24/05/2026
2026-жылдын 21-май күнү
Токтогул атындагы №1 ЖОББМнын 11-классынын окуучуларына арналган “ Бактылуу балалык” аттуу мектеп парламентинин куттуктоо кечеси болуп өттү. Алгач мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу Мунара Ташбаева окуучуларды куттуктоо аземине класс жетекчилери менен бирге чакырып, аларга арналган каалоо-тилегин билдирип, кечени баштады. Кечени парламент мүчөлөрү шаң менен алып барып, жагымдуу ырларды, кызыктуу бийлерди тартуулашты. Бүтүрүүчүлөргө атайы арналган логикалык суроолорду беришип, кызыктуу оюндарды уюштурушту. Кечеде класс жетекчилер жана предметтик мугалимдер сөз сүйлөп, окуучуларга ийгилик, ден соолук, ЖРТда ийгилик жараткан окуучулардан болуусуна тилектеш экендигин билдиришти.Окуучулар да мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын айтышып, эжекелерин жана классташтарын жеңил бийге тартышты. Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр!