ЦКП работников образования и науки

ЦКП работников образования и науки * ЦК профсоюза работников образования и науки КР
* Защита

Профсоюз работников образования и науки КР действует в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики, Трудовым кодексом Кыргызской Республики. Законами Кыргызской Республики "О профессиональных союзах", "Об общественных объединениях", Об охране труда", "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике", Уставом Центрального комитета работников образования и науки КР и другими нормативными правовыми актами.

Центральный комитет строит свою деятельность с мнения и воли ее членских организаций на их принципах:

самостоятельность в деятельности, равноправие ее членов, партнерство и сотрудничество, коллегиальность, выборность, гласность в работе, в частности и руководящих органов, обязательная отчетность перед избравшими их организациями, уважение мнения меньшинства, прав каждой подведомственной организации на защиту и разъяснение своей позиции;
солидарность, поддержка и взаимная помощь членских организаций в реализации задач;
соблюдение внутрипрофсоюзной дисциплины.
Основной целью профсоюза является осуществление единства действий профсоюзных органов в защите социальных, экономических и правовых интересов, а также интеллектуальных прав членов профсоюза и членов их семей.

Основные направления деятельности:

защита прав и интересов своих членов профсоюза в государственных, общественных и иных организациях;
участие в разработке законов и других нормативных документов, касающихся трудовых, социально-экономических, правовых интересов и свобод членов профсоюза;
осуществление общественного контроля “Об охране труда” и других нормативно-правовых актов;
реализацией трудового законодательства, Законов КР "Об образовании", "О статусе учителя", "Об охране груда" и других нормативно-правовых актов;
заключение коллективных договоров, соглашений, осуществление контроля за их выполнением, развитие социального партнерства, и участие в регулировании трудовых конфликтов;
организация оздоровления сотрудников и их детей, а также студентов и учащейся молодежи;
обучение профсоюзных кадров, оказание методической и практической помощи;
сотрудничество с общественными, государственными и иными организациями, профсоюзами зарубежных стран и развитие международных связей.

22/07/2026
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети 28-апрель – Эл арал...
21/07/2026

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети 28-апрель – Эл аралык эмгекти коргоо күнүнө карата кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, эмгек укуктарын жана эмгекти коргоо маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган Республикалык деңгээлдеги «Мыкты видеоролик – 2026» сынагынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлады.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Конкурс кесиптик бирлик уюмдарынын маалыматтык иштеринин сапатын жогорулатууга, эмгекти коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга жана чыгармачыл демилгелерди колдоого багытталган.

Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүлдүКР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин...
08/07/2026

Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүлдү

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин тапшырмасына ылайык Борбордук комитеттин Баткен облусундагы өкүлү З. Бөтөков жана КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин төрайымы Ы. Сапарбаева Баткен шаарындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинде жана «Алтын Бешик» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин алкагында эмгек мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы, кызматкерлерге эмгек өргүүлөрүнүн өз убагында төлөнүшү, жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп жаткан оңдоо-түзөө иштеринин жүрүшү жана билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка актуалдуу маселелер каралды.

Мониторингдин жыйынтыгында эмгек мыйзамдарынын аткарылышы жана жаңы окуу жылына даярдык иштеринин жүрүшү боюнча тиешелүү маалыматтар алынып, сунуш-пикирлер берилди.

Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана и...
02/07/2026

Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубат Абдракманов Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн мониторингге катышышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө №8 жана №72 бала бакчаларына, ошондой эле №8 жана №13 жалпы билим берүүчү мектептерге барып, эмгек жамааттары менен жолугушту. Жолугушууларда билим берүү кызматкерлеринин эмгек мыйзамдарынын сакталышы, жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүлөрү, оңдоо иштерине мугалимдердин тартылышы жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Мониторингдин жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдар жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, алардын аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.
____________________________________________________________________________

Председатель Федерации профессиональных союзов Кыргызстана Мурадил Джумадилде уулу, председатель Центрального комитета профессиональных Союзов работников образования и науки Кыргызской Республики Саламат Боёнов и председатель Бишкекского городского комитета профсоюза Кубат Абдракманов приняли участие в мониторинге ряда образовательных учреждений города Бишкек.

В ходе рабочей поездки они посетили дошкольные образовательные организации №8 и №72, а также общеобразовательные школы №8 и №13, где встретились с трудовыми коллективами.

В ходе встреч были обсуждены вопросы соблюдения трудового законодательства, предоставления ежегодных трудовых отпусков, недопущения привлечения педагогических работников к ремонтным работам, а также другие актуальные вопросы, касающиеся социально-трудовых прав работников сферы образования.

По итогам мониторинга было отмечено, что по всем поднятым вопросам совместно с соответствующими государственными органами и руководителями образовательных учреждений будут приняты необходимые меры для их решения.

Кыргызстандын жаш педагогдору эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине катыштыКыргыз Республикасынын Билим берүү жана или...
24/06/2026

Кыргызстандын жаш педагогдору эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине катышты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ноокат райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Айпери Кенеш кызы жана баштапкы уюмдардын төрагалары менен төрайымдары 2026-жылдын 22–25-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Акмола облусундагы Бурабай курорттук аймагында өткөн эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине катышты.

Эл аралык «Жаш педагог – 2026» лагерине Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жаш педагогдор жана кесиптик бирлик активисттери катышты. Иш-чара жаш мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, тажрыйба алмашуу, кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулду.

«Жаш педагог – 2026» лагеринин ачылышында Казакстан Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин, Казакстан Республикасынын билим берүү, илим жана жогорку билим кызматкерлеринин тармактык кесиптик бирлигинин төрайымы Айгүл Мукашева жана башка коноктор сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган “Чаткал: тарыхы, маданияты, табигый мурасы жана өнүгүү келечеги” ...
22/06/2026

Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган “Чаткал: тарыхы, маданияты, табигый мурасы жана өнүгүү келечеги” темасында илимий конференция болуп өттү. Илимий конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Кудайкулов А.О. катышты.

Иш-чараны Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич ачып, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Конференциянын жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагында эмгектенген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан Ардак грамоталар жана төш белгилер менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.А. Бо...
05/06/2026

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.А. Боенов жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г.Т. Исаматова жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Макулдашууга кол коюшту.

Документ социалдык-эмгектик мамилелерди өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоого, тараптардын милдеттенмелерин тактоого жана кызматташуунун принциптерин бекемдөөгө багытталган.

Жолугушууда эмгек укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Кол коюлган Макулдашуу кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин жакшыртууга жана тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу алкагында Б. Сыдыков атында...
03/06/2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Бириккен кесиптик бирлик комитетинин демилгеси менен «Биз бактылуу үй-бүлө» аттуу үй-бүлөлүк спорттук мелдеш уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облусундагы өкүлү А.Э. Саттаров, университеттин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ш.М. Эгемберлиев, факультет декандары жана колледж директорлору катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.

Мелдешке университеттин факультеттеринен, колледждеринен жана бөлүмдөрүнөн түзүлгөн үй-бүлөлүк командалар катышып, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.

🏆 Жеңүүчүлөр:
🥇 I орун – Акназар уулу Кадырбек жана анын үй-бүлөсү;
🥈 II орун – Абдураимов Кадырали Абсаматович жана анын үй-бүлөсү;
🥉 III орун – Каримова Мээркан Капаровна жана анын үй-бүлөсү.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана эмгек жамаатынын ынтымагын бекемдөөгө багытталган маанилүү демилге болду. Мелдештин жогорку деңгээлде уюштурулушуна окуу жайдын «Достук» спорт клубу да өз салымын кошту.

2026-жылдын 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кес...
30/05/2026

2026-жылдын 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кесиптик бирлик мүчөлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облусуна карашту райшаарлардан жана ЖОЖдордун 200гө жакын кызматкерлери катышты.

Салтанатта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов куттуктоо сөз сүйлөп, билим берүү тармагына кошкон үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштердеги активдүү катышуусу үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент А.Э. Саттаров сөз сүйлөп, сыйлык алган кызматкерлерди чын дилинен куттуктап, алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 20 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага Кыргыз Р...
29/05/2026

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 20 жылдык мааракесине арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары А.О. Кудайкулов катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал университеттин жетишкендиктерин белгилеп, мындан аркы ишине ийгиликтер каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин атынан кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө “Төш белгиси” жана “Ардак грамотасы” тапшырылып, алар билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн сыйланышты.

Address

проспект Чуй 207, кабинет 54
Bishkek
119119

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ЦКП работников образования и науки posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category