12/02/2026
📚 Республикалык предметтик олимпиаданын II этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды
2025–2026-окуу жылында өткөрүлгөн республикалык предметтик олимпиаданын II этабы Нарын шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Олимпиаданын
📌 I күнү – 2026-жылдын 11-февралында,
📌 II туру – 12-февралында болуп өттү.
Бул олимпиадада билимге умтулган, изденген, келечекке чоң максат койгон окуучулар өздөрүнүн терең билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Ар бир тапшырма окуучулардын предметтик даярдыгын гана эмес, жоопкерчилигин, тырышчаактыгын жана өзүнө болгон ишенимин сынады.
Олимпиаданын уюштурулушу талапка жооп берген шарттарда, так жана калыс өткөрүлүп, билим берүү тармагындагы ачыктыкты жана адилеттүүлүктү дагы бир ирет тастыктады. Мындай иш-чаралар жаш муундун өсүшүнө өбөлгө түзүп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошо турган билимдүү кадрларды даярдоодо өзгөчө мааниге ээ.
Олимпиадага катышкан бардык окуучуларга, аларды даярдаган мугалимдерге, ошондой эле уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Билимге болгон умтулууңар эч качан токтобосун, ийгиликтер дайыма жолдош болсун!
✨ Билим — келечектин негизи!