15/09/2026
"Билим — адамдын келечегин аныктаган эң чоң күч" - Т.Джусупов
Урматтуу агай-эжейлер, кадырлуу ата-энелер, ардактуу кесиптештер жана кымбаттуу окуучулар!
Баарыңыздарды 15-сентябрь — Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Билим — адамдын келечегин аныктаган эң чоң күч. Мектеп — жөн гана билим берүүчү жай эмес, ал адамдын дүйнө таанымы калыптанып, кыялы ойгонуп, келечекке багыт алган ыйык очок.
Ошондуктан жаңы окуу жылынын башталышы — ар бирибиз үчүн жаңы максаттардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана чоң үмүттөрдүн башаты.
Урматтуу мугалимдер!
Сиздердин эмгегиңиздер — коомдун келечегине кошулган эң чоң салым. Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Санариптик технологиялар, жасалма интеллект, жаңы окутуу ыкмалары, заманбап билим берүү платформалары жана компетенттүүлүккө багытталган билим берүү мугалимден да тынымсыз изденүүнү жана жаңыланууну талап кылууда.
Заман өзгөргөн сайын баланын билимге болгон мамилеси да өзгөрүүдө. Эми окуучуга маалыматты гана берүү жетишсиз. Биз аларды ой жүгүртө билген, өз алдынча чечим кабыл алган, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү, мекенчил жана заманбап дүйнөдө өз ордун таба алган инсан катары тарбиялоого умтулушубуз керек.
Ошондуктан ар бир сабак — жаңы мүмкүнчүлүк, ар бир окуучу — чоң үмүт. Сиздерге кесиптик ийгилик, чыгармачылык дем, чыдамкайлык жана талыкпаган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүнү каалайм!
Кымбаттуу окуучулар!
Силер — өлкөбүздүн келечегисиңер. Бүгүнкү дүйнөдө билим алууга мүмкүнчүлүк абдан кең. Китептен, мугалимден гана эмес, электрондук китепканалардан, билим берүү платформаларынан, заманбап технологиялардан жана дүйнөлүк маалымат булактарынан үйрөнүүгө шарт түзүлүүдө.
Бирок мүмкүнчүлүк бар болгону жетишсиз. Аны туура пайдаланууга аракет кылуу керек.
Ошондуктан силерди жаңы билимдерди үйрөнүүгө, китеп окууга, чет тилдерди, санариптик технологияларды өздөштүрүүгө, илимге жана чыгармачылыкка кызыгууга чакырам.
Кадырлуу ата-энелер!
Баланын билим алуусунда мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракети өзгөчө маанилүү. Мектепте мугалим билим жана тарбия берсе, ата-эне ошол эмгекти үйдөн колдоп, баланын билимге болгон кызыгуусун арттырат.
Сиздерди мектеп тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды, демилгелерди жана балдардын өнүгүүсүнө багытталган аракеттерди түшүнүү менен кабыл алып, мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша колдоого чакырам.
Анткени баланын ийгилиги — мугалимдин гана эмес, ата-эненин да сыймыгы.
Ар бир баланын жөндөмүн байкап, анын кызыгуусун колдоп, ийгилигине кубанып, кыйынчылыгында жанында болуу — ата-эне үчүн эң чоң колдоо.
Мугалим — билимдин шамын жагалы, ата-эне — ошол шамды колдойлу, ал эми окуучулар — анын жарыгында өз келечегиңерди түзүүгө умтулгула.
Жаңы окуу жылы баарыбызга жаңы жетишкендиктерди, чыгармачылык ийгиликтерди, жакшы жаңылыктарды жана чоң жеңиштерди алып келсин!
15-сентябрь — Билим күнүңүздөр кут болсун!
Жаңы окуу жылыбыз ийгиликтүү болсун!
Билимибиз терең, максатыбыз бийик, келечегибиз кең болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талайбек Джусупов