04/10/2024
Урматтуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ар бириңиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында билимдин жарыгы күйүп, келечек муундарга терең билим жана туура тарбия берүүдө чоң салым кошуп келесиздер. Сиздердин жасаган иштериңиздер коомдун өсүп-өнүгүшүндө, элдин келечегин түзүүдө өтө маанилүү жана баалуу. Окуучуларга берген билимиңиздер менен бирге, аларды патриоттуулукка, адамгерчиликке жана жоопкерчиликке тарбиялоодогу ак ниет аракетиңиздер сөзсүз түрдө жемишин берет.
Эмгегиңиздерге чын ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыдамкайлык жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Келечек ээлерин калыптандыруудагы чоң аракетиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Майрамыңыздар менен!
Урматым менен, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин директору Абдыкалыков Икрам Нурмухамбетович
_____________________________________
Dear teachers and educators!
I sincerely congratulate you on your professional– Teacher's Day!
Through your tireless efforts, the light of knowledge shines, and you make a tremendous contribution to the education and upbringing of future generations. Your work is of great importance for the development of society and the formation of the country's future. Along with the deep knowledge you impart to students, you also nurture patriotism, humanity, and responsibility in them, which will undoubtedly bear fruit.
I wish you good health, family happiness, patience, and new successes in your noble work! Please accept my heartfelt gratitude for your significant contribution to shaping the future.
Sincerely, Abdykalykov Ikram Nurmukhambetovich, director of Kyzyl-Kiya Lyceum named after I. Razzakov