15/09/2025
13-сентябрда «Евразия Кей Джи» коомдук фонду журналисттер арасында футбол турнирин өткөрдү.
Турнирдин негизги максаты — эң күчтүү команданы аныктоо гана эмес, медиа өкүлдөрүн бириктирип, журналисттер жаңылыктар менен гана эмес, спорт аянтчасында да жеңиш үчүн күрөшө аларын көрсөтүү болду.
Жарышка он команда катышты: «7 канал», Sputnik, ЭлТР, УТРК, УТРК-2, «Илим билим», Маданият министрлигинин командасы, «Кабар» маалымат агенттиги, «Кыргыз спорт ТВ» жана Super.kg.
Приздик фонд 100 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөргө берилген акчалай сертификаттарды спорттук кийим-кече жана жабдууларга алмаштырууга мүмкүнчүлүк берилди. Мындан сырткары, командалык сыйлыктардан тышкары, үч жеке номинация боюнча мыктылар аныкталды: «Эң мыкты чабуулчу», «Эң мыкты коргоочу» жана «Эң мыкты дарбазачы».
Кызыктуу жана таймашка толгон оюндардын жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• 1-орун — ЭлТР (50 миң сом);
• 2-орун — Кыргыз спорт ТВ (30 миң сом);
• 3-орун — Маданият министрлиги (20 миң сом).
Ошондой эле турнирдин эң мыкты оюнчулары аныкталды:
• Эң мыкты чабуулчу — Асхат Бейшембиев («ЭлТР»);
• Эң мыкты коргоочу — Айбек Бийбосунов («Кыргыз спорт ТВ»);
• Эң мыкты дарбазачы — Усон Камчыбеков («ЭлТР»).
13 сентября ОФ "Евразия Кей Джи" организовал футбольный турнир среди журналистов.
Главная цель турнира — не только выявить сильнейших, но и объединить представителей медиа, показать, что журналисты умеют не только работать с новостями, но и бороться за победу на спортивной площадке.
На старт вышли десять команд: «7 канал», Sputnik, ЭлТР, УТРК, УТРК-2, «Илим билим», команда Минкультуры, ИА «Кабар», «Кыргыз спорт ТВ» и Super.kg.
Призовой фонд составил 100 тысяч сомов. Денежные сертификаты победители смогут обменять на спортивную экипировку. Кроме командных наград, вручались и персональные — в трёх индивидуальных номинациях: «Лучший бомбардир», «Лучший защитник» и «Лучший вратарь».
После напряжённых матчей призовые места распределились следующим образом:
- 1 место — ЭлТР (50 тыс. сомов);
- 2 место — Кыргыз спорт ТВ (30 тыс. сомов);
- 3 место — Минкультуры (20 тыс. сомов).
Также определились лучшие игроки турнира:
- Лучший бомбардир — Асхат Бейшембиев («ЭлТР»);
- Лучший защитник — Айбек Бийбосунов («Кыргыз спорт ТВ»);
- Лучший вратарь — Усон Камчыбеков («ЭлТР»).