28/01/2026
Элдик Банктын Улуттук демилгеси Баткен кампусунун студенттери үчүн өткөрүлдү
Кыргыз Республикасында сактык ишинин 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен Элдик Банктын өлкөдөгү сактык ишинин сактоочусу катары таанылгандыгына байланыштуу, банк тарабынан республика боюнча жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Улуттук демилге ишке ашырылууда.
Бул демилгенин алкагында Баткен шаарында Кыргыз улуттук университетинин Баткен кампусунун студенттери үчүн атайын окутуу тренинги өткөрүлдү. Иш-чара жаштардын финансылык билим деңгээлин жогорулатууга жана акча каражаттарын туура башкарууга үйрөтүүгө багытталды.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга сактык ишинин тарыхына арналган таанып-билүүчү фильм көрсөтүлүп, жеке бюджетти пландаштыруу, финансылык жоопкерчилик, ошондой эле финансылык сабаттуулуктун негизги куралдары боюнча маалыматтык-окутуу сессиялары уюштурулду.
Элдик Банктын адистери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен биргеликте интерактивдүү сабактарды өткөрүп, студенттердин суроолоруна кеңири жооп беришти. Иш-чаранын соңунда активдүүлүк көрсөтүп, талкууларга катышкан студенттерге эстелик белектер тапшырылды.