12/04/2020
Абитуриенттерди кабыл алуу процедурасы университет тарабынан жыл сайын уюштурулган студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы (Манас – СТЖС) жана Кыргызстандагы ЖРТнын жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлөт.
⠀
Сынакка кимдер каттала алат? ЖРТнын жыйынтыгы боюнча (Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана көркөм өнөр факультетинде окууну каалагандарга талап кылынбайт) босого баллдан жогору алган абитуриенттер (110-дон жогору алгандар).
⠀
Сынакта Биология, Химия, Физика, Математика, География, Тарых, Тил, Адабият, Логика сабактарынан жалпы 120 суроо, чет тил сынагында 60 суроо берилет. Чет тил сынагы - Англис тили жана адабияты, Эл аралык мамилелер, Кыргызча-англисче котормочулук бөлүмүн тандаган абитуриенттер үчүн.
⠀
• Сынакка каттоо качан жана кайсы жерде жүргүзүлөт?
• Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер?
• ЖРТнын жыйынтыгы менен тапшыруу?
• Жоопторго кандайча упай берилет?
• Сынакта эң аз канча упай алуу зарыл?
• Сынактын жыйынтыктары кандайча билдирилет?
• Бөлүм тандоо жана тандоо баракчаларын тапшыруу?
• Бөлүмдөргө жайгаштыруу
⠀
Ушул сыяктуу суроолорго кененирээк маалыматты www.exams.manas.edu.kg сайтынан алыңыз!
⠀
Борбордук Азия боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктаган, дүйнөлүк заманбап окуу жай кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти болууну кимдер гана кыялданбайт. Жылына 10 миңдеген абитуриенттер кабыл алуу сынагына кирип, алардан эң мыктылары тандалып алынат. Сиз дагы, мыктылардын арасына кошулуп, кыялыңызды орундаткыңыз келсе, жакшылап даярданыңыз. "Манас" университети - мыкты студенттер үчүн!
⠀
Сизге ийгилик каалайбыз! ЖРТга биз менен даярданыңыз! ✔️kg www.apgrade.kg
⠀
#үйдөбол #уйдобол #жрт #жрт2020 #орт #жртгадаядоокурстары #жртдаярдык 🇰🇬 #жалалабад #ошо #талас #нарынкала #ыссыккол #каракол #карабалта #чолпоната #бостери #жрткурсу #жрткурс @ Bishkek, Kyrgyzstan