БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы

БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы

Share

БатМУнун "Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы"

04/11/2025
13/10/2025
Photos from БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы's post 24/01/2024

"Саламдашуу ааламы жана анын адептери" деген темада семинар болуп өттү.

2024- жылдын 23-январында, "Кызыл- Кыя Ыйман" гимназиясында БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл- Кыя гуманитардык- педагогикалык институтунун кыргыз тили жана тарых кафедрасынын ага окутуучусу Аблазиз Көчкөнов жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент Шайдулла Ураимовдор келип, саламдашуунун адептери тууралуу кызыктуу маек куруп, окуучулардын берген суроолоруна жооп беришти.

Photos from БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы's post 25/09/2023

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т. Гыязовдун 01-10/ 460 12.09.2023-ж.буйругунун негизинде 23-сентябрь –Мамлекеттик тил күнүнө карата “Сабаттуу бол” деген аталыштагы жат жазууга “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясынын жалпы мугалимдер жамааты да активдүү катышышты.

Photos from БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы's post 22/09/2023

БатМУнун «Кызыл-Кыя Ыйман» гимназиясында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

2023-жылдын 22-сентябрь күнү “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясында мамлекеттик тил күнүнө карата чоң иш-чара болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни менен башталды.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж.Халбекованын мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата түзүлгөн бир айлык иш-мерчеминин негизинде, 22-сентябрь күнү “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан ” деген аталыштагы чоң программадагы салтанаттуу концерт болуп өттү.
Майрамдык иш-чара “Кызыл-Кыя Ыйман” гимназиясынын директору ОРУНБАЕВ Таалай Алишеровичтин куттуктоо сөзү менен башталды. Мында окуучулар акындардын калеминен жаралган тил тууралуу ырларды, тил жөнүндө таамай айтылган макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү, табышмактарды, элибиздин ыйыгы, сыймыгы болгон Манастан үзүндү айтып, теңтуштар бири-бири менен акыйнек айтышып, өнөрлүү кыздар бийлеп беришти.

Эне тилди үйрөнүү, аны сактоо- биздин милдет.
Келгиле, эне тилибизди терең урматтап, эл байлыгы болгон эне тилибизди сактайлы!

Photos from БатМУнун Кызыл-Кыя Ыйман гимназиясы's post 01/09/2023

БатМУнун "Кызыл-Кыя Ыйман" гимназиясы окуучуларга эшигин ачты.

Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүндө БатМУнун "Кызыл-Кыя Ыйман" гимназиясы өз ишмердүүлүгүн баштады.

Салтанаттуу иш-чарага БатМУнун проектору Ж.Элболдиев катышып, гимназиянын азыркы учурда ачылуусунун мааниси, чөлкөмдөгү ролуна токтолуп, ийгилик каалады. Ошону менен катар, ректордун куттуктоосун жеткирди.

Гимназиянын директору Т.Орунбаев өз сөзүндө "Кызыл-Кыя Ыйман" гимназиясын жаш жеткинчектерге терең билим берген, атаандаштыкка туруштук бере алган билимим берүүчү мекеме болоруна ишенерин айтты.

Учурда БатМУнун"Кызыл-Кыя Ыйман" гимназиясына кабыл алуу уланууда.

Want your school to be the top-listed School/college in Kyzyl-Kiya?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Address

Баткен
Kyzyl-Kiya