Ж. Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктү гуманитардык - экономикалык институту
ВУЗ в Сулюкте
09/07/2026
08/07/2026
Урматтуу абитуриенттер, кабыл алуу комиссиясы 2026-жылдын 22-июнунан тартып кабыл алуу комиссиясы өз ишин баштагандыгын маалымдайбыз.
Сиздерди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү
А.А. Машрабов атындагы Гуманитардык-экономикалык институтуна окууга чакырабыз!
Биздин окуу жай – сапаттуу билим берүү менен бирге заман талабына жооп берген кесиптерди өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап билим берүү мекемеси. Бул жерде сиздер жогорку квалификациялуу окутуучулардан билим алып, келечектеги кесибиңиздердин мыкты адиси болууга жол ачасыздар.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – бул:
• Өзгөчө макамга ээ улуттук университет
• Жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам
• Билим берүү жана илимдин ири борбору
• Келечектин кесиптерин тандоого кеңири мүмкүнчүлүк
• Практикага багытталган билим берүү
• Ишке орношуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр
• Татыктуу билим жана ийгиликтүү карьера.
Кыргыз улуттук университетинин диплому Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, чет мамлекеттерде да таанылып, бүтүрүүчүлөргө эл аралык деңгээлде билим алуу жана эмгектенүү мүмкүнчүлүгүн ачат.
Биздин окуу жайда даярдалуучу багыттар:
Жогорку билим берүү (магистратура)
• 550200 – Физика-математикалык билим берүү
• 550300 – Филологиялык билим берүү
• 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү
• 550700 – Педагогика
Жогорку билим берүү (бакалавриат)
550100 – Табигый-илимий билим берүү
• Биология
550200 – Физика-математикалык билим берүү
• Математика
550300 – Филологиялык билим берүү
• Кыргыз тили жана адабияты
• Орус тили жана адабияты
• Англис тили
550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү
• Тарых
550700 – Педагогика
• Башталгыч билим берүү
• Мектепке чейинки билим берүү
510200 – Колдонмо математика жана информатика
• Колдонмо математика жана информатика
580100 – Экономика
• Финансы жана кредит
532000 – Дене тарбия жана спорт
• Дене тарбия
Атайын орто кесиптик билим берүү
• 030503 – Укук таануу
• 050702 – Тарбиялык иштерди уюштуруу
• 050303 – Чет тили
• 050704 – Мектепке чейинки билим берүү
• 050709 – Башталгыч класстарда окутуу
• 080107 – Салыктар жана салык салуу
• 080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп
• 130404 – Жер астындагы пайдалуу байлыктардын кендерин иштетүү
• 140206 – Электрдик станциялар, тармактар жана системалар
• 230110 – Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө
• 060101 – Дарылоо иши
• 060106 – Фармация
• 060109 – Медициналык айым иши
Абитуриенттерди кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
📍 Сүлүктү шаары, И. Раззаков көчөсү №48
(институттун башкы окуу корпусу)
📍 Раззаков шаары, И. Раззаков көчөсү №13
(мурдагы Лейлек гуманитардык-экономикалык колледжинин имараты)
Байланыш телефондору:
📞 +996 (779) 302-655
📞 +996 (776) 855-298
📞 +996 (779) 808-035
📞 +996 (501) 712-038
Расмий сайт: https://www.knu.ru/kg/en/
Келечегиңизге бүгүнтөн баштап бекем кадам таштаңыз!
Сапаттуу билим алып, ийгиликтүү адис болууну кааласаңыз, биз сиздерди күтөбүз!
07/07/2026
Ыраазычылык билдиребиз...
Ж.Баласагын ат.КУУ СГЭИнин жамааты окуу жайыбыздын сыймыктуу бүтүрүүчүсү, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Жороев Ысманали Эгембердиевичке институтубузга 3 даана жаңы үлгүдөгү портативдик компьютерлерди белекке бергендиги үчүн чын жүрөктөн терең ыраазычылык билдирет.
Бул колдоо студенттерибиздин сапаттуу билим алышына, билим берүү процессин санариптештирүүгө жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кошулган баалуу салым болуп саналат жана мындай демилгелер жаштарыбыз үчүн да мыкты үлгү болуп эсептелет.
Урматтуу Ысманали Эгембердиевич! Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди жана элибиздин бакубат жашоосу үчүн жасап жаткан эмгегиңизге береке каалайбыз.
06/07/2026
🎓 Урматтуу абитуриенттер!
Эми Бишкек шаарына барбай эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинн колледждерине, бакалавриат, магистратура программаларына биздин институттун кабыл алуу бөлүмү аркылуу документ тапшыра аласыздар.
Убактыңызды жана жол чыгымыңызды үнөмдөп, бардык керектүү документтерди өз шаарыңыздан эле тапшырыңыз!
Абитуриенттерди кабыл алуу төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
📍 Сүлүктү шаары, И. Раззаков көчөсү №48
(институттун башкы окуу корпусу)
📍 Раззаков шаары, И. Раззаков көчөсү №13
(мурдагы Лейлек гуманитардык-экономикалык колледжинин имараты)
Байланыш телефондору:
📞 +996 (779) 302-655
📞 +996 (776) 855-298
📞 +996 (779) 808-035
📞 +996 (501) 712-038
Расмий сайт: https://www.knu.kg/ky/ru/ #
Кыргыз улуттук университетинин диплому Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, чет мамлекеттерде да таанылып, бүтүрүүчүлөргө эл аралык деңгээлде билим алуу жана эмгектенүү мүмкүнчүлүгүн ачат.
05/07/2026
🩺 Урматтуу КУУ СГЭИнин медициналык колледжинин окутуучулары жана жалпы медицина кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, жогорку жоопкерчилигиңиздер жана адам өмүрүн сактоого кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык колледжде келечектеги адистерди тарбиялап жаткан эмгегиңиздер ар дайым жогору бааланат.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик жана түгөнгүс күч-кубат каалайбыз!
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун! 💐
15/06/2026
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунда “Бүтүрүүчү – 2026” салтанаттуу кечеси өткөрүлдү
Салтанаттуу иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш.Абдыжапаров, институттун директору, ф.и.к., доцент Ш.Ж.Эржигитова жана структуралык бөлүм башчылары катышып, бүтүрүүчүлөрдү окуу жайын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Өз сөзүндө жаштарга келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалап, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо турган билимдүү адистер болушарына ишенимин билдирди.
Кеченин жүрүшүндө окуудагы, илимий-изилдөө, коомдук жана маданий иштердеги жетишкендиктери менен айырмаланган студенттерге ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.
Майрамдык кечеде бүтүрүүчү тайпанын студенттери тарабынан чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү. Иш-чара жылуу каалоо-тилектер, кубанычтуу көз ирмемдер жана келечекке болгон ишеним менен коштолду.
“Бүтүрүүчү – 2026” кечеси бүтүрүүчүлөрдүн жүрөгүндө жагымдуу эстелик болуп сакталып, аларды жаңы ийгиликтерге шыктандырган маанилүү окуялардын бири болуп калды.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Website
Address
720500