30/06/2026
Бүгүн 30-июнь Манас шаарында "Жылдын мыкты мугалими-2026” кароо-сынагынын облусттук турунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Аталган сынакка Т.Үмөталиев мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Батырбек уулу Нуркылым агай катышып, райондук турдун жеңүүчүсү болуп, облустук турга жолдомо алган.
Облустук турдан 2- орунду алып , Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борбору тарабынан 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Агай өзүнүн эмгеги, чыгармачылыгы жана кесипкөйлүгү менен жеңишке жетип олтурат. Ар бир жеңиш — бул чоң эмгектин, изденүүнүн жана кесипке болгон сүйүүнүн натыйжасы!
Сыйлык кут болсун агай. Бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.