27/05/2026
Ж. Баласагын атындагы КУУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин гуманитардык факультетинин кыргыз тили жана тарых кафедрасында “Жороев Исламкул Маматкулович атындагы стипендия” тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз тили жана адабияты профилиндеги эң мыкты окуган 8 студентке 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты Жороев Исламкул Маматкуловичтин үй-бүлөсүнүн атынан аялы Зарыгүл Аскаровна тапшырды.
Жобонун негизинде 8 студент сыйлыкка татыктуу деп табылды: ФК-22 тайпасынын студенти Абдималикова Элнура, ФК-23 тайпасынын студенттери Бердикулова Айчүрөк, Абдижамил у. Улукбек, Пахиридинова Мастура, Ысманова Шарипа, ФК-24 тайпасынын студенти Шарапов Баатырбек, ФК-25 тайпасынын студенттери Ниматова Дүрдона,Эргашева Фарзона. Иш чараны жигердүү уюштуруп, студенттерге мотивация болсун деп, мыкты кадырлардын санын көбөйтүүнү максат кылган, гуманитардык факультетинин деканы, доцент, филология илимдеринин кандидаты Кайымова Фарида Мурзакамиловна ар тараптуу демилге көтөрүүдө.