Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"

Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"

Share

�Услуги по подготовке кадров
�Краткосрочные курсы по

29/01/2026
Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 22/01/2026

Көмөк чордон жабдууларын тейлөө боюнча электр эпкерлерин жаңы даярдоо курсу жүрүп жатат.

160 академиялык сааттын негизинде көмөк чордон жабдууларын тейлөө боюнча электр эпкерлерин окутуу курсу жүрүп жатат.

Аталган курска Чүй, Талас, Бишкек, Ысык-Көл, Ош, Нарын электр тармактар ишканасында эмгектенген кезметчи элект эпкерлери жана "Чакан ГЭС" ААКында эмгектенген электр эпкерлери келишти.

.kg .kg .kg

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 16/01/2026

Бишкек электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарынын башкы инженерлерин жана башкы диспетчерлерин окутуу курсу аягына чыкты.

Аталган окуу курсунда жабдууларды ыкчам тейлөө, ыкчам туташтыруу, ыкчам техникалык иш кагаздарын жана табыштамаларды жүргүзүү, иш орундарын даярдоо боюнча ж.б. темаларды камтыган жана ошондой эле кырсыктарды алдын алуу, болтурбоо иш чаралары талкууланып окутулду.

#инженер
#диспетчер

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 29/12/2025

Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун электр персоналдарын окутуу курсу аягына чыкты.

Аталган курста заводдон өндүрүлгөн электр тогун, улуттук электр берүүчүнүн чубалгыларына берүү үчүн жабдуулардын энергетикалык тутумдарын коопсуз тейлөө үчүн компаниянын адистерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдадык.

Алган билимиңиздер жугумдуу болсун!
Дайырбек Орунбеков Национальная электрическая сеть Кыргызстана Администрация Президента КР Энергетика министрлиги

#мусороперерабатывающийзавод #свалка #мусоросжигательныйзавод #завод

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 29/12/2025

Кеминдеги "Жантай" күн электр станциясынын персоналдарын окутуу курсу аягына чыкты.

Аталган окуу курсунда күн электр станциясынын диспетчерлөө жаатында коммуникация жана 110кВ чубалгыларында өчүрүү, күйгүзүү боюнча эрежелери, бузулууга каршы машыгуу, электр түзмөктөрдү пайдаланууда коопсуздук техникасы ж.б. темаларда окуп билим алышты.

Алган билимиңиздер жугумдуу болсун!
Национальная электрическая сеть Кыргызстана Женщины в энергетике КР Администрация Президента КР Дайырбек Орунбеков

#сэсжантай #солнечнаяэлектростанция #кыргызстан

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 22/12/2025

22-декабрь Энергетика күнүнө карата Окуу борборунун кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлыктар куттуу болуп, жуп болсун!

#22декабря #деньэнергетики #грамота

22/12/2025

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрдин куттуктоосу төмөндөгүдөй:

«Урматтуу энергетиктер жана ардактуу тармактын ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, кубаттуулукту көбөйтүү жана энергиянын кошумча булактарынын потенциалын колдонуу боюнча жумуштар жигердүү башталды жана алардын арасында ийгиликтүү аяктагандары да бар.

Алардын катарынды Токтогул ГЭСнин 4 гидроагрегаты толугу менен реконструкцияланып бүттү. Бул кыргыз энергетикасы үчүн тарыхий окуя десек болот. Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСнин эки гидроагрегатына модернизация иштери жүргүзүлүп бүттү. Калган экөөнү 2026- жылы жаңылайбыз.

Мындан тышкары 2025-жылы 7 ЧГЭС (43,59 МВТ) ишке кирди. Азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Ушул жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы — кубаттуулугу жалпы 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду. Мындан тышкары, 2025-жылдын 24-декабрында 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Аны менен электр энергиясына болгон жоготууларды азайтуу үчүн канчалаган акылдуу эсептегичтер орнотулуп, жабдуулар жаңыланды. Эң негизгиси быйыл эле, 2025-жылы тармакка 104 даана атайын техника сатып алынды. Бул биз үчүн чоң жетишкендик деп айта алам. Муну менен эле токтоп калбастан энергетика тармагын өнүктүруүүгө багытталаган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Урматтуу кесиптештер энергетика тармагындагы иштердин илгерилешине сиздердин салмыңыздар чоң. Бул баа жеткис эмгегиңиздер үчүн мен ыраазычылык билдирем.

Энергетика тармагы өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан бул стратегиялык тармактын өнүгүшүнө өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Алдыда көптөгөн стратегиялык пландар бар. Ал ийгиликтерди сиздер менен биргеликте багындырабыз деген үмүттөмүн.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок энергетиктердин элине кылган эмгеги зор. Мына ошол ак эмгек жана адал ишиңиздер менен керектөөчүлөргө жарык жана жылуулук тартуулап жатасыздар.

Бардык энергетиктерге бакубат жашоо каалайм, жылуу күндөр көп болуп, жарык дайыма жанып турсун!»

♦️Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

🔹Министрдин куттуктоосу төмөндөгүдөй:

✅«Урматтуу энергетиктер жана ардактуу тармактын ардагерлери!

🔷 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбековичтин 22-декабрь - Энергетиктер күнү менен куттуктоосу!
#энергетика
#НЭСК
#деньэнергетика
#энергетиктеркүнү

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 22/12/2025

Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун электр персоналдарын жабдууларды ыкчам тейлөө боюнча электр техникалык персоналдарын даярдоо курсунун биринчи группасы аягына чыкты.

Алган билимиңиздер жугумдуу болсун!

#актуальное #подстанция #мусоросжигательныйзавод #мусор

Photos from Учебный центр ОАО "Национальные электрические сети Кыргызстана"'s post 22/12/2025

72 академиялык сааттык программанын негизинде "1000Вольтго чейин электр коопсуздугу боюнча персоналды даярдоо" аттуу окуу курсу аягына чыгып, экзаменди ийгиликтүү тапшырып, сертификат ыйгарылды.

Аталган курста "Кырг темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери билим алышты.

Алган билимиңиздер жугумдуу болсун!

Каалоочуларга эшик ачык, байланыш телефону 0701020269

#актуальное # электробезопасность

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Telephone

Website

Address

Киргизия
Bishkek
722160

Opening Hours

Monday 07:30 - 16:30
Tuesday 07:30 - 16:30
Wednesday 07:30 - 16:30
Thursday 07:30 - 16:30
Friday 07:30 - 16:30