09/07/2026
Сыймыктуу жаңылык! 🇰🇬
Билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгек, сапаттуу билим берүүгө кошкон салым жана жетишкен ийгиликтер жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан бир катар сыйлыктар тапшырылды.
🏅 А. Нуржанов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин эмгек жамааты билим берүү тармагындагы ийгиликтери үчүн Ыраазычылык катка ээ болду.
Урматтуу мектеп жамааты!
Жетишкен ийгиликтериңиздер кут болсун! Мектебибиздин аброюн көтөргөн бул сыйлыктар ар бириңиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, жоопкерчилигиңиздердин жана биримдигиңиздердин үзүрү.
Мындан ары да билим берүүдө жаңы ийгиликтерди багындырып, окуучуларыбыздын келечеги үчүн ак кызмат кыла бериңиздер. Мектебибиздин ийгилиги арта берсин!
Ийгилигиңиздер куттуу, эмгегиңиздер жемиштүү болсун! 👏🇰🇬📚
🎓 Ошондой эле мектебибиздин бүтүрүүчүсү Айталиев Айтеңир Таалайбекович Жалпы республикалык тестирлөөдө 200дөн жогору упай топтоп, 50 000 сомдук сертификат менен сыйланды.
🏅 Берембаев Таалайбек Айталиевич – билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Мектеп жамаатынын атынан уулун татыктуу тарбиялап, билим алуусуна ар тараптан колдоо көрсөтүп, бүгүнкү ийгилигине чоң салым кошкон Таалайбек Айталиевичдин үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин үзүрү ушундай жетишкендиктер менен акталып жатат.
#Сыйлык #Талас #Бүтүрүүчү #Мектепжамааты #атаэне #билимберүү