Табигый дары өсүмдүктөрдү интродукциялоо долбоору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Табигый дары өсүмдүктөрдү интродукциялоо долбоору

Табигый дары өсүмдүктөрдү интродукциялоо долбоору Научно-исследовательский проект

2025-жылдын 30-октябрында Ош мамлекеттик университетинде ички гранттардын негизинде ишке ашып жаткан илимий долбоорлорду...
30/10/2025

2025-жылдын 30-октябрында Ош мамлекеттик университетинде ички гранттардын негизинде ишке ашып жаткан илимий долбоорлордун көргөзмөсү өттү. Толук маалымат: https://www.oshsu.kg/kg/news/3645

2025-жылдын 27-октябрь күнү б.и.к., доцент Б.А. Каримов жетектеген  "Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык...
29/10/2025

2025-жылдын 27-октябрь күнү б.и.к., доцент Б.А. Каримов жетектеген "Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу" долбоорунун алкагында Алай районунун Гүлчө дарыясынын алабындагы аймактарга экспедиция уюштурулду.

Ош мамлекеттик университетинин ботаникалык багынын шарттарында Origanum vulgare L. өсүмдүгүн интродукциялоо боюнча изилд...
22/08/2025

Ош мамлекеттик университетинин ботаникалык багынын шарттарында Origanum vulgare L. өсүмдүгүн интродукциялоо боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Кыргызстандын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн алынып келинген аталган өсүмдүктүн 2024-жылдын кыш жана жаз мезгилиндеги климаттын катаал шарттарына болгон реакциясына өзгөчө көңүл бурулду. Ыңгайсыз аба ырайына карабастан, айрым үлгүлөр жогорку туруктуулукту жана ыңгайлашууну көрсөтүп, мындан ары көбөйтүү үчүн уруктук материал чогултууга мүмкүнчүлүк берген. Иш жүзүндө экономикалык жактан баалуу белгилерди — түшүмдүүлүктү, уруктуулукту, кышка чыдамкайлыкты жана морфологиялык өзгөчөлүктөрдү жакшыртуу үчүн жасалма тандоо ыкмалары колдонулган. Авторлор алынган маалыматтардын негизинде дарылык өсүмдүктөрдүн жаңы эндемикалык формаларынын генетикалык ресурстарын терең изилдеп, аларды селекциялык жактан өркүндөтүү боюнча мындан аркы эксперименттерди өткөрүү зарыл деп эсептешет. Толугураак маалымат:

In the conditions of the botanical garden of Osh State University, a comprehensive study of introduction of common oregano (Origanum vulgare L.) is carried out in order to breed stable endemic forms for further use in breeding work. The article presents the results of primary adaptation of various s...

2025-жылдын 25-май күнү долбоор жетекчиси Каримов Болотбек, жетектөөчү илимий кызматкер Боронбаева Айназик, улук илимий ...
27/05/2025

2025-жылдын 25-май күнү долбоор жетекчиси Каримов Болотбек, жетектөөчү илимий кызматкер Боронбаева Айназик, улук илимий кызматкерлер Дурсунбаева Аида, Абдырахманова Жазгул, Каид-и Азама (Пакистан) университетинин профессору, б.и.д. Мухаммед Зафар, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институтунун биогеохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Дженбаев Бекмамат Мурзакматович, Казакстан Республикасынын «Ботаника жана фитоинтродукция институту» чарба жүргүзүү укугундагы мамлекеттик ишканасынын микология жана алгология лабораториясынын башчысы Нурашов Сатбай Бакытбаевич менен биргеликте Гүлчө (Куршаб) дарыясынын жогорку агымына (Талдык ашуусу) экспедиция уюштурулуп, ал жердин өсүмдүктөрүнө изилдөө жүргүзүлүп, дары өсүмдүктөрүнүн гербарийлери жыйналды.

Лабораторные опыты
02/02/2025

Лабораторные опыты

Каримов Болотбек Акимович жетектеген  "Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрд...
28/11/2024

Каримов Болотбек Акимович жетектеген "Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо методдорун иштеп чыгуу" долбоорунун алкагында Алай райунунун Гүлчө дарыясынын алабында кездешкен сейрек кездешүүчү декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн уруктары жыйналды

Кыргызстандын шартында кездешкен Бөрү карагат (лат. Berberis L.1753) - жапайы бадал өсүмдүгү. Жоголуу коркунучунда турга...
28/11/2024

Кыргызстандын шартында кездешкен Бөрү карагат (лат. Berberis L.1753) - жапайы бадал өсүмдүгү. Жоголуу коркунучунда турган дары өсүмдүгүнүн уругун мөмөсүнөн бөлүп алып, лабораториялык шартта өстүрүүгө даярдык. 27.11.2024-жыл.

Address

Улица Исанова, 77
Osh
723500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Табигый дары өсүмдүктөрдү интродукциялоо долбоору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share