Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

Share

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 11/09/2025

📢 «Санарип кампа» жана «Күндөлүк» санариптик санариптик билим берүү платформалары боюнча онлайн-семинар өткөрүлдү

9-10-сентябрда Агартуу министрлиги бардык аймактагы информатика мугалимдери жана окуу бөлүм башчылары үчүн онлайн-семинарларды өткөрдү. Максаты - «Санарип кампа», «Күндөлүк» санариптик билим берүү платформаларын жана электрондук окуу китептерди киргизүү жана аларды натыйжалуу колдонууну маселелерин талкуулоо.

Агартуу министрлигинин кызматкерлери билим берүүнү санариптештирүү тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгилешти. Платформаларды киргизүү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мектептеги процесстердин ачыктыгын камсыздоого жана республикада бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүүгө багытталган.

Түзүүчүлөр ар бир платформанын функционалдуулугун кеңири түшүндүрүп, иш жүзүндө анын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Информатика мугалимдери менен окуу бөлүм башчылары платформаларды окуу процессине интеграциялоонун айкын мисалдарын алышып, бул активдүү талкууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Семинарларда колл-борборго келип түшкөн кайрылуулар да айтылды. Эң көп кездешкен маселелердин арасынан «Күндөлүк» АИСтин жана «Санарип Кампа» платформасынын иштөөсүндөгү кыйынчылыктар белгиленди. Ошондой эле информатика мугалимдери мектеп компьютерлерин, анын ичинде «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында алынган компьютерлерди жаңыртып туруусу (обновление), мугалимдерге «Алтын казык» ноутбуктарын колдонууда практикалык жардам көрсөтүүсү зарыл экени баса белгиленди.

Талкуулардын жыйынтыгында мектептерди мындан ары колдоо боюнча бир катар практикалык чаралар аныкталды:

🔹район деңгээлинде семинарларды жана жолугушууларды өткөрүү;
🔹көп берилген суроолор боюнча видеонускамаларды даярдоо;
🔹мектеп техникасын жаңыртып туруу (обновление) боюнча колдонмо чыгаруу;
🔹компьютердик техниканын абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү.

«Санарип кампа», «Күндөлүк» санариптик платформалары жана электрондук окуу китептери мектептер, окуучулар жана ата-энелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өткөрүлгөн иш-чаралар көрсөткөндөй, билим берүү процессиндеги бардык катышуучулардын биргелешкен эмгеги гана санариптик инструменттерди ийгиликтүү киргизүүгө жана Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Санарип кампа» - окуучулар жана мугалимдер үчүн санариптик билим берүү платформасы: https://stem.edu.gov.kg/. Платформа заманбап окуу процессин уюштуруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Мугалимдер симуляторлорду, 3D моделдерди, видеосабактарды колдонуу менен интерактивдүү сабактарды өткөрүп, балдардын билимин баалоо үчүн ар кандай тестирлөө куралдарын пайдалана алышат. Окуучулар болсо өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, материалды кошумча изилдөөгө, мугалимдер жана курдаштары менен ар кандай форматта баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул окуу процессин ийкемдүү, кызыктуу жана жемиштүү кылат.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 11/09/2025

📢 Состоялись онлайн-семинары по внедрению цифровых образовательных платформ «Санарип кампа», «Күндөлүк»

9 и 10 сентября 2025 года Министерство просвещения Кыргызской Республики провело серию онлайн-семинаров для учителей информатики и завучей школ из всех регионов страны. Основной целью мероприятий стало обсуждение внедрения и эффективного использования цифровых образовательных платформ «Санарип кампа», «Күндөлүк» и электронных учебников.

Сотрудники Министерства просвещения подчеркнули, что цифровизация образования является одним из ключевых направлений развития отрасли. Внедрение платформ направлено на повышение качества обучения, обеспечение прозрачности школьных процессов и создание единого цифрового образовательного пространства в республике.
Разработчики представили подробный обзор функционала каждой платформы, показали их возможности на практике и ответили на вопросы участников. Учителя информатики и завучи получили наглядные примеры интеграции платформ в учебный процесс, что вызвало активное обсуждение и обмен опытом.

На семинарах были озвучены обращения, поступившие в колл-центр. Среди наиболее частых проблем отмечались трудности в работе АИС «Күндөлүк» и платформы «Санарип кампа». Также было подчёркнуто, что информатикам необходимо провести обновление школьных компьютеров в том числе полученные по проекту «Образование для будущего», оказать практическую помощь учителям в использовании ноутбуков «Алтын казык».

По итогам обсуждений было определено ряд практических шагов для дальнейшей поддержки школ:

🔹проведение районных встреч и семинаров;
🔹подготовка видеоинструкций по частым вопросам;
🔹выпуск пособия по обновлению школьной техники;
🔹регулярный мониторинг состояния компьютерного оборудования.

Цифровые платформы «Санарип кампа», «Күндөлүк» и электронные учебники открывают новые возможности для школ, учеников и родителей. Проведённые мероприятия показали, что только совместная работа всех участников образовательного процесса позволит успешно внедрить цифровые инструменты и повысить качество образования в Кыргызской Республике.

«Санарип кампа» — это цифровая образовательная платформа для учеников и учителей доступная по ссылке: https://stem.edu.gov.kg/. Она предоставляет широкие возможности для организации современного учебного процесса. Учителя могут проводить интерактивные уроки с использованием симуляторов, 3D-моделей, видеоуроков и применять инструменты для оценки знаний, включая различные формы тестирования. Ученики, в свою очередь, получают возможность самостоятельно проводить исследования, дополнительно изучать материал, взаимодействовать с учителями и сверстниками в разных форматах, что делает процесс обучения более гибким, интересным и продуктивным.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 08/09/2025

📢 Критерийге багытталган баалоо: билим берүүдөгү баалоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмалары жана келечеги

Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ваккер атындагы мектепте критерийге багытталган баалоо методологиясы боюнча жыйынтыктоочу семинар-практикум болуп өттү.

Семинарга райондун пилоттук мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери жана баалоо боюнча адистер катышты.

Иш чаранын максаты 2024–2025-окуу жылынын III–IV чейректеринде окуучуларда критерийдик баалоонун куралдарын жана методологиясын сыноонун жыйынтыктарын чыгаруу жана аларды практикага киргизүүнүн кийинки кадамдарын аныктоо болду.

Семинарда апробациянын негизги жетишкендиктери жана кыйынчылыктары, билим берүү стандарттарына шайкеш критерийлерди иштеп чыгуу ыкмалары талкууланды. Ошондой эле катышуучулар жаңы муундагы тапшырмаларды түзүү боюнча практикалык тажрыйба алмашылды. Бул тапшырмалар окуучулардын билим алуу натыйжаларын ар кандай компетенция деңгээлдеринде өлчөөгө багытталган.

Өзгөчө мугалимдердин кесиптик өсүүсүнүн жекече жол карталарын иштеп чыгууга жана критерийге багытталган баалоону практикага киргизүү боюнча иштерге көңүл бурулду.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар билим берүүдөгү заманбап баалоо ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын ырастаган сертификаттар менен сыйланышты.
Критерийге багытталган баалоону киргизүү Кыргызстандагы билим берүү реформаларынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Анын артыкчылыктары:

🔹бааларды коюуда ачык-айкындуулукту жана объективдүүлүктү камсыз кылат;
🔹ар бир окуучунун жекече өсүшүн байкоого жардам берет;
🔹мугалимдердин окутуу сапатын жана методикалык ишин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт;
🔹Кыргызстандагы билим берүү системасын эл аралык стандарттарга жакындатат;
🔹мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жооп берет.

Бул семинар башталгыч класстардын мугалимдеринин потенциалын чыңдоодо жана Кыргызстанда критерийге багытталган баалоо маданиятын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду. Алынган жыйынтыктар өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана практиканы мындан ары кеңейтүү үчүн негиз болот.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 08/09/2025

📢Критериальное оценивание: новые подходы и перспективы развития системы оценивания образования в Кыргызстане

В школе имени Ваккера Ысык-Атинского района Чуйской области состоялся заключительный семинар-практикум по методологию критериального оценивания в рамках проекта «Образование для будущего» Министерство просвещения КР.

В семинаре приняли участие учителя начальных классов пилотных школ района, а также специалисты по оцениванию.

Семинар был направлен на подведение итогов пилотирования инструментов и методологии критериального оценивания учащихся в III–IV четвертях 2024–2025 учебного года, а также на определение дальнейших шагов по их внедрению в практику.

В ходе работы обсуждались ключевые достижения и вызовы апробации, подходы к разработке критериев, соответствующих образовательным стандартам, а также, участники получили практический опыт по созданию заданий нового поколения, измеряющих достижение образовательных результатов на разных уровнях компетенций.

Особое внимание уделялось разработке индивидуальных дорожных карт профессионального роста учителей и их дальнейшей работе по внедрению критериального оценивания в практику.

По итогам участники получили сертификаты, подтверждающие их вклад в развитие современных подходов к оцениванию.
Внедрение критериального оценивания является ключевым направлением реформ в образовании Кыргызстана.

🔹Оно обеспечивает прозрачность и объективность выставления оценок.
🔹Помогает отслеживать индивидуальный прогресс каждого ученика.
🔹Поддерживает повышение качества преподавания и методической работы учителей.
🔹Приближает систему образования Кыргызстана к международным стандартам.
🔹Соответствует задачам государственных образовательных стандартов и стратегии развития образования.

Проведение данного семинара стало важным шагом в укреплении потенциала учителей начальных классов и развитии культуры критериального оценивания в Кыргызстане. Полученные результаты послужат основой для дальнейшего масштабирования практик и повышения качества образования в стране.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 04/09/2025

📢 Ала-Букада дагы 100дөн ашык бала кыска мөөнөттүү бакчага тартылды

2-сентярда Ала-Бука районунун Ынтымак айыл аймагындагы Р. Исаков жалпы билим берүүчү мектебинин (2 тайпа) жана Чоң-Сай башталгыч мектебинин базасында (1 тайпа) кыска мөөнөттүү бала бакча тайпалары ачылды. 3 тайпа жалпы 107 баланы кабыл алды.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Агартуу министрлиги ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында түзүлдү. Долбоор сунушталган имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, санитардык-гигиеналык шарттарды түздү. Мындан сырткары бакча үчүн керектүү болгон эмерек, килем, өнүктүрүүчү куралдар, оюнчуктар, китептер, колдонмолор жана балдар аянтчасын жеткирилип, орнотулду.

Бакчанын ачылуу аземине жергиликтүү бийлик жетекчилери, депутаттар, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долборунун алкагында Ала-Бука районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачуу пландалган. Анын 10у ачылып, мында 500дөй бала тарбияланууда. Калган эки бакчада да ремонт иштери толук аяктады. Жакынкы убакта алар да ачылат.

«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 20 миңден 40 миңге чейинки (3-5 жаштагы) бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 04/09/2025

📢 В Ала-Буке еще 100 детей зачислены в краткосрочные детские сады

2 сентября в айылном округе Ынтымак Ала-Букинского района открылись группы кратковременного пребывания на базе общеобразовательной школы имени Р. Исакова (2 группы) и начальной школы имени Чон-Сай (1 группа), с охватом 107 детей.

Дошкольные учреждения созданы в рамках проекта «Образование для будущего», реализуемого Министерством просвещения. В рамках проекта проведен капитальный ремонт зданий, обеспечены санитарно-гигиенические условия. Кроме того, в каждый детский сад доставлены и установлены игровые площадки, мебель, ковры, развивающие материалы для детей, игрушки, методические пособия для воспитателей, детские книжки.

В церемонии открытия приняли участие руководители местного самоуправления, депутаты, представители районного отдела образования и местные жители.

Стоит отметить, что в рамках проекта «Образование для будущего» в Ала-Букинском районе планируется открыть 12 краткосрочных детских садов. Из них 10 уже начали работу, где обучается около 500 детей. Ремонт в оставшихся двух садах завершен, и они будут открыты в ближайшие время.

Министерство просвещения Кыргызской Республики в рамках проектов «Образование для будущего» и «Укрепление основ обучения» создает 500 краткосрочных детских садов и 60 центров развития. Благодаря этим учреждениям от 20 до 40 тысяч детей в возрасте от 3 до 5 лет получат доступ к дошкольному образованию. Обучение в этих садах является бесплатным.

13/08/2025

«Санарип Кампа» жана «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» — Кыргызстандын билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуудагы жаңы кадамдар

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 08/08/2025

📢 «Санарип Кампа» жана «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» — Кыргызстандын билим берүүсүнүн сапатын жогорулатуудагы жаңы кадамдар

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган «Жаңылыктын жарчысы» педагогикалык форуму өтүп жатат.

Иш чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан педагогдор, мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана методисттер катышып жатат. Форумдун максаты — жаңыртылган Мамлекеттик билим берүү жана предметтик стандарттарды, инновациялык билим берүү куралдарын, окуучулардын жетишкендиктерин баалоодогу жаңы ыкмаларды жана мугалимдерди кайра даярдоо менен квалификациясын жогорулатуунун жаңыртылган форматын киргизүү шартында 2025/2026-окуу жылына педагогикалык кызматкерлерди методикалык жана уюштуруучулук жактан даярдоо.

Педагогикалык форумдун алкагында Агартуу министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан эки негизги куралды - «Санарип Кампа» санариптик платформасын жана «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструментин тааныштырды. Бул куралдар жаңы окуу жылынан тарта өлкөдөгү бардык мектептерде колдонула баштайт.

🔷 Кошумча окуу материалы катары иштелип чыккан «Санарип Кампа» санариптик билим берүү платформасы 5–11-класстардын окуучуларына арналган жана STEM сабактарын (математика, физика, биология, химия, география) камтыйт. Платформада видео сабактар, презентациялар, симуляторлор, инфографикалар жана кыргыз жана орус тилдериндеги тесттер бар. Мугалимдер платформага материалдарды жүктөй алышат, «Баалоо» системасы аркылуу тапшырмалар менен тесттерди түзө алышат, ал эми орнотулган жасалма интеллект куралдары тесттерди жана сабак пландарын автоматтык түрдө түзүүгө жардам берет. Форумдун катышуучулары платформанын окуу процессин жакшыртуу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруудагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

🔷 Мугалимдер жана методисттер үчүн окуу процессинин сапатын баалоодо, сабактарды талдоодо, окутууга инновацияларды киргизүүдөгү эффективдүү ыкма катары «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструменти сунушталды. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мугалимдердин ишин объективдүү баалоо жана өнүгүү багыттарын аныктоо үчүн бул куралды колдонууну үйрөнүштү.

Окутуунун жүрүшүндө мектеп директорлорунун орун басарлары жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери байкоонун төрт негизги багыты боюнча иштөөнү өздөштүрүштү: билим берүү чөйрөсү, классты уюштуруу, окутуу жана баалоо. Тренингге видеоматериалдар менен иштөө, көрсөткүчтөрдү коддоо, билим берүү кырдаалын талдоо жана мугалимдер үчүн конструктивдүү пикир түзүү киргизилди.

🗣 «Бул куралдар окутууну жакшыртып гана тим болбостон, окуучулар үчүн окуу процессин дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат. Платформа билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратса, окуу процессин байкоо системасы мыкты тажрыйбаларды аныктоого жана окутуу методикаларын өркүндөтүүгө көмөктөшөт», — дейт «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева.

«Санарип Кампа» жана «Билим берүү процессине байкоо жүргүзүү» куралдарын кеңири түрдө киргизүү — жаңыртылган мамлекеттик жана предметтик стандарттарды ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп, мугалимдерди колдоону, санариптик сабаттуулукту өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын бардык аймактарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууну камсыздайт.

Photos from Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү's post 08/08/2025

📢 От разработки к внедрению: «Санарип Кампа» и «Наблюдение образовательных практик» — новые шаги в улучшении качества образования Кыргызстана

В Иссык-Кульской области проходит педагогический форум «Жаңылыктын жарчысы», организованный Министерством просвещения Кыргызской Республики.

В форуме участвовали педагоги, заместители директоров школ по учебно-воспитательной работе и методисты со всех регионов Кыргызстана. Цель форума - обеспечить методическую и организационную готовность педагогических работников к новому 2025/2026 учебному году в условиях внедрения обновленных Государственного образовательного и предметных стандартов, инновационных образовательных инструментов, новых подходов в оценивании достижений обучающихся и обновленного формата переподготовки и повышения квалификации учителей.

В рамках педагогического форума Министерство просвещения Кыргызской Республики представило два ключевых инструмента, разработанных в рамках проекта «Образование для будущего»— цифровую платформу «Санарип Кампа» и инструмент «Наблюдение образовательных практик», которые с нового учебного года начнут внедряться во всех школах страны.

Цифровая образовательная платформа «Санарип Кампа», разработанная в качестве дополнительного учебного материала, предназначена для учащихся 5-11 классов и охватывает предметы STEM (математика, физика, биология, химия, география). Платформа включает видеоуроки, презентации, симуляторы, инфографики и тесты на кыргызском и русском языках. Учителя могут загружать материалы, создавать задания и тесты через систему «Баалоо», а встроенные ИИ-инструменты помогают автоматизировать создание тестов и планов уроков. Участники форума ознакомились с возможностями платформы для улучшения процесса обучения и вовлечения учеников.

Инструмент “Наблюдение образовательных практик” был представлен как эффективный инструмент для педагогов и методистов по оценке качеств образовательного процесса, анализу урока и внедрения инновации в преподавание. В ходе обучающих сессий участники узнали, как с помощью этого инструмента можно объективно оценивать работу преподавателей и выявлять зоны для развития.

В ходе обучающих сессий заместители директоров школ и методисты районных отделов образования освоили работу с четырьмя ключевыми областями наблюдения: образовательная среда, организация класса, обучение и оценивание. Тренинг включал работу с видеоматериалами, кодирование индикаторов, анализ учебных ситуаций и формирование конструктивной обратной связи для учителей.

🗣 «Эти инструменты помогут не только улучшить преподавание, но и сделать процесс обучения более доступным и эффективным для учеников. Платформа создаёт новые возможности для обучения и развития, а система наблюдения за практиками помогает выявлять лучшие практики и работать над совершенствованием методик преподавания», — отметила Мира Мыкыева, координатор по оцениванию проекта «Образование для будущего».

Масштабное внедрение «Санарип Кампа» и «Наблюдение образовательных практик» станет важным этапом в реализации обновлённых государственных и предметных стандартов, обеспечивая поддержку учителей, развитие цифровой грамотности и повышение качества образования во всех регионах Кыргызстана.

06/08/2025

📢 Пресс-конференция: Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоору

Пресс-конференциянын датасы: 2025-жылдын 8-августу
Убактысы: 9:00
Өтүүчү жери: Инновация борбору. Эркиндик бульвары, 58/а

- Долбоор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

- Жаңылыктын баш аты: Кыргызстанда жогорку билим берүүнү системалуу реформалоо башталды.
Долбоордун негизги багыттары:

Эмгек рыногунун муктаждыктарына багытталган илимий жана академиялык программаларды колдоо:

• Өзгөчө статусу бар беш ЖОЖдо Илимий жана инновациялык борборлорду (ИИБ) түзүү;
• Академиялык инновациялык фондду (АИФ) түзүү жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун илимий кызматкерлерине гранттарды берүү;
• Улуттук экономиканын приоритеттүү тармактарында университеттер аралык илимий-изилдөө жана академиялык иштерди колдоо;
• Жогорку билим берүү программаларын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.

Журналисттер үчүн жарыя: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация” долбоорун ишке киргизди.

Долбоор максаттуу университеттер аркылуу өнөр жай секторун тартуу, заманбап лабораторияларды, стартаптарды жана ЖОЖдордо илимий борборлорду түзүү аркылуу илимий изилдөөлөрдү колдоо аркылуу алдыңкы изилдөө моделин киргизүүнү пландаштырууда.

Долбоор эмгек рыногуна жооп берүү үчүн илимий-изилдөө жана жогорку билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга, университеттер, бизнес жана эл аралык академиялык коомчулуктун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аялуу топтор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Пресс-конференцияга төмөндөгүлөр катышат:
• Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович;
• "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновация" долбоорунун командасы;
• Маалыматтык технологиялар борборунун жетекчилери;
• Илим, билим жана экономика тармагындагы адистер.

Уюштуруучу: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги.

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Address

Манас проспекти 22А
Bishkek
720010