К.Тыныстанов атындагы ЫМУ

К.Тыныстанов атындагы ЫМУ Kasym Tynystanov Issyk-Kul State University, Karakol, Kyrgyzstan

Урматтуу университет жамааты!Ардактуу профессордук-окутуучулар курамы, кадырлуу ардагерлер, кызматкерлер, жаш окумуштуул...
31/08/2026

Урматтуу университет жамааты!
Ардактуу профессордук-окутуучулар курамы, кадырлуу ардагерлер, кызматкерлер, жаш окумуштуулар жана студенттер!

Сидерди, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемендүүлүк — элибиздин кылымдардан берки эңсөөсү, мамлекетибиздин эркиндигин, улуттук баалуулуктарыбызды жана келечекке болгон ишенимибизди даңазалаган улуу күн. Бул күн ар бир кыргызстандык үчүн мекенчилдиктин, биримдиктин жана жаркын келечекке болгон үмүттүн символу болуп саналат.

Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүндө билим берүү тармагынын, анын ичинде биздин университеттин да орду өзгөчө. Жаш муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү аркылуу мамлекетибиздин келечегине чоң салым кошуп келе жаткан жалпы эмгек жамаатыбызга терең ыраазычылык билдирем.

Ушул ыйык майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.
Элибизде тынчтык, өлкөбүздө туруктуулук жана ынтымак өкүм сүрсүн!

Эгемендүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең, мамлекетибиздин өнүгүүсү туруктуу болсун!

Урматым менен,
К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору,
Джайнакова Гульнур Бердибаевна

Урматтуу мекендештер!К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин атынан бардыгыңыздарды Кыргыз Республик...
30/08/2026

Урматтуу мекендештер!

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин атынан бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Эгемендүүлүк — элибиздин эң чоң баалуулугу, сыймыгы жана келечек алдындагы жоопкерчилиги. Бүгүн Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун бекемдеп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Өлкөбүздө ШКУ саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан маанилүү окуялардын бири болууда.

Мекенибиздин эгемендүүлүгү бекем болуп, өлкөбүз тынчтыкта, биримдикте жана өнүгүү жолунда болсун!

Ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак, бакубатчылык, ал эми Кыргызстаныбызга жаркын келечек жана туруктуу өнүгүү каалайбыз!

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!
Кыргызстаныбыздын келечеги кең, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун! 🇰🇬

Уважаемые соотечественники!

От имени Иссык-Кульского государственного университета имени К. Тыныстанова сердечно поздравляем вас с 35-летием независимости Кыргызской Республики!

Независимость — это наша общая гордость, ответственность и возможность самим определять путь развития своей страны. Сегодня Кыргызстан уверенно заявляет о себе на международной арене. Проведение в нашей стране саммита ШОС и VI Всемирных игр кочевников становится ярким свидетельством открытости Кыргызстана миру, его богатого культурного наследия и растущего международного авторитета.

Пусть наша страна и впредь укрепляет свой суверенитет, развивается и процветает, а мир, единство и согласие всегда остаются главными ценностями нашего народа.

Желаем каждому дому мира, достатка и благополучия, а Кыргызстану — светлого и достойного будущего!

С Днём независимости, Кыргызстан!
Кыргызстаныбыз түбөлүккө эркин жана өнүккөн өлкө болсун! 🇰🇬

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Гульнур Бердибаевна Джайнакова Тынчтык Корпусунун волонтеру Стерлинг Рутти ...
28/08/2026

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Гульнур Бердибаевна Джайнакова Тынчтык Корпусунун волонтеру Стерлинг Рутти менен жолугушту.
Жолугушуу өзгөчө жагымдуу маанайда өтүп, баарлашуу кыргыз тилинде жүргүзүлдү. Тараптар студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү, тил үйрөнүүнүн мааниси жана жаштардын баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле университетте волонтердун катышуусунда өткөрүлө турган мындан аркы иш-чаралар, студенттер үчүн тилди практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү жана маданий байланыштарды бекемдөө боюнча пикирлер айтылды.
Университет Тынчтык Корпусу менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар.
#ЫМУ #ТынчтыкКорпусу #Волонтер #СтерлингРутти #КыргызТили #ТилҮйрөнүү #Студенттер
______________
Состоялась встреча ректора Иссык-Кульского государственного университета имени Касыма Тыныстанова Гульнур Бердибаевны Джайнаковой с волонтером Корпуса мира Стерлингом Рутти.
Особенностью встречи стало то, что коммуникация проходила на кыргызском языке. В ходе беседы были обсуждены вопросы развития языковых навыков студентов, важность изучения и практического применения языка, а также возможности для совершенствования коммуникативных способностей молодежи.
Отдельно были рассмотрены планы проведения дальнейших мероприятий с участием волонтера, направленных на языковую практику студентов, развитие межкультурного общения и создание новых возможностей для активного взаимодействия.
Университет высоко ценит сотрудничество с Корпусом мира и заинтересован в дальнейшем развитии совместных инициатив.
#ИГУ #КорпусМира #Волонтер #СтерлингРутти #КыргызскийЯзык #ЯзыковыеНавыки #Студенты

Ректор факультеттердин жана колледждин жамааттары менен жолугуштуЫсык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Гульнур Бе...
27/08/2026

Ректор факультеттердин жана колледждин жамааттары менен жолугушту

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Гульнур Бердибаевна Джайнакова университеттин факультеттеринин жана колледжинин жамааттары менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө жаңы окуу жылына даярдык, окуу процессин уюштуруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды.
Ректор өз сөзүндө университеттин негизги баалуулугу – анын адамдык капиталы экенин белгиледи. Окутуучулардын жана кызматкерлердин кесипкөйлүгү, тажрыйбасы, демилгелүүлүгү жана бир команда болуп иштөөсү университеттин өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле жамааттардын сунуш-пикирлери угулуп, алдыда турган милдеттерди биргеликте чечүүнүн, өз ара колдоонун жана жоопкерчиликтүү иш алып баруунун маанилүүлүгү айтылды.
Күчтүү адамдык капитал – сапаттуу билимдин жана университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги негизи.

Ректор провела встречи с коллективами факультетов и колледжа

Ректор Иссык-Кульского государственного университета имени Касыма Тыныстанова Гульнур Бердибаевна Джайнакова провела встречи с коллективами факультетов и колледжа университета.
В ходе встреч были обсуждены вопросы подготовки к новому учебному году, организации учебного процесса, повышения качества образования и основные направления дальнейшего развития университета.
Особое внимание ректор уделила роли человеческого капитала в развитии университета. По её словам, именно профессионализм, опыт, инициативность и ответственность преподавателей и сотрудников являются главным ресурсом и движущей силой университета.
Ректор подчеркнула важность командной работы, взаимной поддержки и создания условий для профессионального роста каждого сотрудника. Также она выслушала предложения и инициативы коллективов.
Сильный человеческий капитал – основа качественного образования и устойчивого развития университета.

Ректордун декандар жана кафедра башчылары менен алгачкы жумушчу кеңешмеси2026-жылдын 26-августунда К.Тыныстанов атындагы...
26/08/2026

Ректордун декандар жана кафедра башчылары менен алгачкы жумушчу кеңешмеси

2026-жылдын 26-августунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Гүлнур Бердибаевна Джайнакова факультет декандары жана кафедра башчылары менен алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде 2026-2027-жаңы окуу жылын баштоого даярдык көрүү маселелери талкууланды. Окуу процессин уюштуруу, факультеттер менен кафедралардын даярдыгы, кадрдык камсыздоо, ошондой эле студенттер жана окутуучулар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча маселелер каралды.

Ректор алдыдагы окуу жылына карата негизги милдеттерди белгилеп, университеттин бардык түзүмдөрүнүн биргелешкен жана жоопкерчиликтүү иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жаңы окуу жылы — жаңы милдеттерди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана биргелешкен эмгекти талап кылган жаңы этап.
_________________________________________________
Первое рабочее совещание ректора с деканами и заведующими кафедрами

В Иссык-Кульском государственном университете имени Касыма Тыныстанова состоялось первое рабочее совещание ректора Гульнур Бердибаевны Джайнаковой с деканами факультетов и заведующими кафедрами.

В центре внимания — подготовка университета к началу нового учебного года. Обсуждены вопросы организации учебного процесса, готовности факультетов и кафедр, кадрового обеспечения, а также создания необходимых условий для студентов и преподавателей.

Ректор обозначила основные задачи на предстоящий учебный год и подчеркнула важность слаженной работы всех структурных подразделений университета.

Предстоящий учебный год — новый этап, который требует ответственности, командной работы и ориентации на качество образования.

Иссык-Кульский государственный университет и Иорданский университет укрепляют академическое и научное сотрудничество 25 ...
25/08/2026

Иссык-Кульский государственный университет и Иорданский университет укрепляют академическое и научное сотрудничество

25 августа 2026 года состоялась встреча ректора Иссык-Кульского государственного университета имени Касыма Тыныстанова Джайнаковой Гульнур Бердибаевной с профессором Инженерной школы Иорданского университета Риад Таха Аль-Касасбех.
В ходе встречи были обсуждены перспективные направления сотрудничества между двумя университетами.
Среди ключевых направлений:
🔹 совместные научные исследования и международные проекты;
🔹 сотрудничество в области солнечной и возобновляемой энергетики;
🔹 развитие биомедицинской инженерии и искусственного интеллекта;
🔹 обмен студентами, преподавателями и исследователями;
🔹 привлечение международных грантов и финансирования;
🔹 разработка совместных и двойных образовательных программ при участии университетов США и Европы.
Особое внимание было уделено инициативе по созданию совместного центра подготовки к экзаменам USMLE при участии Медицинского центра ИГУ и Университетской клиники Иорданского университета. Центр может стать важной площадкой для подготовки студентов-медиков и врачей Кыргызстана и стран Центральной Азии к международным медицинским экзаменам.
Также стороны обсудили развитие сотрудничества между Центром языков Иорданского университета и Кыргызско-Арабским культурным центром ИГУ, что откроет новые возможности для языкового и культурного обмена.
Отдельное внимание было уделено созданию совместного научно-исследовательского консорциума в сферах возобновляемой энергетики, солнечной энергетики и биомедицинской инженерии.
«Это партнёрство с Иорданским университетом является важным шагом для нашего университета. Мы рады начать сотрудничество, которое откроет нашим студентам и исследователям новые возможности для участия в международных проектах и совместных научных исследованиях», — отметила ректор ИГУ Джайнакова Гульнур Бердибаевна.
Профессор Риад Таха Аль-Касасбех — специалист в области мехатроники, биомедицинской инженерии, искусственного интеллекта и возобновляемой энергетики, автор более 120 научных публикаций. Он получил степень PhD в Санкт-Петербургском электротехническом университете «ЛЭТИ» и прошёл постдокторскую стажировку в Университете Констанца (Германия).
Новый этап международного сотрудничества ИГУ — новые возможности для науки, образования и наших студентов!
_______________________________________________________________________________________________
Issyk-Kul State University and the University of Jordan Strengthen Academic and Research Cooperation

On August 25, 2026, Rector of Issyk-Kul State University named after K. Tynystanov, Gulnur Berdibaevna Jainakova, held a meeting with Professor Riad Taha Al-Qasasbeh of the School of Engineering at the University of Jordan.

The meeting focused on promising areas of cooperation between the two universities.

Key areas of cooperation include:
🔹 joint research and international projects;
🔹 cooperation in solar and renewable energy;
🔹 development of biomedical engineering and artificial intelligence;
🔹 exchange of students, faculty members, and researchers;
🔹 attracting international research grants and funding;
🔹 development of joint and dual-degree educational programs in cooperation with universities in the USA and Europe.

Special attention was given to the initiative to establish a joint USMLE preparation center involving the Medical Center of Issyk-Kul State University and the University Hospital of the University of Jordan. The center could become an important platform for preparing medical students and physicians from Kyrgyzstan and Central Asian countries for international medical examinations.

The parties also discussed strengthening cooperation between the Language Center of the University of Jordan and the Kyrgyz-Arab Cultural Center at Issyk-Kul State University, opening new opportunities for language and cultural exchange.

Particular attention was also paid to the establishment of a joint research consortium in the fields of renewable energy, solar energy, and biomedical engineering.

“This partnership with the University of Jordan is an important step forward for our university. We are pleased to begin cooperation that will open up new opportunities for our students and researchers to participate in international projects and joint research,” said Rector Gulnur Berdibaevna Jainakova.

Professor Riad Taha Al-Qasasbeh is a specialist in mechatronics, biomedical engineering, artificial intelligence, and renewable energy, and the author of more than 120 scientific publications. He holds a PhD from Saint Petersburg Electrotechnical University “LETI” and completed a postdoctoral fellowship at the University of Konstanz, Germany.

A new stage of international cooperation for Issyk-Kul State University — new opportunities for science, education, and our students! 🌍



#ИГУ #ИГУимениКасымаТыныстанова #ИорданскийУниверситет #МеждународноеСотрудничество #Наука #Образование #Кыргызстан

Жаңы ректорубузду куттуктайбыз!К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору кызматына айыл чарба ...
24/08/2026

Жаңы ректорубузду куттуктайбыз!

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору кызматына айыл чарба илимдеринин кандидаты Джайнакова Гульнур Бердибаевна дайындалды.

Бул — университетибиздин тарыхындагы өзгөчө жаңылык. Алгачкы жолу университеттин ректору болуп айым жетекчи дайындалды.

Жаңы ректорду жамаатка Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, министрдин биринчи орун басары Гүлнур Мамырова тааныштырды.

Өз сөзүндө Гульнур Бердибаевна университеттин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сыяктуу маанилүү милдеттерди белгиледи.

Жаңы ректорубузду жооптуу кызматка дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Гульнур Бердибаевнага бекем ден соолук, жаңы демилгелерге ийгилик жана университетибиздин өнүгүүсүнө багытталган жемиштүү иш каалайбыз!

Бирге — жаңы бийиктиктерге!

2026-жылдын 19-21-августунда Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learni...
23/08/2026

2026-жылдын 19-21-августунда Британдык Кеңеш тарабынан ишке ашырылып жаткан AELLCA (Accelerating English Language Learning in Central Asia/Борбордук Азияда англис тилин үйрөтүүнү күчөтүү) долбоорунун алкагында англис тилчи мугалимдерин педагогикалык жактан даярдоого жана аларды даярдоочу окуу планды өркүндөтүүгө багытталган эл аралык семинар болуп өттү.
Эл аралык иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулду. Семинарга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкы адиси Хадича Шамбеталиева, жогорку окуу жайлардын англис тилин окутуу жаатындагы профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чарага К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан доцент А.Дж. Ийсаева катышып, англис тили мугалимдерин даярдоо жана педагогикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча тажрыйба алмашты.
Семинардын негизги максаты — англис тили мугалимдерин даярдоо боюнча окуу программаларын жаңылоонун жүрүшүндө адистерге усулдук жана практикалык колдоо көрсөтүү, заманбап педагогикалык ыкмаларды талкуулоо жана мугалимдерди кесиптик жактан даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кароо.
Доцент А.Дж. Ийсаеванын мындай эл аралык иш-чарага катышуусу К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучуларынын кесиптик өнүгүүсүнө, эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүүсүнө жана англис тили мугалимдерин даярдоо багытындагы окуу планына жаӊыча кадам таштоого өбөлгө түзөт.
AELLCA долбоорунун алкагындагы мындай иш-чаралар Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө, англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга жана заманбап, инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ыктыярчы менен жаңы өнөктөштүк башталды 🌍🇺🇸18–21-август күндөрү Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары менен иштөө боюнча каунт...
21/08/2026

Ыктыярчы менен жаңы өнөктөштүк башталды 🌍🇺🇸

18–21-август күндөрү Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары менен иштөө боюнча каунтерпарттар жана жетекчилер үчүн багыт берүүчү жолугушуу болуп өттү.

Эки күндүн ичинде co-teaching боюнча интенсивдүү тренингдер өтүп, ыктыярчылар менен биргеликте сабак өтүүнүн натыйжалуу ыкмалары талкууланды. Үчүнчү күнү коопсуздук, маданий айырмачылыктар, келишимдерди түзүү жана ыктыярчылар менен иштөө боюнча нускамалар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыктоочу күнүндө ыктыярчылардын расмий ант берүү аземи өттү. Иш-чарага АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери мырза, Тынчтык Корпусунун директору Скотт мырза, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Гүлнур Мамырова жана башка коноктор катышты.

Биз кубаныч менен университетибизде иштей турган жаңы ыктыярчыбызды — Стирлинг Руттини тааныштырабыз! 🇺🇸🤝🇰🇬

Стирлинг студенттер жана окутуучулар менен биргеликте англис тилин өнүктүрүүгө, сүйлөшүү көндүмдөрүн жакшыртууга жана америкалык маданият менен таанышууга салым кошот.

Жаңы өнөктөштүк университетибиздин эл аралык байланыштарын бекемдеп, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кош келиңиз, Стирлинг! Биз биргелешкен кызыктуу жана пайдалуу ишти чыдамсыздык менен күтөбүз! 🌎✨

Peace Corps Kyrgyz Republic жалпы жамаатка ыраазычылык билдиребиз!

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic

#ЫсыкКөлМамлекеттикУниверситети #ТынчтыкКорпусу

Производственная практика в Северной Саксонии 🇩🇪Завершилась производственная практика студентов 3 курса в организациях ф...
20/08/2026

Производственная практика в Северной Саксонии 🇩🇪

Завершилась производственная практика студентов 3 курса в организациях федеральной земли Северная Саксония, Германия.

В рамках практики студенты получили ценный профессиональный опыт, познакомились с работой немецких организаций и смогли применить знания на практике.

Важным событием стала встреча студентов с губернатором округа господином Каем Эммануелем. В ходе встречи состоялся интересный диалог, студенты рассказали о своем опыте и поделились впечатлениями от практики.

Такие международные программы дают нашим студентам возможность развивать профессиональные компетенции, знакомиться с новыми подходами и получать международный опыт. 🌍🇩🇪

Желаем студентам новых возможностей, профессионального роста и успехов в дальнейшем!

Address

103, Abdrakhmanov Street
Karakol
722200

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when К.Тыныстанов атындагы ЫМУ posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share