Крупская Медиа - Ноокаттагы Н. К. Крупская мектебинин расмий баракчасы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Eski-Nookat
  • Крупская Медиа - Ноокаттагы Н. К. Крупская мектебинин расмий баракчасы

Крупская Медиа - Ноокаттагы Н. К. Крупская мектебинин расмий баракчасы Ноокат шаарындагы Н. К. Крупская атындагы орто
мектеби. Окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт

Урматтуу кесиптештер, ата-энелер жана окуучулар!Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгы менен мектеп жамаатынын а...
09/05/2026

Урматтуу кесиптештер, ата-энелер жана окуучулар!

Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгы менен мектеп жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул улуу майрам — эрдиктин, кайраттуулуктун, мекенге болгон сүйүүнүн жана тынчтыктын символу. Ата-бабаларыбыздын каармандыгы, алардын Мекен үчүн көрсөткөн баатырдыгы ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Биз алардын жаркын элесине таазим этип, бүгүнкү тынч жашоонун баркын терең баалайбыз.

Улуу Жеңиштин урматына ар бир үйдө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болсун. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгилик, өсүп-өнүгүү жана өлкөбүзгө тынчтык каалайбыз.

Жамаатыбызда ар дайым биримдик, сый-урмат жана ийгиликтер өкүм сүрсүн!

Майрамыңыздар кут болсун!
_______________________________
Уважаемые коллеги, родители и ученики!

От имени школьного коллектива сердечно поздравляем вас с 81-й годовщиной Великой Победы — 9 Мая!

Этот великий праздник является символом мужества, героизма, любви к Родине и мира. Подвиг наших предков, их самоотверженность и отвага во имя Отечества навсегда останутся в наших сердцах. Мы с глубоким уважением склоняем головы перед их светлой памятью и высоко ценим мирную жизнь, которой сегодня живём.

Пусть в честь Великой Победы в каждом доме царят мир, согласие и благополучие. Желаем вам крепкого здоровья, семейного счастья, успехов в работе, процветания и мира нашей стране.

Пусть в нашем коллективе всегда будут единство, взаимоуважение и успех!

С праздником вас!

23/04/2026

2026-жылдын 23-апрель күнү Н.К.Крупская атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин 7-10-класстарына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө профилактикалык экскурсия уюштурулду. Иш-чара мектептин соцпедагогу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 150 окуучу жакшы маалыматтарга ээ болуп кайтышты.
Аталган иш-чарада райондук ИДН башчысы майор Турсункулов Мирлан зордук - зомбулуктун кесепеттери жана мыйзам алдында жооп берүү тууралуу, милициянын майору Кубатов Мирбек Ташболотович өзгөчө кырдаал учурундагы кыймыл - аракеттер, милициянын кийимдери жөнүндө, ал эми улук лейтенант Абдыгапаров Мамат Абдимиталипович балдарга милиция кызматкерлери колдонгон куралдар жөнүндө маалыматтарды беришти. Ал эми улук лейтенант Мурзакулов Курманбек Олжобаевич кылмышкерлерди кармоочу жайлар, анда жүргүзүүчү иш- аракеттер менен тааныштырды .
Окуучулар убактылуу кармоочу жай жана андагы оор кырдаал менен таанышышып, кылмыш кылган инсандардын өз эркиндигин чектөө чоң жаңылыштык экенин түшүнүштү.
Окуучуларга берген маалыматтары үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

14/04/2026

Бир күнгө директор болсом…

28/03/2026

Н. Крупская атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.

Майрамдын алкагында мектепте сүмөлөк кайнатылып, класстар арасында ар кандай кызыктуу конкурстар уюштурулду. Ошондой эле мектеп жамааты үчүн спорттук мелдештер өткөрүлүп, катышуучулар активдүү катышышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө мектеп профсоюзу тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

27/01/2026

Ноокат шаарына караштуу Н.К.Крупская атындагы орто мектебинде STEАM предметтеринин декадасынын ачылышы ийгиликтүү өттү.
Бул иш-чараны уюштурууга салым кошкон бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздердин эмгек, аракеттериңиздер менен окуучулар илим-билимге болгон кызыгуусун арттырууда.

Баарыңыздарды алдыда өтө турган ачык сабактарга активдүү катышууга чакырабыз!

В средней школе имени Н.К.Крупской города Ноокат успешно прошло открытие декады STEАM-предметов.
Выражаем искреннюю благодарность всем учителям, внесшим вклад в организацию данного мероприятия.
Благодаря вашему труду и стараниям у учащихся повышается интерес к науке и знаниям.

Приглашаем всех принять активное участие в предстоящих открытых уроках!

26/01/2026

Ассоль Молдокматова уюштурган «РАХМАТ СИЗГЕ, КЫМБАТТУУ МУГАЛИМ!» долбоорунун алкагында өлкөбүздүн 7 дубанынан билим берүү тармагында 50 жылдан ашуун үзүрлүү эмгек кылган 7 ардактуу мугалим сыйланды.

Бул саамалыкта Крупская атындагы мектептин мугалими, биздин сүйүктүү устатыбыз Арапов Нурик Калыкович агайыбыз да катышып, татыктуу урмат-сыйга ээ болду.

Ушундай маанилүү, жүрөктү жылыткан долбоорду ишке ашырып, мугалимдердин эмгегин баалап, урмат көрсөтүп жаткан Ассоль Молдокматовага терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздин демилгеңиз мугалимдер үчүн чоң мотивация, ал эми биз үчүн зор сыймык.
Иштериңизге ийгилик, ден соолук жана дагы көптөгөн жакшы долбоорлорду каалайбыз!

______________________________________
В рамках проекта «СПАСИБО ВАМ, ДОРОГОЙ УЧИТЕЛЬ!», организованного Ассоль Молдокматовой, были награждены 7 почётных учителей из 7 регионов страны, проработавших в сфере образования более 50 лет и внесших весомый вклад в развитие подрастающего поколения.

В этом мероприятии также принял участие учитель школы имени Крупской, наш любимый наставник Арапов Нурик Калыкович, который был удостоен заслуженного уважения и почёта.

Мы выражаем искреннюю благодарность Ассоль Молдокматовой за реализацию такого важного и душевного проекта, за высокую оценку труда учителей и проявленное к ним уважение.
Ваша инициатива является большой мотивацией для педагогов и предметом нашей гордости.
Желаем вам успехов в работе, крепкого здоровья и реализации множества добрых и значимых проектов!

Нурик Калыкович, мы гордимся вами! Вы — замечательный педагог нашей школы, настоящий профессионал своего дела. Спасибо з...
04/01/2026

Нурик Калыкович, мы гордимся вами! Вы — замечательный педагог нашей школы, настоящий профессионал своего дела. Спасибо за ваш труд, терпение и вклад в воспитание учеников 🥳🥳

Address

Eski-Nookat

Opening Hours

Monday 08:00 - 18:00
Tuesday 08:00 - 18:00
Wednesday 08:00 - 18:00
Thursday 08:00 - 18:00
Friday 08:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Крупская Медиа - Ноокаттагы Н. К. Крупская мектебинин расмий баракчасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category