14/09/2026
И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ!
Мектеп менен үй-бүлөнүн тыгыз байланышын бекемдөө, ата-энелердин бала тарбиясындагы жоопкерчилигин жогорулатуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Ата-энелер декадасынын» алкагында бир катар маанилүү темалар боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. 🤝
Декаданын жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу темалар талкууланды:
🔹 «Баланын коопсуздугу — үй-бүлөдөн башталат» Табылдиева М.Т.
🔹 «Санариптик дүйнөдө баланы коргоо: ата-эне, бала, мектеп» Жусупбекова Н.Н.
🔹 «Зомбулуксуз мектеп: угуу, түшүнүү, коргоо» Соронбаева Н.И.
🔹 «Чынчылдык — үй-бүлөдөн башталат» Илиязова Г.Д.
🔹 «Баланын келечеги — эрте никесиз, кесип тандоо” Шералиева Н.Н.
🔹 «Сергек жашоо образы — баланын ден соолугунун жана коопсуз келечегинин негизи» Шаршеева Г.
🔹 «Кесип тандоодо балага колдоо көрсөтүү» Токтобекова К.Н.
Ар бир жолугушууда баланын укугу, коопсуздугу, ден соолугу, келечеги жана үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси тууралуу пайдалуу маалыматтар берилип, ата-энелер менен пикир алмашуулар жүргүзүлдү. 💬
👨👩👧👦 Баланын бактылуу келечеги — үй-бүлө менен мектептин биргелешкен аракетинен башталат!
Балдарыбыздын коопсуздугу, ден соолугу жана келечеги үчүн бирге аракет кылалы!