saltanat_suiunbaeva_

saltanat_suiunbaeva_

Share

подробнее бас

Photos from saltanat_suiunbaeva_'s post 14/10/2024

Корктум, Роббиме татыктуу ибадат кыла албай калышымдан.....
Сурак күнү менден жүзүн буруп коюшунан корктум.....

Photos from saltanat_suiunbaeva_'s post 26/03/2023

График менен иштөөнүн жакшы жери
✅ Бала ашыкча же кем уктап албайт.
✅ Кайсыл учурда эмне кыларыңызды так билесиз.
✅ Балаңыз да ошол нерсеге көнүп ашыкча сизди кыйнабайт.
✅ Уйкусу туура баланын баардык жактан өнүгүүсү жакшы болот.

Балалуу курбуңузга бул посту жибериңиз.

Эскертүү; графиктен 0,5-1саат айырма болушу мүмкүн

26/02/2023

Балаңыздын уйкусу начар болуп жатса бул посту окуп себеби эмнеде экенин аныктап алыңыз👇

Уйкусуздуктун 22 себеби👇
1. Оптималдаштырбоо ( кийими ынгайсыз, бөлмө ыссык ж.б.)
2. Физикалык дискамфорт (температура, тиш жаруу,ичи ооруу)

3. Апасы өзүнө камкөрбөйт. Энергиясыз
4. Энелик позициянын жоктугу. Өзүнө жоопкерчилик албоо.

5. Чарчаңкы эне. Бала муну автоматык түрдө сезет.
6. Активдүү кыймыл аздыгы.( Бала чарчабаган)
7.Узак убакыт жүрсө да, активдүү кыймыл көп кылбаган.

8. Пасивдүү кыймылдын жоктугу. Же жакшы өтпөгөндүгү.
9. Уктаптып жатканда эненин 100% көңүл бурбоосу.
10. Бала баардык уйкусун уктап алган кийинкиге же түнкүгө уйкусу жок калуу. (Баланс жоктугу)

11. Мисалы бала эрте ойгонуп алат а энеси даяр эмес.Кошумча уктатып салат
12. Ассоциация. Бала капыс ойгонуп кетсе кайра уйкусун улап кете албайт. (Чоңдор келип соска салмайынча же бешик терметмейин)
13. Ач болушу. Куну бою бала жакшы тамактанбай калса курсагы ачып уктай албайт.

14. Апасынын мээрими жетпей калуу. Эне окуса,иштесе же аз көңүл бурса да бала түнкүсүн ойгонуп мээрим издейт.
15. Кризис жана регресс таасир берет.

16. Жаңы тамак жеп баштаса же смес ичип баштаса
17. Туугандардыкына баруу же алардын үйгө келүүсү.
18. Ата -эненин же бир туугандардын урушуусу

19. Уруктуктан өтүү. Үй- бүлөсүндө уйкусу аз бар болуу
20. Уктаарда 10 мүнөт мультик көрүү 2 күн уйкусун бузушу мүмкүн.
21. Үй- бүлөдө дагы бала төрөлүүсү.

21/10/2022

Бир күн келет!

Балабыз жок бир күндү да элестете албайбыз. Бойдок кезде жөн эле жашап жүрсөк да.
Анткени сиз эми БАШКАСЫЗ, ЭНЕСИЗ, ЖАРСЫЗ.Сезимдериңиз, туйгуларыңыз башка.

Балким, балаңыз апалап жабышканан, шоктонуп үйдү чачканынан чарчап олтурасыз бирок билиңиз бул нерселер кайсыл бир убакта акыркысы болуп калат.

👶 Бир күн келет акыркы жолу эмизген күнүңүз болот.
👶 Акыркы жолу жөрмөлөйт. Бир карасаңыз өзү басып калган болот.

👶 Өзү тамактанууну каалап калат. Ал убакта сиздин жардамыңыз кереги жок болот.

Түнкүсүн сизди издеп,кучагыңызга алуусун каалайт, бул күн акыркы чогу жаткан күн болуп калат .

Колунан жетелеп жолдон өткөрөсүз. Эки күндөн кийин өзү өтүп калат.

Ар дайым сиз жуунтуп жүрсөңүз, күтүлбөгөн жерден өзү жуунусун каалап калат.

Биз эч качан билбейбиз бул күн качан болорун. Ошондуктан азыркы учурду баалайлы. Эсиңизде сактаңыз бул күндөр да өтөт жана кайра кайтып келбейт. Себеби балаңыз чоңойот өзүнчө жашоо курат . Сиз анын негизги көңүл буруусунда болбой каласыз.

Постко 👍 басып, бөлүшүп коюңуз. Көп энелер окушсун

26/09/2022
02/09/2022

Күз 🍁🍂 аба-ырайы сууктаган сайын коляскада уктап көнгөн балабыз эми кантер экен деп санаркай баштайбыз.

Эң негизгиси бала кандай абалда жакшы уктайт ошого маани бериңиз.

Кыймылдап,жылып уктаса үйдө уктатканыңыз оң.

Көп балдар таза абада, колясканын мелүүн термелүүсүндө,мемиреп уктаганды жакшы көрүшөт.

Эгер жылбай жата берсе жылуу кийинтиңиз. Басып, жөрмөлөп,олтуруп калган болсо ыңгайлуу кийинтип+одеал алып алыңыз ( уктаганда жаап койосуз)

Эскертүү; Узака сейилдеп жүрүп баланызды ашыкча уктатып албаңыз. Болбосо баланыз кийинки уйкусун уктабай койот.

Ар дайым уйку режимин сактаңыз!

А сиздин балаңыз коляскада уктайбы?

30/07/2022

Эне болуу жеңил эле 🤱

Ооба, энелик ырахаттуу кесип. Бирок, биздин энелер эне болууну ырахатын эмес кыйынчылыгын гана сезип калгандай.

- Декретте отуруп жүдөп кеттим;
- Балам түнү менен уктабайт, ыйлап чыгат;
- Стресс болуп жатам;
- Эч нерсеге жетишпейм, өзүмдү карабай калдым;
- Жолдошум менен көп урушчу болдук.

Сыяктуу маселелер ар бир жаш энеде бар. Бирок, маселенин чечими да болушу керек.

Энелердин энеликтен ырахат албай жатканына - БАЛАНЫ ҮЙРӨНБӨЙ ЖАТУУСУ себеп. Баланын табияты, психологиясы, уйкусу, өнүгүүсүн изилдеп, окуп туруу - эненин милдети. Баланы изилдебей туруп, аны тарбиялоо мүмкүнбү? Албетте жок🤷

Мага "Балам түнү менен уктабайт" деп кайрылган энелердин 99%ы БАЛАНЫН УЙКУСУ жөнүндө изилденген эмес, маалыматы жок. Бала:
• Кандай шартта;
• Кандай режимде;
• Күнүнө канча саат, канча маал укташы керектигин;
• Канча саат активдүү, канча саат пассивдүү кыймыл жасалуусу керектигин билбеген эненин БАЛАСЫ УКТАБАЙТ АЛБЕТТЕ.

🔺Биздин "Баланын уйкусу" курсубузда балдарды 10-15 мүнөттө өз алдынча уктатуу жолдору үйрөтүлөт.

Старт- 3-август. Толук маалымат алуу үчүн номер калтырыңыз 👇

suiunbaeva

30/07/2022

Баланын тынч, режим менен уктоосу энеден да балага көбүрөөк пайдалуу.

Эгер балаңыз кеч уктаса, уйкусу бир калыпта болбосо төмөнкү коркунучтар бар:

• Мээнин мококтугу. Бир ишке фокус койбой, бардык ишти чала жасаган балдар - туура эмес уйкунун "жемиши"🤷

• Унутчаактык. Иретсиз ой жүгүртүү;

• Кыжырдануу. "Жашабай жатып жинденет" дейбиз го айрым балдарды. Ошол балдардын уйкусуна көңүл буруу керек;

• Физиологиялык жактан кеч жетилүү. Бою кеч өскөн, жумушка жөндөмсүз балдар да - уйкунун азабын тарткандар☝️

Бала кеч уктаганда мелотонин гормону иштелип чыкпайт дагы, бул жогорудагы маселелерге алып келет.

Демек, баланы туура уктатуу менен анын физикалык, интеллектуалдык жактан күчтүү болушуна шарт түзөбүз 🤱

Баланын ден-соолугуна да жоопкер экенибизди унутпайлы, энелер.

А сиздин балаңыз саат канчада уктайт?

❗БАЛАНЫН УЙКУСУ курсу 3-августта старт алат. Өзүмө да, баламдын ден-соолугуна да кам көрөм деген энелер номер калтырабыз 👇

suiunbaeva

11/04/2022

Бала кеч уктаса эмне болот?

Нерв системасы 21:00дөн 01:00гө чейинки аралыкта эс алат.
Кеч уйкунун кесепетинен бала төмөнкү жагымсыздыктарга 😱 дуушар болушу мүмкүн:

- Бир нерсеге көңүл бөлүүсү оор
болот;

- Жаңы жагдайларга ыңгайлашуусу
кыйынга турат;

- Стресстик жагдайларга туруштук
бере албайт;

- Көбүнчө кыжырданган абалда
болот;

- Унутчаак болуп, иретсиз ой
жүгүртөт жана сүйлөйт;

- Бою кеч өсөт;

- Жумушка жөндөмсүз болуп калат;

- Физикалык жактан кеч жетилет;

- Нерв системасынын иштөөсү
бузулат;

Жетиштүү уктабаган балдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу бар.

Байкадыңызбы уйкуну организимге тийгизген таасирин. Балам ыйлак деп арызданган энелер көп. Балаңыздын уйку режимине көңүл бөлүп коюңуз.

08/04/2022

Күндүз жакшы уктап, а түнкүсүн ар 30-40 мүнөт сайын ойгоно бергени эмне себептен?
Андан кантип арылса болот? деген суроолор мага көп келип турат.

Көптөн бери изилдеп төмөнкү себептерин аныктап чыктык 👇

👶 Жаткан жайынын ыңгайсыздыгы; бөлмө ыссык же суук, жарык болуусу, памперси толгон.

👶 Анализ тапшыруудан коркуу; балада гемоглобин,витамин Д, фериттиндин жетишсиз болсо да уйкусу бузулат. Күмөнүңүз бар болсо дароо поликлиникага кайрылып текшертиңиз.
Эгер жетишсиз чыкса тез арада дарылаганга өтүңүз. Муну менен көп оорулардын алдын аласыз ☝️

👶Режимдин сакталбоосу; уйкусу, активдүү кыймылы жаш курагына жараша эмес. Ашыкча уктап алат же жетиштүү чарчабайт.

👶 Апасы күн ичиндеги же күндөр аралык балансты сактоону билбейт 🤷; бала ар кандай уктап, ар кандай убакта турат.

👶 Балага өз алдынча тынчтанып уктоосуна мүмкүнчүлүк бербейт 🛌 ; бир ааз кыңылдаса эле дароо жардамга келе калат 🤱

Пост пайдалуу болсо ❤️баса кетиңиз 💐

02/04/2022

БАЛАҢЫЗДЫН УЙКУСУ АЗ БОЛУП БАТ-БАТ ОЙГОНО БЕРЕБИ?

МЫНДАН ЧЫГУУ ЖОЛУ БАР!

ЭГЕРДЕ
📍Балаңызды уктатуу үчүн көп убакыт талап кылынса
📍 Түнкүсүн 3-10 жолу ойгонсо
📍Сизсиз уктабасa
📍Ар 20-30-мүнөт сайын туруп алса
📍 Өзүңүзгө кам көрүп, үй- жумштары менен алектене албасаңыз

Бир айлык курска катышып

✔️Түнкүсүн көп ойгонбогонду
✔️Бат жана узака уктатканды
✔️ Режим түзүп,уйку балансын сактаганды
✔️Горшокко бат үйрөтүүнү
✔️ Бешиктен, соскадан,упчудан чыгарганды
✔️Туура тамактандырганды
✔️ Баладагы кризис жана регрессти
✔️Ошондой эле энергия топтоонун жолдорун жана тайм-менеджменти үйрөнө аласыз

✔️ ЭҢ БАШКЫСЫ БАЛАҢЫЗ ӨЗ АЛДЫНЧА УКТАГАНГА КӨНӨТ🤩

Курска катышып;
📍Убактыңызды 🕜
📍Нервиңизди🤯,
📍Энергияңызды 🤦 үнөмдөңүз.

Баса катталуучуларга балдарга массаж жасоо сабагы белекке берилет🎁

Ушул көйгөйлөр сизде да бар болсо жана аны чечүүнү кааласаңыз номериңизди калтырыңыз?

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Telephone

Website

Address

Bishkek