31/05/2026
Урматтуу ата-энелер, кадырлуу коноктор, ардактуу мугалимдер жана сүйүктүү окуучулар!
Акыркы коңгуроо салтанаты – бир окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, жетишкендиктерди даңазалаган өзгөчө күн. Бул окуу жылында мектебибиздин окуучулары билим, спорт, чыгармачылык жана коомдук иштер боюнча райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарда ийгиликтерди жаратып, мектебибиздин намысын бийик көтөрүштү.
Жыл ичинде талыкпай эмгектенип, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларыбыз бүгүн Ардак грамота жана сыйлыктар менен сыйланууда. Алардын ар бир жеңишинин артында мээнеткеч мугалимдердин эмгеги, ата-энелердин колдоосу жана окуучулардын өздөрүнүн аракети турат.
Мугалимдерибиз да билим берүүдө чыгармачылык менен иштеп, окуучуларды ийгиликке жетелеп, мектептин аброюн көтөрүүгө чоң салым кошушту. Алардын кесипкөйлүгү жана тынымсыз изденүүсү биздин сыймыгыбыз.
Урматтуу окуучулар! Бүгүнкү алган сыйлыгыңар жаңы ийгиликтерге дем берип, дагы да бийик максаттарды багындырууга шыктантсын. Ал эми мугалимдерибизге жана ата-энелерге өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодогу зор эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз! Мектебибиздин жетишкендиктери артып, окуучуларыбыздын жылдызы ар дайым жанып турсун!