«Акылман» Президенттик лицейи

«Акылман» Президенттик лицейи «Ырыс алды — Ынтымак»
��Дареги:
Ысык-Көл обл., Чолпон-Ата шаары, Акматбай Ата, 8/2

17/09/2026

🥳Жаңы окуу жылындагы алгачкы линейка!

🔔The opening ceremony of the new school year!

16/09/2026

🏫15-сентябрь күнү «Акылман» Президенттик лицейинин Манас шаарындагы филиалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

🇰🇬Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттик Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, шаар жана облус жетекчилиги, жети дубандан келген ата-энелер өкүлчүлүгү, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышышты.

🔔Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор лицейибиз менен таанышып, окуучулардын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

✅Ата-энелер, келген коноктор үчүн лицей ичинде экскурсия уюштурулду.

16/09/2026
12/09/2026

🏫11-сентябрда Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы "Акылман" Президенттик лицейинин Талас филиалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

🇰🇬Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ички иштер министри Улан Ниязбеков, мамлекеттик ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

🔷Салтанатта мамлекет башчысы жаңы билим берүү мекемесинин ачылышы менен куттуктап, билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги үчүн негизги күч экенин билдирди.

🔶“Заманыбыздын эң ишенимдүү калканы — билимдүү жаштар. “Акылман” лицейи келечекке жаркын кадам таштаган чыныгы билим уясына айлансын. Дүйнө өзгөрүп, технологиялар өнүгүп, жасалма интеллекттин доору жүрүп жаткан маалда жер-жерлердиги өзгөчө жөндөмдүү балдарыбызды топтоп, алардын талантын ачуу мезгил талабы!”, — деди Садыр Жапаров.

08/09/2026

📚“Акылман” Президенттик лицейдин жана анын филиалдарынын мугалимдери үчүн NIS’тин тренерлери 3 күндүк семинар өтүштү!

✅Seminar conducted by coaches from Nazarbaev Intellectual school (NIS)!

🇰🇬“Акылмандын” окуучулары ILSO Эл аралык олимпиадасынан 4 медаль багындырышты! 🇮🇩2026-жылдын 2–6-сентябрь күндөрү Индоне...
07/09/2026

🇰🇬“Акылмандын” окуучулары ILSO Эл аралык олимпиадасынан 4 медаль багындырышты!

🇮🇩2026-жылдын 2–6-сентябрь күндөрү Индонезия мамлекетинин Бали аралында ILSO Эл аралык жандуулардын илими олимпиадасы өткөрүлдү. Ага жалпысынан 14 өлкөдөн 80 окуучу катышты, алардын ичинен Кыргызстандан 6 окуучу катышып, жалпы 6 медалга ээ болушту.

🏅Медаль ээлеринин арасынан 4 окуучу бул – "Акылман" Президенттик лицейинин окуучулары, алар:

🥈Арууке Узакпаева, 9-класс – күмүш медаль
🥈 Акылбек Сүйүнбаев, 8-класс – күмүш медаль
🥈 Элина Азимжанова, 9-класс – күмүш медаль
🥉 Дастан Абдукаримов, 8-класс – коло медаль

✅Команданын башкы тренери - “Акылман” Президенттик лицейинин биология сабагынан мугалими - Алмазов Алай.

👏🏻Окуучуларыбызды, алардын ата-энелерин, мугалимдерин жана тренерлерин бул чоң жеңиш менен чын дилден куттуктайбыз!

📌Маалымат үчүн: International Life Science Olympiad (ILSO) – бул биология жана химияга багытталган мектеп окуучулары үчүн эл аралык олимпиада. Анын максаты — катышуучуларды жашоо илимдерин тереңирээк изилдөөгө, критикалык ой жүгүртүүнү, изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шыктандыруу болуп саналат.
___________________________________

🇰🇬“Akylman” Students Won 4 Medals at the ILSO International Olympiad!

🇮🇩From September 2–6, 2026, the ILSO (International Life Science Olympiad) was held on the island of Bali, Indonesia. A total of 80 students from 14 countries participated in the competition.

🏅Six students represented Kyrgyzstan and collectively won 6 medals, 4 of which were earned by students of the “Akylman” Presidential school:

🥈Aruuke Uzakpaeva, Grade 9 — Silver Medal
🥈Akylbek Suyunbaev, Grade 8 — Silver Medal
🥈Elina Azimzhanova, Grade 9 — Silver Medal
🥉Dastan Abdukarimov, Grade 8 — Bronze Medal

✅The team’s head coach, a Biology teacher at the “Akylman” Presidential school - Alai Almazov

👏🏻We sincerely congratulate our students, their parents, teachers, and coaches on this outstanding achievement! We are incredibly proud of their hard work and success!

🇰🇬“Акылмандын” окуучулары ILSO Эл аралык олимпиадасынан 4 медаль багындырышты! 🇮🇩2026-жылдын 2–6-сентябрь күндөрү Индоне...
07/09/2026

🇰🇬“Акылмандын” окуучулары ILSO Эл аралык олимпиадасынан 4 медаль багындырышты!

🇮🇩2026-жылдын 2–6-сентябрь күндөрү Индонезия мамлекетинин Бали аралында ILSO Эл аралык жандуулардын илими олимпиадасы өткөрүлдү. Ага жалпысынан 14 өлкөдөн 80 окуучу катышты, алардын ичинен Кыргызстандан 6 окуучу катышып, жалпы 6 медалга ээ болушту.

🏅Медаль ээлеринин арасынан 4 окуучу бул – “Акылман” Президенттик лицейинин окуучулары, алар:

🥈Арууке Узакпаева, 9-класс – күмүш медаль
🥈 Акылбек Сүйүнбаев, 8-класс – күмүш медаль
🥈 Элина Азимжанова, 9-класс – күмүш медаль
🥉 Дастан Абдукаримов, 8-класс – коло медаль

✅Команданын башкы тренери - “Акылман” Президенттик лицейинин биология сабагынан мугалими - Алмазов Алай.

👏🏻Окуучуларыбызды, алардын ата-энелерин, мугалимдерин жана тренерлерин бул чоң жеңиш менен чын дилден куттуктайбыз!

📌Маалымат үчүн: International Life Science Olympiad (ILSO) – бул биология жана химияга багытталган мектеп окуучулары үчүн эл аралык олимпиада. Анын максаты — катышуучуларды жашоо илимдерин тереңирээк изилдөөгө, критикалык ой жүгүртүүнү, изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шыктандыруу болуп саналат.

04/09/2026

📚Лилия Мухаметшина тарабынан “Акылман” Президенттик лицейдин жана анын филиалдарынын жаңы келген мугалимдерине уюштурулган "Апгрейд 45 мүнөт 2.0" семинары ийгиликтүү болуп өттү!

🔝The ‘Upgrade 45-Minute Lesson 2.0’ training, led by Liliia Mukhametshina, was successfully held for the new teachers of Akylman Presidential School and its branches!

29/08/2026

🎯БИР КОМАНДА. БИР МИССИЯ.

✅ONE TEAM. ONE MISSION.

Address

Иссык-Куль, Акматбай Ата, 8/2
Cholpon-Ata

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00
Saturday 09:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when «Акылман» Президенттик лицейи posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category