20/04/2026
Асманда жаңырган алгачкы кыргыз үнү
Бошумова Тлеухор Изембековна – Улуттук авиациянын эмгек сиңирген кызматкери, Кыргызстандагы алгачкы стюардессалардын бири. Жашы 80ден ашып калса да, Авиация институтунун музейин жетектеп, үзүрлүү эмгектенип келет.
Ал стюардесса болуп иштеп жүргөндө, ошол учурда Жарандык авиация башкармалыгын жетектеп турган Ишембай Абдраимовго барып, учактагы жарыялардын эмне үчүн кыргызча айтылбай жаткандыгын сурайт. Ишембай Адраимов болсо жарыяларды кыргыз тилине которуп көрүүсүн сунуштайт.
Тлеухор Бошумова теги казак болгонуна карабастан, аларды которуп чыгат. Ошондон баштап аба жолундагы жарыялар кыргыз тилинде да айтыла баштаган.
Тлеухор Бошумованын авиация тармагына кошкон салымы жана бүгүнкү күнгө чейин талыкпай эмгектенип жаткандыгы баарыбыз үчүн үлгү.