Тарых жана юридика институту

Тарых жана юридика институту

Share

Юридикалык факультет жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 18/05/2026

2026-жылдын 13-майда, Тарых-юридика институтунун күндүзгү окуу бөлүмү, 530500 "Юриспруденция" бакалавр багытынын жадыбалды боюнча 1-парада, саат 08:00дө, 205-ауд. 3-курстун (орус) 1-агымга кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти, ю.и.к. Турсунбаева Чолпон Манасовна тарабынан кылмыш-жаза укугу дисциплинасынын ө.б. "Преступления против международного правопорядка" деген темада ачык семинардык сабак өткөрүлдү. Тажрыйба алмашуу максатында кафедранын окутуучулары Абдуразаков Х.К., Эрдолатов Ч.С., Жээнбекова Ж.С. катышышты. Семинардык сабак өтүүдө доцент Ч.Турсунбаева электрондук доска колдонулду, студенттер тарабынан темага даярдалган слайд презентациялар көрсөтүлдү. Семинардык сабак кызуу жүрүп, суроолор берилип, талкуулор болуп, доцент Ч. Турсунбаева тарабынан слайд презентациялар жыйынтыкталып турду. 13.05.26да ачык сабакка катышкан окутуучулар: Абдуразаков Х.К., Эрдолатов Ч.С., Жээнбекова Ж.С. тарабынан, кафедрада доцент Ч. Турсунбаева тарабынан өтүлгөн семинардык ачык сабагына анализ берилип, сабак өз максатына жетти деп белгиленди.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 18/05/2026

В период с 14 по 16 мая 2026 года преподаватели Историко-юридического института Ошского государственного университета по приглашению юридического факультета Ферганского государственного университета посетили данный факультет для проведения мастер-классов, гостевых лекций и тренингов. Визит был организован в рамках развития международного научно-образовательного сотрудничества и академической мобильности между высшими учебными заведениями Кыргызской Республики и Республики Узбекистан.
В состав делегации вошли:
• Абдуразаков Хасан Кахраманович — доцент кафедры уголовного права и процесса.
Проведены:
o мастер-класс: «Интеллектуальные технологии в юриспруденции: практика использования искусственного интеллекта при подготовке научных и учебных правовых работ»;
o гостевая лекция: «Исполнение наказаний, не связанных с лишением свободы: сравнительно-правовое исследование законодательства Кыргызской Республики и Республики Узбекистан»;
o тренинг: «Практические аспекты применения уголовно-исполнительного законодательства: от назначения наказания до ресоциализации осужденных».
• Истамкулов Жапар Ибайдуллаевич — кандидат юридических наук, доцент кафедры гражданского права и процесса.
Проведены:
o мастер-класс: «Экологическое право Кыргызстана и Узбекистана: сравнительно-правовой анализ механизмов охраны окружающей среды»;
o гостевая лекция: «Экологическая ответственность и возмещение вреда окружающей среде: сравнительный анализ законодательства Кыргызской Республики и Республики Узбекистан»;
o тренинг: «Практика применения экологического законодательства: сравнительный анализ законодательства Кыргызской Республики и Республики Узбекистан».
• Юсупалиев Искандар Камалович — кандидат юридических наук, доцент кафедры криминалистики, судебной экспертизы и таможенного дела. Проведены:
o мастер-класс: «Криминалистическая полиграфология в системе доказательственного права: теоретико-методологические основы и современные тенденции развития»;
o гостевая лекция: «Правовая природа и пределы использования результатов полиграфных исследований в уголовном судопроизводстве: сравнительно-правовой анализ Кыргызской Республики и Республики Узбекистан»;
o тренинг: «Методика проведения психофизиологических исследований с использованием полиграфа и оценка их результатов в правоприменительной практике».

Photos from Тарых жана юридика институту's post 18/05/2026

Тарых юридика институтунун жарандык укук жана процесси кафедрасынын доценти А.К.Эрматова Социалдык камсыздоо укугу дисциплинасынан 2026 -жылы 15-май күнү институттун 2-курсунун, 1-орус агымына « Медициналык тейлөө» аталышындагы ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө интерактивдүү методтор колдонулду. Атап айтканда: презентация, топтук иш, суроо-жооп, талкуу аркылуу теманын негизги маселелери түшүндүрүлдү; студенттердин билим деңгээлин текшерүү жана кызыгуусун арттыруу максатында Kahoot платформасында интерактивдүү тест уюштурулду.
Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдире алышты. Сабак кызыктуу жана мазмундуу өтүп, студенттердин теориялык билимин бекемдөөгө чоң салым кошту.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 15/05/2026

14-май Туркия медиаторлор союзунун президенти Эрикел Якуп Тарых-юридика институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда медиация институтунун өзгөчөлүгү Түркия мамлекетинин мисалында маалымат жасалды.

Андан сырткары Тарых-юридика институтунун "Жаш медиаторлор клубунун" катышуучулары менен маектешип, жакын аралыкта жаш медиаторлордун тажрыйба алмашуусу жана окуусу үчүн иш-чараларды өткөрүү боюнча пландар түзүлдү.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 13/05/2026

«Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу: мыйзам, тартип сактоо органдары жана коомчулуктун ролу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетинин тарабынан 530500 «Юриспруденция» багыты боюнча «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу: мыйзам, тартип сактоо органдары жана коомчулуктун ролу» аттуу тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык механизмдерди талкуулоо, укук коргоо органдарынын жана коомчулуктун ролун күчөтүү, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү, мыйзамдардын аткарылышындагы тоскоолдуктарды жана коомдук колдоонун маанисин кеңири талкуулашты. Ошондой эле милиция, прокуратура, сот органдары жана жарандык коом өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага белгилүү адистер жана окутуучулар катышып, мазмундуу баяндамалар жасалды. Алардын катарында ОшМУнун ТЮИнан:
Айтбаева Жылдыз Сагынбаевна — ОшМУнун ТЮИнин ЖУжП кафедрасынын доценти, ю.и.к., «Ак жүрөк» кризистик борборунун юристи;
Абдыкерим кызы Гүлбарчын — ОшМУнун ТЮИнин КЖУжП кафедрасынын доценти, ю.и.д.;
Мирзаева Айгүл — ОшМУнун ТЮИнин КЖУжП кафедрасынын доценти, ю.и.к.

Абдыкерим кызы Гүлбарчын, Айтбаева Жылдыз Сагынбаевна өз баяндамасында кризистик борборлордун үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуудагы жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүүдөгү орду тууралуу кеңири маалымат берди.
Тегерек стол жандуу талкуу форматында өтүп, катышуучулар тарабынан бир катар пайдалуу сунуштар айтылды. Иш-чара студенттер үчүн да чоң тажрыйба болуп, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга өбөлгө түздү.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 12/05/2026

2026-жылдын 27-апрелинде Тарых-юридика институтунун Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Дехканова Жылдыз Ахматовна Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу дисциплинасы боюнча 1-курстун орус агымына «Конституционно-правовой статус гражданина. Гражданство в Кыргызской Республике» деген темада 304-каанада ачык семинардык сабак өттү. Сабакта заманбап интерактив усулдар колдонулуп, студенттерди болочок кесипке шыктандыруу байкалды. Студенттер тарабынан КРнын Конституциясы жана башка нормативдик-укуктук актылары, ошондой эле Эл аралык укуктук актылар ситуациялык тапшырмаларды аткарууда кеңири колдонулду.
Студенттер жуптарда жана тайпада иштөө менен презентация, кроссворд, кахут, ротация, мини-эссе, тест формасында тапшырмаларды жогорку денгээлде аткарып, алардын ишмердүүлүгү бааланды.
Сабак бардык баскычтардан өтүп, максатына жетти. Окутуучу тарабынан жагымдуу чөйрө түзүлүп, студенттерге жана сабакка катышкан окутуучуларга ыраазычылык билдирилди.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 11/05/2026

2026-жылдын 23-24- апрелинде жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценттери — Айтбаева Жылдыз Сагымбаевна, Эгембердиева Нуржамал Аманбековна, Джунусова Динара Абдалимовна жана Айнура Жаасынбек кызы Өзбекстан Республикасынын Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университетинин (Ташкент шаары) «Юридикалык илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулган «Интеллектуалдык менчик укугунун өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары: теория жана практика» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын экономиканын ар кандай тармактарына киргизүү механизмдерин өркүндөтүү, ишкердикти жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана сактоо, укук бузууларга ыкчам чара көрүү, авторлордун материалдык кызыкчылыгын жогорулатуу жана контрафакттык продукцияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кафедранын доценттери конференцияда илимий баяндамалар менен чыгышты. Айтбаева Ж.С. «Кыргыз Республикасында жасалма интеллекттин өнүгүү шарттарында интеллектуалдык менчикти укуктук жөнгө салуунун көйгөйлөрү жана келечеги» темасында баяндама жасаса, Эгембердиева Н.А. «Автордук укук жана ага чектеш укуктарды укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү: эл аралык жана улуттук аспект» темасында доклад сунуштады.

Мындан тышкары, сапардын алкагында окутуучулар аталган университеттин студенттерине конок лекцияларын өткөрүшүп, жогорку окуу жайлар ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого жана тажрыйба алмашууга өз салымдарын кошушту.

Бул иш-чарага катышуу кафедранын окутуучуларынын активдүү илимий позициясын, эл аралык илимий коомчулукка интеграциялануу умтулуусун жана юридикалык илим менен билим берүүнүн заманбап багыттарын өнүктүрүүгө болгон аракетин айгинелейт.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 11/05/2026

В соответствии с программой международного сотрудничества и академической мобильности преподавателей между Ошский государственный университет и Андижанский институт сельского хозяйства и агротехнологий с 4 мая по 6 мая 2026 года состоялся рабочий визит преподавателей Историко-юридического института в город Андижан.
В рамках академической мобильности участие приняли:
Абдуразаков Хасан Кахраманович — доцент кафедры «Уголовного права и процесса» Историко-юридического института.
В ходе визита был проведён мастер-класс на тему:
«Современные подходы к созданию учебников по юридическим дисциплинам в условиях реформирования образования».
Также была проведена гостевая лекция на тему:
«Современные направления модернизации уголовно-исполнительных систем Кыргызской Республики и Республики Узбекистан в контексте международных стандартов обращения с осуждёнными».
Истамкулов Жапар Ибайдуллаевич — кандидат юридических наук, доцент кафедры «Гражданского права и процесса» Историко-юридического института.
Преподавателем был проведён мастер-класс на тему:
«Алгоритм подготовки учебника по правоведению: содержание, структура, требования ВАК и издательские стандарты».
Кроме того, была проведена гостевая лекция на тему:
«Экологическое воспитание осуждённых в Кыргызской Республике».
Участники академической мобильности выразили уверенность в том, что проведённые мероприятия будут способствовать развитию совместных научных исследований, обмену образовательными технологиями, повышению качества подготовки юридических кадров и укреплению дружественных связей между вузами двух государств.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 11/05/2026

В соответствии с программой международного научно-образовательного сотрудничества между Ферганским государственным университетом и Историко-юридическим институтом Ошского государственного университета 2 мая 2026 года в Ферганском государственном университете были проведены международная научно-практическая конференция и лекционные занятия для студентов юридического направления подготовки.
В рамках программы состоялась международная научно-практическая конференция юридической секции на тему: «Современные трансформации правовой системы: уголовно-правовые, уголовно-исполнительные и межотраслевые аспекты в условиях глобализации».
В рамках научной программы с докладами и лекциями выступили преподаватели Историко-юридического института Ошского государственного университета:
• на пленарном заседании конференции с докладом выступил Абдуразаков Х. К. на тему: «Современные направления модернизации уголовно-исполнительных систем Кыргызской Республики и Республики Узбекистан в контексте международных стандартов обращения с осуждёнными»;
• Истамкулов Ж. И. — лекция на тему: «Имплементация международных экологических стандартов в правовую систему Кыргызской Республики: проблемы и перспективы»;
• Юсупалиев И. К. — доклад на тему: «Методы расследования преступлений против личности и свободы граждан: сравнительно-правовой анализ (на примере Кыргызской Республики)»;
• Орозбаева Ж. М. — доклад на тему: «Гуманизация уголовно-исполнительной политики: современные тенденции и перспективы развития»;
• Шоокумова Д. П. — доклад на тему: «Современная уголовно-исполнительная политика Кыргызской Республики: тенденции и перспективы развития»;
• Сейитбек кызы Калыйпа — доклад на тему: «Пробация как инструмент предупреждения рецидивной преступности».
По итогам мероприятий стороны отметили высокий уровень организации, научно-практическую значимость представленных материалов и выразили заинтересованность в дальнейшем расширении сотрудничества в сфере науки, образования и академической мобильности.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 30/04/2026

Жасалма интеллект жана интеллектуалдык суверенитет маселелери боюнча эл аралык конференция
2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында «Жасалма интеллекттин өнүгүү шартында Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык суверенитети: камсыз кылуунун укуктук жана уюштуруучулук механизмдери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институту жана Кыргыз Республикасынын УКМКсынын генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы академиясы тарабынан уюштурулду. Конференциянын жүрүшүндө жасалма интеллектти укуктук жөнгө салуу, интеллектуалдык суверенитетти камсыз кылуу жана санариптик технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Пленардык жыйында Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү катышты: Абдикерим кызы Гулбарчын, Мурзаибраимов Нурбек Бектемирович, Карабаева Канзада Кадырбердиевна, Осмонова Айгуль Абдылдаевна, Эрдолатов Чыныбек Сайпидинович, Пирматова Айпери Абдимиталиповна.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар пикир алмашып, жасалма интеллект тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү жана илимий изилдөөлөрдүн келечектеги багыттарын талкуулашты.

Международная конференция по вопросам интеллектуального суверенитета и искусственного интеллекта
30 апреля 2026 года в Бишкеке состоялась международная научно-практическая конференция на тему «Интеллектуальный суверенитет Кыргызской Республики в условиях развития искусственного интеллекта: правовые и организационные механизмы обеспечения».
Мероприятие было организовано Институтом государства и права Национальной академии наук Кыргызской Республики при Президенте Кыргызской Республики совместно с Академией ГКНБ Кыргызской Республики имени генерал-лейтенанта А.К. Бакаева. В ходе конференции были обсуждены актуальные вопросы правового регулирования искусственного интеллекта, обеспечения интеллектуального суверенитета и развития цифровых технологий.
В пленарном заседании приняли участие представители Ошского государственного университета:
Абдикерим кызы Гулбарчын, Мурзаибраимов Нурбек Бектемирович, Карабаева Канзада Кадырбердиевна, Осмонова Айгуль Абдылдаевна, Эрдолатов Чыныбек Сайпидинович, Пирматова Айпери Абдимиталиповна.
По итогам конференции участники обменялись мнениями и обсудили перспективные направления дальнейших научных исследований и совершенствования законодательства в сфере искусственного интеллекта.

Photos from Тарых жана юридика институту's post 30/04/2026

2026-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы М. А. Маматалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасындагы кризистик борборлордун өкүлдөрү менен болгон жыйналыштын №12 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Б. И. Борубашовдун сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан зордук-зомбулукту илимий жактан изилдөө боюнча 2026-жылдын 29-апрелинде илимий институт түзүү жана уюштуруу маселеси каралып, онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчет берди. Онлайн жолугушуу жемиштүү өтүп, келечекке багытталган иш-аракеттер талкууланды.
Катышуучулар:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Борубашов Бекбоосун Игембекович.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин жетектөөчү адиси Карыбекова Айжан Джумабековна.
3. Ош мамлекеттик университетинен:
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын профессору, ю.и.д. Акматова Аманай Турсунбаевна;
– Психология кафедрасынын профессору, психология илимдеринин доктору Жолдошева Акчач Олмасовна;
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти, ю.и.к. Эрдолатов Чыныбек Сайпидинович;
– Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Орозбаева Бактыкан Атантаевна.
4. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Психологиялык-педагогикалык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, пед.и.к., доцент Исакова Чинара Бакировна.
5. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын доценти Баялиева Айсулуу Суютбековна.

Want your school to be the top-listed School/college in Osh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Osh

Address

мкр. Манас-Ата Улица Раззакова 19а
Osh

Opening Hours

Monday 09:00 - 16:30