Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Talas
  • Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту

Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту, Education Website, Кенешбек Нуржанова аллеясы 25, Talas.

2025-жылдын 1-ноябрь күнү жалпы республикалык ишембиликке Талас мамлекеттик университетинин Педагогика жана мугалимдерди...
03/11/2025

2025-жылдын 1-ноябрь күнү жалпы республикалык ишембиликке Талас мамлекеттик университетинин
Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун педагогика кафедрасынын жана Педагогика колледждин окутуучулар жамааттары активдүү катышты.

Окутуучулар окуу жайдын айлана-тегерегин күзгү жалбырактардан тазалап, иретке келтирүүгө чоң салым кошушту. Бул демилге окуу жайдын тазалыгын сактоого багытталган.

#ТалМУ #Ишембилик2025 #Тазалык #ПедагогикаИнституту #Колледж

🎉 2025 жылдын 25-июнунда Талас мамлекеттик университетинде – Мектепке чейинки билим берүү адистигинде “БӨБӨКТӨР АКАДЕМИЯ...
27/06/2025

🎉 2025 жылдын 25-июнунда Талас мамлекеттик университетинде – Мектепке чейинки билим берүү адистигинде “БӨБӨКТӨР АКАДЕМИЯСЫНЫН” САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШЫ! 🎨📚👶

Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун Педагогика кафедрасы жана Педагогикалык колледждин профессордук-окутуучулар курамынын демилгеси менен түзүлгөн “Бөбөктөр академиясы” аттуу лабораториялык борбор салтанаттуу ачылып, балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүчү иш-аракеттер менен башталды.
✂️ Ачылыш аземин университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Жыргалбек Сабырбекович Шаршембиев расмий ачып берип, бул борбор жаш муундун өнүгүүсүнө жана чыгармачылыгына чоң өбөлгө болоорун белгиледи. Окуу жайдын жетекчилери, окутуучулар, ата-энелер жана чакырылган коноктор да өз куттуктоолорун билдиришти.

👩‍🏫 Иш-чаранын жүрүшүндө кафедралардын окутуучулары бөбөктөр үчүн практикалык мастер-класстарды өтүштү:
• Эсекеева Раушан – “Муз тамчылары” темасында STEAM методикасы аркылуу тажрыйбалык сабак өттү;
• Асилбек кызы Каным – Арт-терапия боюнча сабак өтүп, балдар жамгыр тамчыларын жалбыракка элестетип сүрөткө түшүрүштү;
• Калманова Бубусара (Педагогикалык колледж) – балдар менен чүкө оюну аркылуу логикалык ой жүгүртүүнү жана стратегиялык ойлоону өнүктүргөн сабакты ишке ашырды.

🧠🎲 Сабактар кызыктуу оюн түрүндө уюштурулуп, шахмат, чыгармачылык, илимий изилдөөлөр жана кол өнөрчүлүк аркылуу балдардын аң-сезимин, креативдүүлүгүн жана практикалык көндүмдөрүн арттырды.

👧🧒 Бул лаборатория – балдардын интеллектуалдык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү заманбап эксперименттик аянтча болуп калат!
👧🧒 Иш-чарада ар түрдүү интерактивдүү оюндар, шахмат, логикалык тапшырмалар, арт-терапия элементтери колдонулуп, бөбөктөр активдүү катышып, таасирдүү маанайда болушту.

“Бөбөктөр академиясы” – бул жөн гана окуу борбору эмес, бул – баланын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталган жаңы дем, ишенимдүү кадам!

#ТалМУ #ПедагогикаКафедрасы #ПедагогикалыкКолледж #БөбөктөрАкадемиясы #АртТерапия #ЧүкоОюну #БилимБерүү #ЖаңыДем #ИнновациялыкОкутуу

Address

Кенешбек Нуржанова аллеясы 25
Talas

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Педагогика жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share