02/12/2023
⏳ Жарыктык үчүн берилген 72 саат.
12 август, 6 ай 6 кун, салмагы 1220г., бою 34 см Акбермет 🎊 жарык дуйнөгө шашып келди.
Убагына жетпей төрөп🤱 коем, андай төрөлгөн баланын кыйынчылыгы бар деп таакыр ойлогон эмес экенмин.
Акбермет 8 сентябрга чейин кислорлодтон чыгып, кайра кирип реанимацияда жатты. 8 сентябрда 1300г салмак менен өз алдынча дем алалбаган кызыбызды даарыгерлер колубузга берди, ⏳72 сааттын ичинде көзүнө операция жасатпасанар кызынардын көзү көрбөй калат(ретинопатия), операция бизде жасалбайт, чет мамлекеттке алып кеткиле деп. Ошондогу акыбалымды азыр сүрөттө мүмкүн эмес.❤️🩹
⏳Бизде 72 саат убакыт бар эле, кайда барабыз деп, ар жактан маалымат издедик, бир дагы сайттарда маалымат же маалымат борбору жок экен мындай орууга кабыл болгон балдар жөнүндө. Элдердин айтуусу, даарегердин сунуншу менен, 3 сааттын ичинде загранпаспорт алып, башка мамлекетке ✈️алып чыгып кеттип, салмагы бир жарым кг. жетпеген балага наркоз💉 берип көзүнө операция жасаттык.
Акыркы жолу 16 ноябрда кайра операция жасаган даарыгерине барып текшертик. Ал “У вас все шикарно !” десе кадимкидей денем бошоп кан жүгүрдү. Операциянын жыйынтыгы ар кандай болушу мүмкүн эле. Ошон учун операциядан кийинки 2 ай мен үчүн абдан оор болду жыйынтык кандай болот деп ойлонуп жатып.
🧑🔬Бизин медицинанын абалы төмөн экенин билчүүмүн, бирок мынчалык денгээлде төмөн деп ойлогон эмесмин.Убагында диагноз коюлбай, же каражат жок калып көзү көрбөй калган наристелерибизда көп экен. Ушуну баарын көрүп туруп, эмнеге мамлекеттин эсебинен акыркы үлгүдөөгү унаа🚕 тебип жургөнүбөздү түшүнбөдүм.
Акыркы 4 ай эч бир чалууларга, каттарга жооп бере албадым. 😞
Жеке ишимде да бир канча артка кетүү болду, кээ бир жаны башталган келишимдер, проекттер менен кол үзүүгө да тура келди. Азыр мен үчүн кызымдын ден соолугу жана анын жарыктыкты көрүүсү маанилүү ...
Бул кырдаалда бизди түшүнүп, жардам берип колдоо коргозгон ар бир адамга ыраазычылк. 🫂
p.s сүрөт интернеттен алынды, кызымды эмнегедир ошол убакытта сүрөткө тарткым келбеди..
#бизбаарынженебиз