30/04/2026
Урматтуу кесиптештер жана кадырман мекендештер!
Бүгүн биздин өлкөдө билим берүү тармагына болгон мамиле жаңы баскычка көтөрүлүп, мугалимдердин кадыр-баркын арттырууга багытталган алгылыктуу иштер ишке ашууда. Агартуучунун эмгегин баалап, анын социалдык абалын жакшыртуу — бул келечекке болгон эң чоң инвестиция.
Ушул маанилүү учурда, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу чечими үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго жана Агартуу министрлигине терең ыраазычылык билдирем.
Бул жөн гана каржылык колдоо эмес, бул — мугалимдин талыкпаган эмгегине берилген бийик баа жана чоң ишеним. Мындай камкордук ар бир педагогго дем-күч берип, сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү жолундагы жоопкерчиликти ого бетер арттырат.
Мамлекеттин мындай колдоосуна жооп катары:
• Биз, агартуучулар, заман талабына шайкеш келген билим берүүгө;
• Инновациялык ыкмаларды колдонууга;
• Мекенчил жана билимдүү муунду тарбиялоого болгон бардык аракетибизди жумшайбыз.
Элибизде амандык, жерибизде тынчтык болсун! Билим берүү тармагы өнүгүп, кыргызстандык окуучулар дүйнөлүк аренада өлкө намысын коргой беришсин.
Терең урматым менен Керимбай уулу Сарыбай атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Сартманбетова Назира Төлөгөновна
#БилимБерүү #МугалимМөмөлүүДарак #Ыраазычылык #Агартуу Министрлиги #Кыргызстан #КелечекБилимде