Филологиялык дисциплиналар циклы

Филологиялык дисциплиналар циклы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Филологиялык дисциплиналар циклы, Education, Г. Айтиев/4, Osh.

1 декабря в Индустриально-педагогическом колледже ОшГУ прошёл первый семинар «Тренды в образовании и вызовы современност...
01/12/2025

1 декабря в Индустриально-педагогическом колледже ОшГУ прошёл первый семинар «Тренды в образовании и вызовы современности в контексте Евразийского педсовета».

Участники семинара окунулись в атмосферу профессионального единства и педагогического вдохновения. Коллеги познакомились с ознакомительным видеороликом об АНО «Евразия», узнали о достигнутых за эти годы результатах и реализуемых проектах. Также была представлена презентация «Тренды в образовании и вызовы современности в контексте Евразийского педсовета».

Первый семинар (из серии семинаров по Евразийскому педсовету) — это не просто знакомство или набор материалов. Это отражение нашего общего стремления идти в ногу со временем, искать новые подходы, смело отвечать на вызовы и открывать двери новым возможностям. Каждая идея, каждая мысль — это шаг к тому, чтобы наше образование становилось сильнее и современнее.

Вместе мы создаём образовательное пространство, которым можно гордиться.
Семинар провела доцент цикла филологических дисциплин Досматова Джамиля Нышановна.

19/11/2025
2025-жылдын 10-ноябрында Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Садык кызы Жанылмырза КК9-1-24 агым...
19/11/2025

2025-жылдын 10-ноябрында Филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Садык кызы Жанылмырза КК9-1-24 агымында «Фонетика бөлүмүн жыйынтыктоо. Көнүгүү иштөө» деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер фонетика боюнча негизги түшүнүктөрдү кайрадан талдап, практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу аркылуу өз билимдерин бекемдеп, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.Окутуучу тарабынан колдонулган окутуу стратегиялары, дидактикалык материалдар жана санариптик ресурстар сабактын динамикалуу жана натыйжалуу өтүшүнө өбөлгө түздү. Студенттер теманы активдүү өздөштүрүп, өз ара пикир алмашуу, талдоо жана корутундулоо иштерине жигердүү катышты.

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окуту...
06/11/2025

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Асанбаева Б. ПНК9-1-25 агымына ачык сабак өттү
Сабактын жүрүшүндө текст ичинде кандай маанилерди түзөрүн талдап, аналитикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Интерактивдүү усулдар, жамааттык жана жуптук ыкмалар колдонулуп, студенттердин активдүүлүгү жана чыгармачыл ой жүгүртүүсү жогорулады. Сабак жогорку методикалык деңгээлде уюштурулуп, студенттердин тилдик компетенциясын өркүндөтүүгө багытталды.
Ачык сабакка ОСЖМКБнын методист-координатору М. Нурмаматова, ИПКнын методикалык кеңешинин төрайымы Ө. Шаимкулова, ФДЦКнын окутуучулары катышты

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окуту...
06/11/2025

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Эшимбекова Үмүтай кыргыз адабияты сабагынан Тоголок Молдонун “Кемчонтой” чыгармасы боюнча ачык сабак өттү.
Сабак учурунда студенттер “Кемчонтой” каарманынын мүнөзүн, автордун чыгарма аркылуу бермек болгон идеялык багытын аныктап, интерактивдүү суроо-жооп, талкуу жана ролдук оюндар аркылуу студенттердин текст менен иштөө, ой жүгүртүү жана пикир айтууга болгон кызыгуусу артты.
Ачык сабакка ОСЖМКБнын методист-координатору М. Нурмаматова, ИПКнын методикалык кеңешинин төрайымы Ө. Шаимкулова, ФДЦКнын окутуучулары катышышты

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окуту...
06/11/2025

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Жоомарт кызы Бактыкан ПК9-1-25 агымына “Антонимдер, алардын түрлөрү” темасында ачык сабак өттү.
Окутуучу сабакта заманбап окутуу технологияларын колдонуп, интерактивдүү тапшырмалар, топтук талкуулар жана жекече ой жүгүртүү иш-аракеттери аркылуу студенттердин логикалык жана чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрдү. Сабак мазмуну терең, усулу натыйжалуу жана методикалык жактан үлгүлүү болду.
Ачык сабакка ОСЖМКБнын методист-координатору М. Нурмаматова, ИПКнын методикалык кеңешинин төрайымы Ө. Шаимкулова, ФДЦКнын окутуучулар катышышты

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окуту...
06/11/2025

2025-жылдын 4-ноябрь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Асанбаева Б. ПНК9-1-25 агымына ачык сабак өттү
Сабактын жүрүшүндө текст ичинде кандай маанилерди түзөрүн талдап, аналитикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Интерактивдүү усулдар, жамааттык жана жуптук иш ыкмалары колдонулуп, студенттердин активдүүлүгү жана чыгармачыл ой жүгүртүүсү жогорулады. Сабак жогорку методикалык деңгээлде уюштурулуп, студенттердин тилдик компетенциясын өркүндөтүүгө багытталды.
Ачык сабакка ОСЖМКБнын методист-координатору М. Нурмаматова, ИПКнын методикалык кеңешинин төрайымы Ө. Шаимкулова, ФДЦКнын окутуучулары катышты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Иновациялар департаменти жана Ош мамлекеттик университетинин...
31/10/2025

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Иновациялар департаменти жана Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети тарабынан Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Калматова Венера Маматбековна билим берүү жана илим тармагына кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн «Ардак грамота» менен сыйланды.
Венера Маматбековна билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин өнүгүүсүнө жана колледждин коомдук жашоосуна активдүү салым кошуп келет.
ИПКнын жана филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жамааты Калматова Венера Маматбековнанын
ишинде жаңы ийгиликтерди каалайбыз!

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Мамасадыков Айбек Убраимжанович билим ...
31/10/2025

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Мамасадыков Айбек Убраимжанович билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги, жоопкерчиликтүү мамилеси жана коомдук иштерге активдүү катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төш белгиси жана күбөлүгү менен сыйланды.
Бул сыйлык окутуучунун кесиптик чеберчилигин жана эмгек жамаатындагы жогорку кадыр-баркын дагы бир жолу далилдейт.
ИПКнын жана филилогиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын жамааты Айбек Убраимжановичти бул сыймыктуу жетишкендиги менен куттуктайт!

2025-жылдын 13–18-октябры күндөрү Ысык-Көлдө DVV Эл аралык уюму менен Ош мамлекеттик университетинин кызматташуусунун ал...
23/10/2025

2025-жылдын 13–18-октябры күндөрү Ысык-Көлдө DVV Эл аралык уюму менен Ош мамлекеттик университетинин кызматташуусунун алкагында Curriculum GlobalE программасынын алкагында «Чоңдорду окутуунун методикасы» боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чараны ОшМУнун улук окутуучулары Маматова Асылкан Алтыбаевна жана Абдышова Зарина Абдиназаровна алып барышты. Семинар учурунда окутуунун заманбап методдору жана ыкмалары боюнча кызуу талкуулар жүрүп, катышуучулар баалуу тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

DVV Эл аралык уюмуна жана анын менеджери Айнура Макебаевага колдоосу жана уюштуруудагы жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

2025-жылдын 17-октябрында Панфилов атындагы орто мектепте Ош шаарынын мектептеринин окуу бөлүмүнүн жетекчилери үчүн «Инн...
21/10/2025

2025-жылдын 17-октябрында Панфилов атындагы орто мектепте Ош шаарынын мектептеринин окуу бөлүмүнүн жетекчилери үчүн «Инновациялар жана реформалар: Кыргызстандагы 12 жылдык билим берүү системасы» аттуу семинар уюштурулду. Семинарда Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Досматова Жамиля Нышановна билим берүү тармагындагы реформалардын өзөктүү багыттары, 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана анын мазмундук жаңылануулары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле катышуучулар менен биргеликте окутуунун инновациялык ыкмалары, предметтик компетенциялар жана заманбап педагогикалык ыкмаларды киргизүү жолдору боюнча талкуу жүргүзүлдү.

2025-жылдын 15-октябры күнү Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту жана...
21/10/2025

2025-жылдын 15-октябры күнү Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту жана А. Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору тарабынан «Өзбек-кыргыз адабияты, искусствосу жана маданияты» аталышындагы иш-чара уюштурулду.
Аталган иш-чарага Индустриалдык-педагогикалык колледждин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары, ошондой эле «Дил азык» жана «Ёш тилшунос» ийримдеринин студенттери активдүү катышып, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Address

Г. Айтиев/4
Osh

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Филологиялык дисциплиналар циклы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category