31/03/2026
Жараткандын алдында ар бир нерсе тагдыр мөөнөтү менен жазылган»
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун «Окуу-усулдук жана маалымат технологиялары» бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
МАТКАСЫМОВА НАСИБАХОН АБДУСАМИНОВНАнын
2026-жылдын 31-март күнү мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун!
МАТКАСЫМОВА НАСИБАХОН АБДУСАМИНОВНАнын
БЕЙНЕСИНЕ
1969-жылдын 14-январында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Уч-Коргон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1976-1986-жылдары Уч-Коргон айылындагы С.Айни орто мектебинде билим алган.
1986-1989-жылдары Ош технологиялык лицейинде тигүүчүлүк кесибине ээ болгон.
1989-1993-жылдары Кызыл-Кыя шаарында “Динамо” тигүүчүлүк фабрикасында эмгектенген.
1993-2006-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинде өндүрүш мастери, окутуучу катары иштеген.
1999-2007-жылдары БатМУ КТЭУИде “Тигүүчү” кесибине ээ болуп, 2007-жылдан Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжинде “ТШИ” кафедрасында окутуучу катары 2012-жылга чейин эмгектенген.
2012-жылдан азыркы күнгө чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун «Окуу-усулдук жана маалымат технологиялары» бөлүмүнүн башкы адиси, окутуучу катары эмгектенип келген.
Бир канча “Ардак грамоталардын” ээси.
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси.
Насибахон Абдусаминовна боорукер, ишкер, жоопкерчиликтүү, уюштуруучу адис катары биздин эсибизде түбөлүк сакталат.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун дирекциясы жана эмгек жамааты.