107 Аманбай Жунусов атындагы орто мектеби

107 Аманбай Жунусов атындагы орто мектеби

Share

№107 А.Жунусов атындагы орто мектеби

09/05/2025

"Улуу Жеңишке 80 жыл" 1б- класс

09/05/2025

"Улуу Жеңишке 80 жыл" №107 А.Жунусов атындагы орто мектеби 1а-класс

05/03/2025

Ак калпагы кыргыздын,

Жарчысы бол достуктун.

Ак калпагы кыргыздын,

Элчиси бол тынчтыктын.

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Урматтуу, биздин агайлар жамааты! Башыңыздардан ак калпак түшпөсүн, Ала-Тоонун символу болгон улуттук баш кийимибиздей: Баалуу,бийик,улук болуп,узак өмүр сүрүңүздөр! Майрамыңыздар менен куттуктап, эжекелер жамааты! МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!


05/03/2025
05/03/2025

Аябай берип жарашык,
Көргөндүн баары самашып.
Кыймалуу ыйык калпакты,
Ар кыргыз кийген талашып.
Лондондо кийип жүрсөң да,
Пай-пайлап баары карашып.
Ала -Тоо сымал ак калпак,
Кыргызга турсун жарашып🇰🇬
5-март Ак калпак күнү куттуу болсун!


27/02/2025

№107 А.Жунусов атындагы орто мектебинин 1а- классынын эркек балдарынын арасында 23- февраль "Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө" карата уюштурулган "Биз сергек жашоону тандайбыз" аталышындагы спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдеште "Достук" жана "Биримдик" командалары жарышышты. "Достук" командасы 1- орунду, "Биримдик" командасы 2- орунду ээледи.
#карасуурайоно
#башбулакайылаймагы

Photos from 107 Аманбай Жунусов атындагы орто мектеби's post 23/02/2025

Эне жүрөк - тунук булак суусаганда,
Эне жүрөк - муздак көлөкө ысыганда.
Эне жүрөк- махабаттын кең ааламы,
Эне жүрөк -бардык жанга татыган да.

Кара- Суу районуна караштуу Баш - Булак айыл өкмөтүнө караштуу Садырбай айылындагы
№107 А. Жунусов а о мектебинде " Коопсуз чөйрөдө - татыктуу келечек ээлерин тарбиялайбыз " деген девизи менен " Апам жана мен " аталышындагы спартакиада болуп өттү.
Спартакиадага 1- "Б" классынын окуучулары жана апалары катышып беришти. Келип катышып берген апаларга ыраазычылык билдиребиз.

Photos from 107 Аманбай Жунусов атындагы орто мектеби's post 08/02/2025
Want your school to be the top-listed School/college in Osh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Osh

Website

Address

Кара-Суу району, Садырбай айылы
Osh
723303

Opening Hours

Monday 08:00 - 19:00
Tuesday 08:00 - 19:00
Wednesday 08:00 - 19:00
Thursday 08:00 - 19:00
Friday 08:00 - 19:00