Таласский лицей Мээрим

Таласский лицей Мээрим

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Таласский лицей Мээрим, Education, Бердике Баатыр 340\А, Talas.

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 02/01/2025

Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу "Маариф" түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик "Маариф" фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз.

01/01/2025

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин интернет сайтында түн жарымда (31.12.24 саат 00.24) чыккан каттоо маалыматы аркылуу мекемебиздин Маариф фондуна өткөндүгү тууралуу кабардар болдук. Сайттагы маалыматтарга ылайык, 3 ээлик кылуучу мекеме көрсөтүлгөн.
Алар:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Эл аралык Маариф билим берүү мекемеси
3. Түркия Маариф фонду.
Жетекчиси катары Түркия Республикасынын жараны Хүснү Биржан жазылган.
Буга чейин соттун чечими аркылуу “Сапаттын” 4 түзүүчүсүнүн бири болгон Орхан Инанды куруучулардын курамынан чыгарылган, ал эми экинчи түзүүчүсү М. Ж. өз ыктыяры менен “түзүүчүлүктөн баш тартты” делген. Ошону менен “Сапаттын” түзүүчүлөрүнүн курамында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен дагы бир түзүүчү А.С. калган. КР Билим берүү жана илим министрлиги А.С. мырзаны түзүүчүлөрдүн курамынан чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрында кароого коёт, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу, ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду. “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду КР мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз.
Өлкөбүздүн жана жаштарыбыздын келечеги сапаттуу билим менен өнүгө турганына терең ишенген билим берүүчүлөр катары 32 жылдык эбегейсиз эмгектин мөмөсү болгон мектептерибиздин сапатынын үзгүлтүксүз улануусу негизги тилегибиз.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы жамаатын эч кандай провокацияга алдырбастан, сабырдуулук менен окуучуларыбыздын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпай өз ишин улантууларына чакырабыз.

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 27/12/2024

📑GPA (Grade Point Average) 👏👏👏

💰1 место: 3000 сом
10 класс - Чынгызова Нурсия
9 класс - Мыктыбекова Бегимай
8 класс - Мирланбекова Малика
7 класс - Умарканова Акылзат

💰2 место: 2000 сом
10 класс - Шукуралиева Айчурок
9 класс - Белекова Саадат
8 класс - Аалыева Мадина
7 класс - Абдыкеримова Нурайым

💰3 место: 1000 сом
10 класс - Эшмухамбетова Айэлита
9 класс - Тургунбекова Мунира
9 класс - Чынарбекова Асема
8 класс - Сулайманова Адия
7 класс - Умарканова Амина

“Поздравляем с вашим высоким GPA!
Это результат вашего упорства и труда. Успехов в дальнейшем!”🥳

27/12/2024

🍀Green Card🍀

🏅8C Саламатова Амаль
🏅8С Мирланбекова Малика
🏅10Б Сулейманова Азиза
🏅8С Аалыева Мадина
🏅9С Муратбекова Тахмина

В 2024–2025 учебном году завершилась вторая четверть. Успехи учащихся оценивались по двум направлениям: за успеваемость выставлялись оценки, а за воспитательные заслуги использовалась система Green Card ✅✅✅

Ученики, набравшие наибольшее количество зелёных карточек, были отмечены ценными подарками в знак признания их стараний и примерного поведения!🎁

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 24/12/2024

2024-жылдын 23-ноябрында «Сапат» билим берүү мекемесинин мугалимдери арасында өткөн предметтик сынакта алдыңкы орундарды багындырган мыкты мугалимдерибизди куттуктайбыз! Сиздердин жетишкендигиңиздер мекеменин сыймыгы болуп саналат. Ийгиликтер жарала берсин!

Курманалиева Нускайым 1🥇
Турабай уулу Жыргалбек 1🥇
Аппасова Камила 2🥈
Гази Зиинат 2🥈
Жуманова Азима 2🥈
Шакирова Айгул 3🥉

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 24/12/2024

Бүгүн лицейде ЖТС экзамени өттү. Бул чейректин аягында окуучулардын билимин текшерүү үчүн өткөрүлүүчү маанилүү сынак.📝

Экзамен жыйынтыгында ар ким өз билимин баалап, кайсы жерде көбүрөөк аракет кылыш керектигин түшүндү. Бул күн мындан ары ийгиликтерге жетүү үчүн жаңы кадам болуп калды.📚

19/12/2024

Китеп- адамзаттын эң баалуу мурасы, акылдын кенчи жана билимдин шамы📚📖
Лицейибизге, 9-Ж классынын окуучусу Адылбекова Маликанын чоң атасы, жазуучу✍️🏻 Адылбек Шабданов тарабынан "Бабалар баскан жолду улап..." ошондой эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Тандалган чыгармалары" китептери белек болду.
Билимге умтулган ар бир жаш жүрөк- жаркын келечектин негизи.

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 12/12/2024

Улуттук адабият күнүнө арналган иш-чарада улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына басым жасалды. “Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу” жана “Кыямат” чыгармаларынын негизинде өткөрүлгөн китеп окуу конкурсу окуучулар арасында кызыгуу жаратты. Бул иш-чара Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын даңазалоо менен бирге, жаштарды көркөм адабиятка кызыктыруунун мыкты үлгүсү болуп калды.📚📄

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 10/12/2024

Өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн кам көрүп, инсандардын руханий байлыгы жан дүйнө таанымына жол салып, адеп- ахлактын, тарбиянын, маданияттын очогуна багыттап, тунук ыклас, талыкпас эмгек менен
эл жерге кызмат кылгандыгы үчүн жана 3 - декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күнүнө карата көргөзгөн зор салымы үчүн 11- классыбыздын окуучулары, «Элим, Барсыңбы?!-Талас» коомдук кайрымдуулук фондунун ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ менен сыйланышты.

06/12/2024

Поздравляем 🥳 с отличным результатом на TOEFL – 93 балла! Это большое достижение и доказательство вашего упорства и знаний. Успехов в дальнейшем!

15/11/2024

🍀Green Card

В 2024-2025 учебном году завершена первая четверть. Успехи учащихся оценивались в двух направлениях: за знания ставились оценки, а за воспитание использовалась система карточек. В рамках системы Green Card (Зелёная карта) ученики, набравшие в лицее наибольшее количество карточек получили подарки!🎁

Photos from Таласский лицей Мээрим 's post 14/11/2024

📑GPA (Grade point average)


🏆По завершении четверти награды были вручены ученикам с самым высоким средним баллом. Призы получили три лучшей ученицы седьмого, восьмого, девятого и десятого класса.

💰1 место: 3000 сом
10 класс - Чынгызова Нурсия
9 класс - Тургунбекова Мунира
8 класс - Аалыева Мадина
7 класс - Умарканова Амина

💰2 место: 2000 сом
10 класс - Шукуралиева Айчурок
9 класс - Чынарбекова Асема
8 класс - Мирланбекова Малика
7 класс - Умарканова Акылзат

💰3 место: 1000 сом
10 класс - Мамбетова Касиет
9 класс - Мыктыбекова Бегимай
8 класс - Сулейманова Адия
7 класс - Стамова Айлина

📢В следующей четверти мы надеемся на ещё большие успехи и повышение среднего балла GPA! Пусть каждый ученик откроет для себя новые возможности, проявит настойчивость и достигнет отличных результатов. Вперёд к новым вершинам знаний и достижений!

Want your school to be the top-listed School/college in Talas?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Culinary Team

Attire

Telephone

Website

Address

Бердике Баатыр 340\А
Talas