mahabat_abdullaeva_

mahabat_abdullaeva_

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from mahabat_abdullaeva_, Personal coach, Bishkek.

05/09/2023

“Мусулмандардын кайрымдуулук уюмдары мечиттерди гана салышат” деген жаңылыш стереотиптүү ой коомчулукта кенен тараган. Мечиттер менен биргеликте бир катар маанилүү социалдык объекттер да салынып жатканын өзгөчө баса белгилеп кетүү керек.

Биз кайрымдуулук уюмдарына байланышка чыгып, бүгүнкү күнгө чейин кандай курулуш иштери жүзөгө ашканын тактаганга аракет кылдык.

Жыйынтыгында, ушул күнгө чейин жалпысынан мусулман кайрымдуулук уюмдары тарабынан Кыргызстанда:

1- 70 тен ашуун мектеп - бардык шарты, эмерек, технологиялары менен;

2- 3 бөлмөлүү 495 турак үй - заманбап шартта, жапжаңы эмерек, буюмдары менен;

3- 130 ФАП (фельдшердик-акушердик пункт)- заманбап шартта, жапжаңы, акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктары менен курулуп, мамлекеттин балансына өткөрүп берилди.

4- Ошондой эле, 4 төрөт үйү, 2 психоневрологиялык корпус, жалпы Республика боюнча жападан жалгыз, эл аралык стандарттарга туура келген консультативдик-диагностикалык бөлүм да курулган.

Жогорудагы социалдык имараттар Саид Баюминин жетекчилигиндеги “Ассанабил” фонду, «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси, “Катар” кайрымдуулук фонду, «Human Appeal International U.A.E.» эл аралык гуманитардык бирикмеси тарабынан курулган. Мындан сырткары, кайрымдуулугун элге ачык жарыялагысы келбей, купуя колдоо көрсөткөндөр да бар. Биз алдыда бул тизмени дагы да толуктап, мусулмандардын кайрымдуулук уюмдары тарабынан аткарылып жаткан иштерди чагылдырып турмакчыбыз.

🌐 Сайт: ummamag.kg

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Telephone

Website

Address


Bishkek