20/08/2024
ПЕДАГОГДОР СИНГАПУР ПЛАТФОРМАСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГГЕ КАТЫШУУДА
19-23-августта окуучуларды PISAга даярдоо үчүн Сингапурдун “Cerebry” платформасын колдонуу боюнча менторлорго тренинг өткөрүлүүдө.
Тренингге Кыргызстандын аймактарынан 112 мугалим катышууда.
Тренингдин расмий ачылышында КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Кыргызстандын PISAга катышуусунун маанилүүлүгүн жана эл аралык изилдөөгө ийгиликтүү катышуу үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо зарылдыгын баса белгиледи.
Биринчи күндүн негизги темалары:
1. PISAга киришүү: Программа, максаттар жана милдеттер жөнүндө жалпы маалымат берүү.
2. PISAнын негизги аспектилерин карап чыгуу.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
*Катышуучулар PISA программасы жана анын Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн мааниси жөнүндө жалпы түшүнүк алышты.
* PISAнын алкагында көйгөйлүү маселелерди жана окуучулардын жыйынтыктарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сингапурдагы билим берүү чечимдеринин алдыңкы провайдери болгон Marshall Cavendish Education Pte Ltd менен Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоого көмөктөшүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койгон.
https://edu.gov.kg/posts/3343/
***
ПЕДАГОГИ УЧАСТВУЮТ В ТРЕНИНГЕ ПО ИСПОЛЬЗОВАНИЮ СИНГАПУРСКОЙ ПЛАТФОРМЫ
С 19 по 23 августа проводится тренинг для менторов по использованию сингапурской платформы «Cerebry» для подготовки учащихся к PISA. В тренинге принимают участие 112 учителей из регионов Кыргызстана.
На официальном открытии тренинга выступила заместитель министра образования и науки КР Лира Самыкбаева. Она подчеркнула важность участия Кыргызстана в PISA и необходимость подготовки квалифицированных специалистов для успешного участия в международном исследовании.
Основные темы первого дня:
1. Введение в PISA: Представление общей информации о программе, целей и задач.
2. Рассмотрение ключевых аспектов PISA.
Результаты первого дня:
Участники получили общее представление о программе PISA и ее значении для системы образования Кыргызстана.
Обсудили проблемные вопросы и возможности улучшения результатов учащихся в рамках PISA.
Напомним, что в июне этого года Министерство образования и науки Кыргызстана и Marshall Cavendish Education Pte Ltd, ведущий поставщик образования в Сингапуре, подписали меморандум с целью содействия трансформации образования в Кыргызстане.
https://edu.gov.kg/posts/3343/
#билимсаммити
#кыргызстансингапур
#саммитобразование
#тажрыйбаалмашуу
02/06/2024