21/06/2026
ЖРТдан мыкты балл алган Акак, Адинай, Нуржанатты чын жүрөктөн куттуктайбыз! 🎉
Акак, сен максатыңа жетүүнүн эмне экенин далилдедиң. Алган билимиң сага чоң эшиктерди ачсын. Университетте да мындай мыкты натыйжаларды кайталап, келечекте чоң адис болуп, элге пайдалуу кызмат кыла бер. Ишиң алга, жолуң ачык болсун!
Адинай, сенин эмгегиң менен туруктуулугуң мына натыйжасын берди. ЖРТ — бул башталышы гана. Алдыңда илимдин чоң дүйнөсү. Арманыңды ишке ашыр, кыялыңды көздөй ишеним менен кадам ташта. Ийгилик жаныңда болсун, кайда барсаң да жаркырап жүр!
Нуржанат, мыкты балл — бул сенин эмгегиңдин баасы. Акыл-эсиң, тырышчаактыгыңа ыраазыбыз. Алган билимиң менен адамдарга жардам берип, коомго керектүү инсан бол. Жолуң ачык, тагдырың татыктуу, келечегиң нурдуу болсун!
Бул жетишкендик силердин күчүңөр, ата-энеңердин тилеги, мугалимдердин эмгеги. Мына эми жаңы этап — кызыктуу студенттик жылдар башталат. Ар дайым бийиктиктерди багындырып, арзууларыңар ишке ашсын. Кыргызстандын келечеги силерде! 🇰🇬
Мектеп коллективи!
#ЖРТ2026жыл
#Билимдүүгөдүйнөжарык