Алай райондук кесиптик бирлиги

Алай райондук кесиптик бирлиги Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Алай райондук кесиптик бирлиги, Educational consultant, Алай, Osh.

АЛАЙДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН 2026-ЖЫЛДЫН 17-18-АПРЕЛЬ КҮНДӨРҮ  АЙМАКТЫК СПАРТАКИАДАСЫ БОЛУП Ө...
19/04/2026

АЛАЙДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН 2026-ЖЫЛДЫН 17-18-АПРЕЛЬ КҮНДӨРҮ АЙМАКТЫК СПАРТАКИАДАСЫ БОЛУП ӨТТҮ.
Аймактардагы оюндарга ар бир мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышты.

АЛАЙ РАЙОНУНДА 8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЕСИПТИК БИРЛИК ТАРАБЫНАН ЭЖЕКЕЛЕР ЖАН...
06/03/2026

АЛАЙ РАЙОНУНДА 8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЕСИПТИК БИРЛИК ТАРАБЫНАН ЭЖЕКЕЛЕР ЖАНА ТАРБИЯЧЫЛАР ҮЧҮН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ТУРНИР БОЛУП ӨТТҮ.

АЛАЙДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ 2025-жылдын 9-октябрь күнү Мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган майрамдык иш-чара бе...
09/10/2025

АЛАЙДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ 2025-жылдын 9-октябрь күнү Мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган майрамдык иш-чара белгиленди
Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш - чарага Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Болбур уулу Алтынбек, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын кеңешчиси Жунусов Абдыкадыр Арынович, Ош облусундагы кесиптик бирликтин өкүлү Саттаров Абсамат Эрмаматович, ардагер мугалимдер, директорлор, чыгармачыл мугалимдер, айыл өкмөт башчылары жана кесиптик бирликтин алдыңкы мүчөлөрү катышты.

Бүгүнкү иш-чарада Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын Кеңешчиси Жунусов Абдыкадыр Арынович билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана үзүрлүү эмгектери үчүн алдыңкы кесиптик бирлик мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин "100 жылдык Юбилейлик медалын" "Кесиптик бирликтин мыктысы" төш белгисин жана
Борбордук Комитеттин Ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык иш-чарада 335 баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө райондук кесиптик бирлик комитети, Алай райондук билим берүү, Алай райондук балдар чыгармачыл борбору жана Алай маданият үйү тарабынан майрамдык маанай тартууланды..

Баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн Үч-Төбө-Алай айыл аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү ую...
26/04/2025

Баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн Үч-Төбө-Алай айыл аймагындагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жолугушуулар өткөрүлдү!
28-апрель- Эмгекти коргоо күнүнө карата Үч-Төбө-Алай аймагында жайгашкан орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө Эмгекти коргоо боюнча окуулар өткөрүлүп, жаңы эмгек кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
#Эмгектикоргоо
#Алайпрофсоюз
#Эмгеккодекси

Баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн Памир-Алай айыл аймагындагы мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү!28-апрель- Эмге...
26/04/2025

Баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн Памир-Алай айыл аймагындагы мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү!
28-апрель- Эмгекти коргоо күнүнө карата деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан Памир-Алай аймагында жайгашкан №53 Х.Адимсеитов, №39 К.Эсенов, №40 Ы. Мону, № 44 Арча-Булак негизги мектебинде жана №41 С. Умарходжаева атындагы орто мектебинин Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы баштапкы кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө Эмгекти коргоо боюнча окуулар өткөрүлүп, жаңы эмгек кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
#Эмгектикоргоо
#Алайпрофсоюз
#Эмгеккодекси

АЛАЙДА ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ ЖАНА МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ! Облустук этабына өткөн мугалимдерди жана тарбиячы...
24/04/2025

АЛАЙДА ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ ЖАНА МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫ СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ!
Облустук этабына өткөн мугалимдерди жана тарбиячыларды куттуктайбыз! Алдыда облустук сынакта, республикалык сынакта да байгелүү орундарга жетишиңиздер!
#профсоюз
#кесиптикбирлик
#сынак
#Алай

Алайда Эмгекти коргоо боюнча окуу-семинар! 2025-жылдын 23-апрель күнү  №1 Муса Адышев атындагы мектеп гимназиясынын база...
23/04/2025

Алайда Эмгекти коргоо боюнча окуу-семинар! 2025-жылдын 23-апрель күнү №1 Муса Адышев атындагы мектеп гимназиясынын базасында "28-апрель - Эмгекти коргоо" күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору жана мектеп директорлору үчүн семинар болду. Семинарда КРнын билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ош облусу боюнча өкүлү Э.Т. Ажиматов Эмгек кодекси, эмгек келишими, акылуу жана акысыз өргүүлөрдүн берилиши тууралуу кеңири маалымат берип, суроолорго жооп берди.

#профсоюз
#Алай

2025-жылдын 18-апрель күнү Билим берүү кызматкерлеринин Кыргыз спортуна 100 жылдыгына карата "Ден соолук-2025" райондук ...
19/04/2025

2025-жылдын 18-апрель күнү Билим берүү кызматкерлеринин Кыргыз спортуна 100 жылдыгына карата "Ден соолук-2025" райондук спартакиадасы болуп өттү. Спартакиаданын ачылуу жана сыйлоо аземине Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик админстрациясынын башчысы акимдин орун басары Болбур уулу Алтынбек, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров катышып, билим берүү кызматкерлерине жакшы каалоо тилектерин облустук, республикалык спартакиадаларда ийгиликке жетүүнү айтып өтүштү. Райондук спартакиада волейбол (эркектер, аялдар), ордо, шахмат (эркектер, аялдар), тогуз коргоол (эркектер, аялдар), стол теннис (эркектер, аялдар) арасында өткөрүлүп, байгелүү орундарды алган спортчулар кубоктор, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
#профсоюз
#спорт
#Алай

Address

Алай
Osh
730020

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Алай райондук кесиптик бирлиги posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share