13/05/2026
Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 1-курс студенттери Тургунбекова Айпери жана Нагызбеков Байэл “Жаңы Казахстан” улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган “КМШнын мыкты студенти” эл аралык сынагына катышып, байгелүү орунду ээлеп, I даражадагы диплом менен сыйланышты.
🟠 Бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иш-чараларга активдүү катышканы үчүн ыйгарылды.
Факультеттин деканы Самыкбаев Аман Калканович ыраазычылык кат менен сыйланды. Ошондой эле кафедра башчысы Айнура Жапарбековна жана кураторлор Базарбаева Индира Дайырбековна, Жусупова Айжамал Камаловна да ыраазычылык каттар менен сыйланышты.