Жарандык укук жана процесси кафедрасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Жарандык укук жана процесси кафедрасы

Жарандык укук жана процесси кафедрасы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Жарандык укук жана процесси кафедрасы, Tutor/Teacher, Раззакова 19а, Osh.

2026- жылдын 18-19-25-28- май күндөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистратура бөлүмүнүн 2...
30/05/2026

2026- жылдын 18-19-25-28- май күндөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистратура бөлүмүнүн 2025-26-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Мамлекеттик аттесстациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Тарых-юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасынын ю.и.к.доценти Шоокумова Динара Пайизбековна катышты. Магистранттарга “юрист магистрант” квалификациясын ыйгарууда 27.01.26-жылдын 09-НИ буйругу менен бекитилген комиссиянын тобу алгылыктуу иш алып барып, магистранттардын билимин баалашты жана аталган университеттин юридика-экономика факультетинин деканы ю.и.д., профессор Көкөева Алмагул МАЭди ачып берип, комиссиянын ишине ийгилик каалап кетти.

“Жарандык укук жана процесси” кафедрасынын доценти, ю.и.к. Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна КРнын Министрлер кабинетинин 2025...
30/05/2026

“Жарандык укук жана процесси” кафедрасынын доценти, ю.и.к. Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна КРнын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 29 январындагы №44-р тескемесине(КРнын мам.жана муниц.кызматчыларын 2025-жылы окутууга мамлекеттик заказ) жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн № 08-01/003-В келишимине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында 11.05.–20.05.2026 -ж. күндөрү 72 -сааттык көлөмдө «МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫН НОРМАТИВДИК-УКУКТУК ЖАКТАН КАМСЫЗДОО : ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ» аттуу кайра даярдоо курсун тренер катары окутуп келди.

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 29 январындагы №44-р  тескемеси (Кыргыз Республикасынын мамле...
30/05/2026

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 29 январындагы №44-р тескемеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын 2026-жылы окутууга мамлекеттик заказ) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда тузулгон № 08-01 0003-В келишимине ылайык туштук регион жер адистерине 2026 жылдын 26- январынан 29- январына чейин ОшМУнун тарых жана юридика институтунун жарандык укук жана процесс кафедрасынын улук окутуучусу Махмудов Азамжан Нематович "Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары" аттуу темага 36 саатык семинар тренинг откорду

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 29 январындагы №44-р  тескемеси (Кыргыз Республикасынын мамле...
29/05/2026

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 29 январындагы №44-р тескемеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын 2025-жылы окутууга мамлекеттик заказ) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда тузулгон № 08-01 0003-В келишимине ылайык туштук регион жер адистерине 2025 жылдын 8- сентябрынан 11- сентябрына чейин ОшМУнун тарых жана юридика институтунун жарандык укук жана процесс кафедрасынын улук окутуучусу Махмудов Азамжан Нематович "Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары" аттуу темага 36 саатык семинар тренинг откорду

2026-жылдын 12-май күнү Тарых-юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу, ю.и.к. Токт...
23/05/2026

2026-жылдын 12-май күнү Тарых-юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу, ю.и.к. Токтомамбетова Кыял Кубанычбековна тарабынан 2-курстардын кыргыз агымдары үчүн Жарандык укук предметинен "Акыл таймаш" уюштурулду. Бул иш чара Токтомамбетова Кыял Кубанычбековна тарабынан жыл сайын студенттердин биимин текшерүү максатында уюштурулат. Акыл таймашта 4 агымдана 4 команда түзүлүп, жеңишке жеткен командаларга 1-2-3-даражадагы дипломдор ыйгарылды. Иш чара жогорку деңгээлде болуп өттү.

Тарых юридика институтунун жарандык укук     жана процесси   кафедрасынын  доценти А.К.Эрматова  Социалдык камсыздоо уку...
18/05/2026

Тарых юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасынын доценти А.К.Эрматова Социалдык камсыздоо укугу дисциплинасынан 2026 _-жылы 15_-май күнү институттун 2-курсунун, 1-орус агымына « Медициналык тейлөө» аталышындагы ачык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө интерактивдүү методтор колдонулду. Атап айтканда: презентация, топтук иш, суроо-жооп, талкуу аркылуу теманын негизги маселелери түшүндүрүлдү; студенттердин билим деңгээлин текшерүү жана кызыгуусун арттыруу максатында Kahoot платформасында интерактивдүү тест уюштурулду.

Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдире алышты. Сабак кызыктуу жана мазмундуу өтүп, студенттердин теориялык билимин бекемдөөгө чоң салым кошту.

18.12.2025- жылы тарых- юридика институтунун 2-курсунун студентерине Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкар...
15/05/2026

18.12.2025- жылы тарых- юридика институтунун 2-курсунун студентерине Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору К.К. Сатыбалдыева “Коммерциялык ишмердүүлүктө салык режими” темасында конок лекция өтүп берди. Сдуденттер үчүн адистен алган маалыматтар абдан кызыктуу жана маанилүү болду, алар теманын алкагында өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, так жоопторду ала алышты.
Конок лекция “Жарандык укук жана процесси” кафедрасынын доценти ю. и.к., доцент Эрматова Асель Кудайбердиевна, ю.и.к., доцент Шоокумова Динара Пайизбековна жана улук окутуучу Маманова Айжамал Жусупалиевналар тарабынан уюштурулуп жогорку деңгээлде өттү.

2026-жылдын 21-апрелинде Тарых-юридика институтунун «Жарандык укук жана процесс» кафедрасы тарабынан «Параюридикалык ишм...
28/04/2026

2026-жылдын 21-апрелинде Тарых-юридика институтунун «Жарандык укук жана процесс» кафедрасы тарабынан «Параюридикалык ишмердүүлүк» темасында тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага төмөнкү коноктор катышты:

Садыков Илимбек Жээнбекович — ПРООН/ГФ эксперти;
Кочкоров Ниязбек — юрист;
Каримова Эльмира — параюрист;
Рагимов Али — параюрист;
Сатыбалдиева Чыныкан Топчубаевна — юридика илимдеринин доктору, профессор, илим боюнча директордун орун басары.

Тегерек столдун жүрүшүндө параюристтердин коомдогу ролу жана алардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгү кеңири талкууланды. Өзгөчө калкты жеткиликтүү жана сапаттуу укуктук жардам менен камсыз кылуу маселелери кызуу талкуунун борборунда болду.

Иш-чаранын алкагында Жумабай уулу Майрамбек — улук окутуучу «Кыргыз Республикасында көмөкчү юристтердин укуктук абалы жана ишмердүүлүгү» темасында баяндама жасап, бул тармактагы актуалдуу маселелерге токтолду.

Тегерек столдун уюштуруучулары:

Парайдин уулу Ш. — юридика илимдеринин кандидаты, доцент;
Жаасынбек кызы А. — юридика илимдеринин кандидаты;
Пазылов Н.А. — юридика илимдеринин кандидаты, доцент;
Маматова А.А. — улук окутуучу;
Пазылова М.Н. — окутуучу;
Кожошова Н.А. — окутуучу.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу аянтча болуп берди.

2026-жылдын 27- апрелинде юриспруденция бакалавр багытынын күндүзгү бөлүмүнүн, студенттерине 2-парада, саат:15-00 до өтү...
28/04/2026

2026-жылдын 27- апрелинде юриспруденция бакалавр багытынын күндүзгү бөлүмүнүн, студенттерине 2-парада, саат:15-00 до өтүлдү. ОшМУнун ТЮИнун "Жарандык укук жана процесси" кафедрасынын доценти, ю.и.к. Джунусова Динара Абдалимовна тарабынан Эмгек укугу дисциплинасы боюнча, "Трудовые споры деген темада ачык сабак өткөрүлдү. Тема боюнча актуалдуу суроолор каралды. Жыйынтыгында: студенттер тарабынан суроолор берилип, кызуу талкууга алынып, жооптор берилди. Натыйжада: студенттер тема жөнүндө кеңири түшүнүк алып, жемиштүү аяктады.

17.04.2026- жылы окутуучулардын ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Тарых-юридика институттун Жарандык...
23/04/2026

17.04.2026- жылы окутуучулардын ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Тарых-юридика институттун Жарандык укук жана процесси кафедрасынын окутуучулары тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын Гуманитардык-табигый илимдер факультетинде конок лекция өткөрүлдү.
Иш-чарага 2–3-курстун студенттери катышып, сунушталган темаларга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Лекциянын жүрүшүндө студенттер активдүү суроолорду берип, талкууларга катышып, окутуучулар менен пикир алышышты.
Бул конок лекция билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, каралган темалардын актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктады. Иш-чара окутуучулардын мобилдүүлүк программасынын алкагында мазмундуу жана өз убагында өткөрүлдү.
Лекциялар менен төмөнкү окутуучулар чыгышты:
Истамкулов Жапар Ибайдиллаевич юридика илимдерини кандидаты, доцент
Тема: “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жаратылыш ресурстарына менчик укугу”
• Шоокумова Динара Пайизбековна юридика илимдерини кандидаты, доцент
Тема: “Жумушчулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн материалдык жоопкерчиликтери”
• Жаасынбек кызы Айнура юридика илимдеринин кандидаты, улук окутуучу, Тема: «Үй-бүлө институту: нике, үй-бүлөлүк укуктук мамилелер»
• Мананова Айжамал Жусупалиевна улук окутуучу,
Тема: «Ата- энелердин жана балдардын укук- милдеттери”
Конок лекция коюлган максаттарына жетип, жогорку деңгээлде өтүп жана жемиштүү жыйынтыкталды.

Address

Раззакова 19а
Osh

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Жарандык укук жана процесси кафедрасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category