29/05/2026
КОШ БОЛ АЛТЫН МЕКТЕБИМ!
2026-жылдын 29-майында Сүлүктү шаарындагы А.Кайымкулов атындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде “Акыркы коңгуроо” аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Сүлүктү-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Манас Жалилов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Канатбек Кудаяров, шаардык депутаттар кеңешинин депутаты Бекмырза Нурудинович, КУУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун ага окутуучусу Асалбубу Сейитмуратова, мектептин ардагер мугалими Абдуганы Аитов, Сүлүктү жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкери Алмазбек Эргешбаевич, ошондой эле 20 жылдык бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышышты.
Азем мектеп босогосун аттап чоң турмушка кадам таштап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө толкундануу менен коштолду. Майрамдык салтанатта келген коноктор бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечекте билимдүү, мекенчил жана элине кызмат кылган инсандардан болушуна тилектерин билдиришти. Ошондой эле окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү жана үлгүлүү эмгеги үчүн бир катар окуучуларга, мугалимдерге Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, окуучулардын ыр-бийлери, ак тилектери жана мугалимдерге арналган жүрөк толкуткан каалоо-тилектери майрамдын көркүн дагы да арттырды. Өзгөчө акыркы коңгуроонун жаңырыгы бүтүрүүчүлөрдүн мектеп менен коштошкон унутулгус көз ирмемине айланды.