16/03/2022
🔔Ош технологиялык университетинин «Бизнести башкаруу жана социалдык иш» кафедрасына караштуу багыттардын бири болгон «Социалдык иш» багытынын кесиптик ишмердүүлүгүнө багытталган “Мээримдүү жүрөк” видеоролик конкурсун жарыялайт.
▶Бул конкурсту уюштуруудагы негизги максат - жардамга муктаж болгон коомдун аярлуу катмарына жардам берүүчү муундарды тарбиялоо
🎥Конкурс «Мээримдүү жүрөк» деп аталып 5 минутадан турган 1 видеоролик аркылуу сынакка катышуу болуп саналат.
✅Конкурстун катышуучулары жана шарттары:
- конкурска 10-11 класстын окуучуларынан түзүлгөн топ катыша алат жана өздөрүнүн шаарын,айылын , мектебин, классын, уюштуруучу Ош технологиялык университетинин “Бизнести башкаруу жана социалдык иш” кафедрасын атап өтүүсү зарыл.
- конкурска катталуу 2022-жылдын 20-мартынан 15-апрель, саат 17:00гө чейин уланат
- конкурс төмөнкү багыттар боюнча түзүлгөн видеороликтерди кабыл алат:
📎"Боорукердик адамга жылуулук тартуулайт”
📎“Калктын аярлуу катмарына карата таза үй, таза короо”
📎“Калктын аярлуу катмарына жакшы маанай тартуулоо”
📎 “Жашоо жакшы иштер үчүн берилген”
- конкурска катышууну каалагандар , социалдык баракчага катталып жана белгилеш керек , көрсөтүлгөн номерге
📞0707107639,0778094929 жөнөтүүсү керек.
Конкурстун жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия 20 – апрель күнү чыгарат.
Конкурстун жеӊүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат
💸I орунга диплом, 5000 сом
💸II орунга диплом, 3000 сом
💸III орунга диплом, 2000 сом берилет
🔔Окуучулардын демилгесин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү колдоого алынат.