29/03/2022
АДАМДЫН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮСҮ.
⠀
"Уксам-унутам.
Көрсөм-эстеп калам.
Жасасам-түшүнөм"
⠀
1.ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ.
⠀
🧠Адам маалыматты кабыл алат, эс тутумга өткөрөт, зарыл болгондо керектүүсүн тартып чыгарат, колдонот.
⠀
🎨Сүрөтчүлөр образдуу, физиктер обстракт түшүнүктөр менен обочолонтуп ой жүгүрүшөт, практиктер турмуштук тажрыйбага таянышат.
⠀
а) көрсөтмө-кыймыл ой жүгүртүү(конструкция)
б) көрсөтмө-образдуу (сабизден помидор)
в) сөздү логикалык түшүнүү аркылуу.
⠀
2. ӨЗ АЛДЫНЧА АҢДАП БИЛҮҮ.
⠀
🛠Өз алдынча аңдап билүү бул программадан четтей алуу, уникалдуу контрукцияларды түзө алуу мүмкүнчүлүгү.
⠀
Мээ адамда ошол кызматты аткарат.
⠀
1 суткада адамга 40 000 ой келип кетет.
⠀
😎Ал ойлордун көпчүлүгүнүн мааниси жокко эсе болот, ал эми аз гана терең маанилүүлөрүн күчтүү адамдар гана бир минутка чейин кармап тура алат.
⠀
3.ЛОГИКА- бир нерсенин өз ара байланыштуулугун байкоого болот.
⠀
Сол жарым шарларда логикалык түшүнүктөр, талдоо топтоштурулган.
⠀
😇Сол жарым шарлар себеп-натыйжалар чынжырын түзө алат, ырааттуу иштей алат, сөздүн маанисин кошо кабылдайт.
⠀
4. ИНТЕЛЕКТТИ ӨСТҮРҮҮ ЖОЛДОРУ.
⠀
🧩Логикалык оюндарга машыгуу илимий журналдар энциклопедия көркөм чыгармаларды окуу, документалдык филимдерди көрүү, чет тилди үйрөнүү, спорт, жаңгак менен балык жеп туруу.
⠀
🧠5.ЭС ТУТУМ он жарым шар окуяны элестүү кабыл алат, сезет, мейкиндикти элестетет. Адам өзү окуганынын10%ын, укканынын 20%ын, көргөнүнүн 30%ын, ал эми талкуулаган нерсесинин 50 %∆өз алдынча байкап, изилдеп, өз колу менен жасаган дарынын 90% эстеп кала алат.
⠀
📝Автор:Гапыр Мадаминов, "Ой өрүшү кругозор китеби, 26 -бет
⠀
#ой
#кругозор
#ойөрүш
#акылэс
#логика
#эстутум