBO и IBO.
Тренеры
1. Эльбрус Тажибаев - Координатор IBO в КР; член жюри IBO; Координатор NBO в КР; Основатель Olympiad League
2. Даян Мэлисов - Победитель Республиканской Олимпиады; Серебряный и бронзовый призер IBO
3. Бактынур Ажыбаев - Победитель Республиканской Олимпиады; Бронзовый призер IBO
4. Алай Алмазов - Победитель Республиканской Олимпиады; Почетная грамота IBO
5. Данияр Гаипов - 2-место на Республиканской Олимпиаде; Двухкратный бронзовый призер IBO
Регистрация
Срок на осенний семестр: 17.09.23 до 23:59
Срок на весенний семестр: 14.01.24 до 23:59
Требуемые документы
1. Квитанция об оплате
2. Форма согласия родителя
3. Фото
4. Мотивационное письмо
Подробнее: https://www.olympiadleague.org/ol/academy
Контакты
Telegram канал:https://t.me/olympiadleague
Discord: https://discord.gg/DRKfZga7DG
Instagram: https://instagram.com/olympiadleague?igshid=YTQwZjQ0NmI0OA==
Тel: +996704771063 WhatsApp & Telegram
Email: [email protected]
28/08/2023
Biology Olympiad League (BiOL), турнир по биологии который проходит весь учебный сезон в формате онлайн экзаменов в конце каждого месяца. Лига BiOL делится на 3 дивизиона: Junior, Middle, Premier. Любой школьник 7-11 кл может принять участие. Оплата за участие составляет $18 / 1500 сом / 8500 тенге. Срок регистрации: 28-сентября.
Подробнее: https://www.olympiadleague.org/biol
Регистрация: https://www.olympiadleague.org/biol/registrations
Контакты
Telegram канал: https://t.me/olympiadleague
Discord канал: https://discord.gg/DRKfZga7DG
Instagram: https://www.instagram.com/olympiadleague/
Тel: +996704771063 - WhatsApp & Telegram
Email: [email protected]
28/08/2023
Детишки, врываемся в сезон расписанием олимпиад которые планируются в сезоне 2023-2024, и знаете, их очень много 😍
Скачиваем документ: https://drive.google.com/file/d/1DkWjjXNPW2KRGIv3mOUafpou1e_0FgDo/view?usp=share_link
08/06/2023
Наградили призёров лиги BiOL. В ней принимали участие
BiOL Junior:
1-место: Ибрагим Сыдыков лицей им. Ч.Айтматова г.Бишкек - iPad Air 5
2-место: Улукбек Русланбеков лицей им. Ч.Айтматова г.Бишкек - Apple Watch SE
3-место: Кутман Бакытбеков лицей им. М. Субакожоева г.Нарын - AirPods 3
BiOL Middle:
1-место: Нурсултан Увалиев лицей им. Х.Карасаева г.Каракол - iPad Air 5
2-место: Омурбек Русланбеков лицей им. Ч.Айтматова г.Бишкек - Apple Watch SE
3-место: Азим Абдылдаев лицей им. Х.Карасаева г.Каракол - AirPods 3
BiOL Premier:
1-место: Нурислам Абдисаматов лицей им. Жайыл Баатыра Чуйская обл. - iPhone 11
2-место: Алай Алмазов лицей им. М. Субакожоева г.Нарын - Apple Watch SE
3-место: Байзак Карыпжанов лицей «Манас-Ата» г.Талас - AirPods 3
Лучшие сезона 2022-2023
1. Лучший тренер года - Асхатбек Темиркулов и Рахмет Бабаназаров, награждены 200💲
2. Лучший участник года - Данияр Гаипов, награждён 100
#лучшиегода