Бозжол философиялык изилдөө борбору

Бозжол философиялык изилдөө борбору Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бозжол философиялык изилдөө борбору, Education, Bishkek.

“Ак”- бул Жаратканды сыпаттаган түс, кыргыздар тергеп “Боз” деп атаган. Борборубуз түс эмес, “түшүнүк” катары айтылган маанисин колдонуп “Бозжол” деп аталат. Түшүнүк тууралуу философиялык изилдөөлөр жөнүндө баракчабыздагы жаңылыктардан кабардар болуңуз.

П. Лумумба атындагы Орусия элдер достугу университетинин  (РУДН)  философия тарыхы кафедрасы менен илимий-философиялык к...
29/09/2025

П. Лумумба атындагы Орусия элдер достугу университетинин (РУДН) философия тарыхы кафедрасы менен илимий-философиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр ийгиликтүү башталды. Бул багытта көптөгөн мазмундуу жана инновациялык иш-чаралар, семинарлар жана изилдөө долбоорлору мерчемделүүдө.

Обсуждение развития научно-философского сотрудничества с Университетом дружбы народов имени П. Лумумбы (РУДН), в том числе с кафедрой истории философии, прошло успешно. В рамках этого сотрудничества планируется проведение ряда содержательных и инновационных мероприятий, семинаров и исследовательских проектов

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов ат. мамлекеттик башкаруу академиясынын "Көрөгөч" талкуу клубу...
26/09/2025

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов ат. мамлекеттик башкаруу академиясынын "Көрөгөч" талкуу клубу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Кыргыз руханийлиги: өнүгүүнүн башаты жана келечеги” темасында конок лекциясын өткөрдү.
Лекцияны ф.и.к., борборубуздун директору С. Абдрасулов окуду.
Иш чаранын жүрүшүндө лектор кыргыз элинин руханий түшүнүгү, ар-намыс кодекси, маданияттын абалы, коомдун өнүгүшүнүн башаты, айкөлдүк, чынчылдык жана калыстык түшүнүктөрүнө кенен токтолуп өттү
Суроо-жооп форматында бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

Баарыңыздарды күтөбүз! #бозжол #жолубузбирболсун #багытыбызбирболсун
18/09/2025

Баарыңыздарды күтөбүз!

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

2025-жылдын 6-7-июлунда Ала-Тоо Эл аралык университетинде болуп өткөн “Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы маданиятта...
08/07/2025

2025-жылдын 6-7-июлунда Ала-Тоо Эл аралык университетинде болуп өткөн “Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы маданияттар аралык диалог: дипломатиянын философиясы” аттуу эл аралык илимий-философиялык конференцияга директорубуз С.Абдрасулов, илимий кызматкерибиз Г.Курбанакун кызы жана өнөктөшүбүз А.Кадыров катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен андан аркы философиялык жактан изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кызматташууга өбөлгө түзүлдү.

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

08/07/2025

2025-жылдын 6-7-июлунда Ала-Тоо Эл аралык университетинде болуп өткөн “Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы маданияттар аралык диалог: дипломатиянын философиясы” аттуу эл аралык илимий-философиялык конференциясына борборубуздун өнөктөшү Кыргызстан Эл аралык университетинин улук окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты А.Кадыров да катышты.

Төмөндө анын “Кант, биоцентризм жана кыргыз адеп-ахлагы: экологиялык дүйнө таанымдардын диалогуна карай” аталышындагы докладынан үзүндү:

📎Көрүп, бөлүшүп, ой-пикир калтырыңыз!

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

08/07/2025

2025-жылдын 6-7-июлунда Ала-Тоо Эл Аралык университетинде болуп өткөн “Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы маданияттар аралык диалог: дипломатиянын философиясы” аттуу эл аралык илимий-философиялык конференцияга борборубуздун өкүлдөрү актуалдуу темадагы макалалары менен катышып келишти.

Борборубуздун директору С.Абдрасуловдун “Кыргыз менталитетинин диалогдук табиятынын башаты” аталышындагы докладынан үзүндүнү назарыңыздарга сунабыз.

📎Көрүп, бөлүшүп, ой-пикир калтырыңыз!

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

Бозжолдо жакшы жаңылык!Директорубуз С.Абдрасуловдун “Бозжол - Бозүйдүн пирамидалык түзүлүшүндө жана Боозүйдүн жарым шар ...
01/07/2025

Бозжолдо жакшы жаңылык!
Директорубуз С.Абдрасуловдун “Бозжол - Бозүйдүн пирамидалык түзүлүшүндө жана Боозүйдүн жарым шар - сфералык ааламында адамдын бозжолу (ыйык жолу)”китебине автордук күбөлүк алды.

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

25/06/2025

«Мен бул иш-чарага өзүмдүн мурдагы студентим жана шакиртим Чолпон Жеенбекованын чакыруусу боюнча катышып жатам. Ал Ош областынын мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен ушул маанилүү, жакшы ишти демилгеледи. Бул иш тууралуу айтуу гана эмес, ушул демилгени үлгү кылып, биздин балдарыбызга өз кыргыз маданияты жана кыргыз менталитети жөнүндө руханий ойлорду бере турган, психологиялык жактан кесипкөй жардам көрсөтө алган жаңы этнолагерлерди ачуу керек. Мындай мисал биздин балдарыбыз жакынкы келечекте өлкөнү өркүндөтө турган, дени чың болгон, ошондой эле Кыргызстан деп аталган өз мекенинин максаттуу шыктандырылган атуулдары болуп чоңойгонго зор өбөлгөгө айланат!

Ошону менен бирге, этнолагердин талашсыз артыкчылыктарынын бирин өзгөчө баса белгилеп кетким келет – бул уюлдук телефондорду пайдалануусуз эс алуу: түшкү тамактанууга чейин – оюн түрүндөгү окутуулар, түшкү тамактануудан кийин – эс алуу жана көңүл ачуу.

Балдар этнолагеринин мындай күнүмдүк иш-тартибинин максаты – балдарга айлана-чөйрө менен таттуу мамиледе болууга, тыгыз баарлашууга, гаджетсиз бири-бири менен, жаратылыш менен катнаш жүргүзүүгө шарттарды түзүү», – деди Саветбек Абдрасулов.

#бозжол
#жолубузбирболсун
#багытыбызбирболсун

Address

Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 17:00
Tuesday 09:00 - 17:00
Wednesday 09:00 - 17:00
Thursday 09:00 - 17:00
Friday 09:00 - 17:00

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бозжол философиялык изилдөө борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Shortcuts

Share

Category