24/10/2024
Жалал-Абад педагогикалык колледжи
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Жалал-Абад педагогикалык колледжи, College & University, Жалал-Абад шаары. , Токтогул к 14, Jalal-Abad.
24/10/2024
16/10/2024
Жалал-Абад педагогикалык колледжи
нин Чет тилдер ПЦКсында, 15- октябрь күнү 3- курстун студенттери менен JDI окуу борборунун англис тили мугалими Джеймис Кларк менен конок лекция уюштурулду. Конок лекциянын темасы “Organic language learning”- Табигый тил үйрөнүү. Бул конок лекциянын максаты окутуучуларга жана студенттерге англис тилин окутуунун усулдарын жайылтуу. Джеймис Кларк студенттерге англис тилин үйрөнүүнүн жеңил жолдорун айтып угуу, сүйлөө, окуу жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүүнү сунуштады. Лекция студенттердин суроо-жооптор менен жаандуу өттү.
10/10/2024
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал
Абад педагогикалык колледжинде педагогикалык кеңешме болуп өттү.
Мында ар бир структуранын жылдык иш-пландарын бекитүү сунушталды.
09/10/2024
Практика – адистикке карай алгачкы кадам.
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова жана ушул бөлүмдүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева ЖАПКнын Башталгыч класстарда окутуу , чет тили, дене тарбия жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин студенттери менен жолугушту. Бул жолугушууда төмөндөгү маселелер каралды.
Практиканын жол картасы менен иш алып баруунун жолдорун түшүндүрүү
Практика учурундагы жагымсыз жагдайларды болтурбоонун жолдору
Ар түрдүү маселелер
Жогорудагы аталган маселелер боюнча З.С.Калыбекова азыркы учурдагы практиканын орду , анын уюштурулушу, практика боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өз оюн билдирди. Ар бир окуу жайдагы студенттердин практика учурундагы ийгиликтери жана кемчиликтерин баса көрсөтүп, алдыда боло турган практиканын жүрүшүн натыйжалуу алып барууну сунуштады. Н.С.Жолдошалиева практиканын жол картасы боюнча студенттерге кеңири маалымат берди, жол картада көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү туура аткаруу менен күндөлүк жана отчетторду даярдоону сунуштады. ЖАПКнын директору А.Т.Маматумаров жогорудагы жетекчилердин сөздөрүн улай, практиканын жүрүшүн, сапатын жакшыртуу үчүн студенттер менен бекитилген практика жетекчилери да бири-бири менен тыгыз иштешип, жоопкерчиликтүү иш алып барууну баса белгиледи. Жыйынтыгында студенттердин ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
09/10/2024
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-
Абад педагогикалык колледжинде Мам
лекеттик тил күнүнүн 35-жылдыгына ар
налган иш-чара болуп өттү
08/10/2024
Жалал-Абад педагогикалык колледжи менен Б.Мурзаибраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин студенттери мобилдүүлүк боюнча тыгыз байланышта иш алып барышат
25-сентябрь күнү аталган окуу жайдын октуучулары:Г.Исманова "Мектепке чей инки курактагы балдардын сүрөт искусс
во боюнча жөндөмдүүлүгүн өнүктурүү"
У.Матиева"Мектепке чейинки курактагы
баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду",
А. Эргешова"Оюн ишмердүүлүгү"-деген
темаларды сабактарды өтүштү.Ар бир тема боюнча тапшырмалар берилип,
студенттер кызыгуу менен аткарышты.
ЖАПКнын мектепке чейинки билим бе
рүү адистигин окутуучусу А.Мамсалиева
"Сологой балдар менен иштөөнүн элем
енттери"-деген темада кызыктуу сабак өтүп,студенттердин суроолоруна жооп берди.Бул иш-чарага ЖАПКнын дирек
тору А.Т.Маматумаров,ЖАМУнун өндүр
үштүк иштерди уюштуруу жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева ,ЖАПКнын окуу өндү
руштүк иштер боюнча директордун орун
басары Ү.Т.Кайкиева жана ЖАПКнын МЧББ ПЦКсынын окутуучулар катышты
08/10/2024
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-
Абад педагогикалык коледжинин Башталгыч класстарда окутуу,Чет тили
ПЦКсынын окутуучулары менен ЖАМУ
нун карьераны өнүктүрүү жана өндүш
түк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева менен биргеликте тегерек стол уюштур
улду.Бул иш чарада практиканын бардык түрү боюнча жумушчу программа,студенттин жол картасынын туура түзүлүшү боюнча талкуу болду
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Website
Address
Jalal-Abad