22/05/2026
Ж. Мавлянов атындагы №14 Кербен жатак-мектебинде "Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт!" аттуу эскерүү иш чарасы болуп өттү . Эскерүү кечеге көзү өткөн мугалимдердин жакындары, мектептин жалпы жамааты, сыйлуу коноктор катышты. Окуучулар келген конокторго ыр-бийлерди тартуулашты. Көзү өткөн кесиптештерибиздин кылган эмгектери, жакшы саамалыктары эскерилип, куран түшүрүлдү. Ар бир кафедра тарабынан дубал гезиттер чыгарылды. Видео слайд даярдалып, көрсөтүлдү. Алардын жаркын элеси жакындарынын жана биздин эсибизде түбөлүк сакталат!