Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Osh
  • Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү, Educational consultant, Ленина 331, Osh.

Казакстандын Н.Назарбаев университетинин профессору Шаматов Дүйшөн Алиевич менен Окутуунун сапаты жана методикалык камсы...
30/06/2026

Казакстандын Н.Назарбаев университетинин профессору Шаматов Дүйшөн Алиевич менен Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Былыкова Махабат Максатовна жана бөлүмдүн кызматкерлери жолугушту. Бул жолугушууда биздин бөлүм боюнча кенен маалымат берилип, көптөгөн маалыматтар менен эки тарап бөлүшүштү.

25/06/2026
Ош мамлекеттик университетинин окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн жыл жыйынтыгын чыга...
25/06/2026

Ош мамлекеттик университетинин окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн жыл жыйынтыгын чыгарып сыйлоо аземи болуп өттү.
ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич бөлүмдүн бир жыл бою аткарган иштерине баа берүү менен куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
ОшМУнун профессордук – окутуучулук курамына ОСМКБнын башчысы Былыкова Махабат Максатовна 2025-2026-окуу жылында бөлүм тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан жыл сайын ОшМУнун профессордук – окутуучулук курамынын арасында “ Заманбап лектор”, “ Заманбап окутуучу”, “ Педагогикалык дебют”, “ Заманбап СӨАИ чебери”, “ ОшМУнун заманбап окуу басылмасы”, “ОшМУнун заманбап электрондук окуу- усулдук комплекси” деген номинацияларда конкурстар өткөрүлүп келет. Бул конкурстар мыктылардын мыктысын тандоо максатында өткөрүлөт. Конкурстардын катышуучулары сертификат менен сыйланып, ал эми конкурста калыс, так иштеп бергендиги үчүн эксперттик топтун мүчөлөрү да ыраазычылык кат менен сыйланды
Мындан сырткары 2025-2026- окуу жылында университеттик олимпиадада 1- орундарга жетишкен студенттер жана аларды даярдаган окутуучулары да ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Бардык сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Розык...
23/06/2026

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Розыкова Мавлюда Баратовнаны 60 жаш курагы менен ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору У.Д. Молдояров жана ОшМУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э. Саттаров куттукташты. Проректор Уларбек Дүйшөбекович Мавлюда Баратовнаны университетте иштеген үзүрлүү эмгегин баалап, тажрыйбалуу окутуучу жана кесипкөй адис катары иштеп келе жаткандыгын белгилеп, чын дилден ыраазычылык билдирип куттуктоо баракчасын тапшырды. Ал эми кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Эрмаматович куттуктоо менен бирге "Жалал-Абад" курортуна сертификат берди. Бөлүм башчы Махабат Максатовна да эжекени куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты. Мавлюда Баратовна, кутман курак кут болсун!!!

12-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын   2025 – 2026 – окуу жылынын жылдык рейти...
12/06/2026

12-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын 2025 – 2026 – окуу жылынын жылдык рейтингин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыктарын таануу боюнча комиссиянын курамынын жыйыны болуп өттү.

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улутту...
11/06/2026

ОшМУнун окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине сапат менеджменти боюнча тажрыйба алмашуу максатында барышты.

“ОшМУнун заманбап окуу басылмасы – 2026” конкурсунун катышуучуларынын окуу басылмаларын эксперттик топ карап, талкуу жүр...
28/04/2026

“ОшМУнун заманбап окуу басылмасы – 2026” конкурсунун катышуучуларынын окуу басылмаларын эксперттик топ карап, талкуу жүргүзүү учурунан.

“ОшМУнун заманбап электрондук окуу - усулдук комплекси  – 2026” конкурсунун катышуучуларынын электрондук окуу – усулдук ...
27/04/2026

“ОшМУнун заманбап электрондук окуу - усулдук комплекси – 2026” конкурсунун катышуучуларынын электрондук окуу – усулдук комплекстерин эксперттик топ карап, талкуу жүргүзүү учурунан.

2026 - жылдын 24 - апрелинде, “ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2026” конкурсунун катышуучулары эксперттик топко өздөрүнүн...
24/04/2026

2026 - жылдын 24 - апрелинде, “ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2026” конкурсунун катышуучулары эксперттик топко өздөрүнүн мастер класстарын көрсөтүштү.

Бүгүн 2026-жылдын 24- апрелинде университеттин деңгээлиндеги "Педагогикалык дебют-2026" конкурсунун катышуучуларынын  ви...
24/04/2026

Бүгүн 2026-жылдын 24- апрелинде университеттин деңгээлиндеги "Педагогикалык дебют-2026" конкурсунун катышуучуларынын видеосабактарына эксперттик топ анализ берип, талкуу жүргүзүү учурунан.

Address

Ленина 331
Osh
723500

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share