09/07/2026
КУТТУКТАЙБЫЗ! 🌟
Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кадырбекова Амина Кадырбековна жалпы республикалык тестирлөөдө 200 жана андан жогору упай топтоп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 50 000 сомдук сертификат менен сыйланды.
Ошондой эле мектебибиздин мугалими Токтогазиева Сайрагүл билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Бул жетишкендиктер – үзүрлүү эмгектин, талыкпаган аракеттин жана сапаттуу билим берүүнүн жемиши.
👏 Кадырбекова Аминага мындан аркы окуусунда дагы бийик ийгиликтерди, ал эми Сайрагүл эжейге чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!
Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин жамааты сыймыктанат! 💐🎉
Билим берүү жана илим министрлиги
Талас Облустук Усулдук Борбору
Талас Райондук Шаардык Ббб
Таласский городской кенеш
Талас Байрагы интернет гезити